ВИЦЕ-ПРЕМЬЕР-МИНИСТР ЭЛЬВИРА СУРАБАЛДИЕВАНЫН КУТТУКТООСУ

  • 13.11.2020
  • 0

Урматтуу окумуштуулар, илим чөйрөсүндө эмгектенген кызматкерлер!

Сиздерди Кыргызстанда салттуу түрдө белгиленип келе жаткан Илим күнү — кесиптик майрамыңыздар менен чын жүрөгүмдөн куттуктайм!

Мамлекеттин туруктуу өнүгүүсүндө социалдык-экономикалык абалы, элинин маданий деңгээли, андагы илим менен билимдин абалы өзгөчө мааниге ээ. Ошондуктан өнүгүүнү көздөгөн мамлекеттин негизги багыттарынын бири бул натыйжалуу инновациялык чөйрөнү түзүү, перспективдүү изилдөөлөрдү жүргүзүп, таланттуу окумуштууларды колдоо. Илим бул улуттук ресурс катары өлкөнүн экономикалык өнүгүүсүнүн негизги башаты болуп саналат.

Бүгүнкү күндө татаал шартта Кыргызстанда илимди сактап калган, Улуттук илимдер академиясынын, жогорку окуу жайлардын жана тармактык илимий мекемелердин кызматкерлерине сый-урмат көрсөтүлүшү керек. Бардык илимий коомчулукка – академиктерге, илимдин докторлору менен кандидаттарына, аспиранттарга жана илимий мекемелердин кызматкерлерине жасаган эмгектериңиздер, тандаган ишиңиздерге берилген мамилеңиздер үчүн жана чыгармачыл эмгегиӊиздер үчүн чын ниеттен ыраазылыгымды билдирем!

Учурда Кыргызстанда чоң өзгөрүүлөр болуп жатат. Өлкөнүн алдында саясий-экономикалык өзгөрүүлөр, азык-түлүк коопсуздугу, экология, суу-энергетикалык ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу, минералдык ресурстардын жаңы кендерин таап, аларды өздөштүрүү, медицинада жана айыл чарбасында биотехнологияны өнүктүрүү сыяктуу олуттуу иштер бар. Ушул багыттарда биз илимпоздордон конкреттүү долбоорлорду, биргелешип иштөө үчүн жигердүүлүктү, жаштарды илимге тартууну күтөбүз.

Албетте, мамлекеттин негизги милдети илимий кызматкерлерибиздин ишмердүүлүгүнө жакшы шарттарды түзүп берүү болуп саналат. Өз кезегинде мамлекет фундаменталдык жана колдонмо илимдин кадыр-баркын көтөрүү үчүн бардыгын жасап, илимий чөйрөнүн, илимдин жана коомдун ортосундагы байланышты бекемдөө менен бирге илимий-инновациялык саясатты жолго коюшу зарыл. Жаш адистерге колдоо көрсөтүүнү мындан нары да күчөтүү керек. Алардын таланты, жаштык жигери өлкөгө кызмат кылышы керек. Тарыхка кайрылып көрсөк, мамлекетибиз калыптанып жаткан мезгилде Жусуп Абдрахманов, Ишеналы Арабаев, Касым Тыныстанов, Искак Раззаков сыяктуу коомдук-саясий ишмерлер илим-билимге өзгөчө көңүл бөлүшкөн. Улуу инсандардын жолу, мамлекет үчүн өтөгөн зор эмгеги биз үчүн үлгү болушу керек.

Албетте, кайтарымдуу натыйжаларды жаратуу үчүн илим жетиштүү каражатты талап кылат. Өлкөбүз көз карандысыздыкка ээ болгондон бери бул тармакка каражат өтө аз бөлүнүп келгени барыбызга белгилүү. Ушундай шартта, өлкөбүздүн илимий коомчулугу, анын көч башында Улуттук илимдер академиясынын кызматкерлери бардык кыйынчылыктарга чыдап, берилген тапшырмаларды аткарып, өлкөнүн илимий деңгээлин түшүрбөй сактап келди. Мындан ары, илимге болгон мамилени кескин өзгөртүп, өзгөчө илимий-техникалык базаны чыңдоого жана жаш кадрларды даярдоо маселелерине көңүл бурууга мезгил жетти. Өлкөбүздө жаш окумуштуулардын да саны өсүүдө, республика боюнча учурда 35 жашка чейинки 212 жаш илимий кызматкер активдүү эмгектенип жатышат.

Эгер биз илимге болгон мамилени өзгөртүп, аны бизнести, өндүрүштү инновациялык жол менен өнүктүрүүнүн негизги фактору катары карай турган болсок, ата мекендик илимдин статусу өзгөрөт деп ойлойм. Илимпоздор өздөрүнүн жеке кызыкчылыгы үчүн эмес, көкүрөгүндөгү терең ишеними менен тынбай эмгектенип, жаңы тарыхты жаратып жатат десек болот. Акыркы жылдардын жыйынтыгы көрсөткөндөй илим бир жерде туруп калган жок, жаңылыктарды жаратуу менен мамлекеттик буйрутмалар аткарылууда. Коронавирус каптаган оор мезгилде окумуштууларыбыз региондорго жардам берип, өз салымдарын кошту. Мисалга алсак

— УИА Биотехнология институтунун кызматкерлери пандемия башталгандан бери ПЦР анализдерди кабыл алып турушту;

— УИА кызматкерлери акча-каражаттарын чогултуп Нарын, Ысык-Кол, Чуй, Жалал-Абад жана Ош облустарындагы райондук ФАПтарга коронавирус оорусуна чалдыкан жарандарга керектелүүчү дарылардын 10 чакты түрүн, миңдеген шприцтер жана УИАнын машина таануу жана автоматика институту чыгарган тамызмага штативдер, ошондой эле люминесцент лампалар менен камсыз кылышты;

— Жылдын башынан бери УИА — коронавирус илдетин жайылтпоо максатында жана ага каршы вакцина жөнүндө жана коронавирустун экономикага болгон таасири боюнча 3 бюллетень чыгарды.

Сөзүмдүн акырында өлкөбүздүн бардык окумуштууларын, илимий кызматкерлерди Илим күнү менен куттуктайм. Өлкөбүздүн гүлдөп өнүгүүсү үчүн жигердүү илимий-изилдөөлөрдүн натыйжалуу болушун каалайм.

Сиздерге бекем ден соолук, жаңы илимий ачылыштарды каалайм!

 

Бөлүшүү

Комментарийлер