Виктор Козодай ОшМУга келди

  • 12.12.2023
  • 0

Орус окумуштуусу, тарых илимдеринин доктору, профессор, «Сибирь кыргыздарынын беги Эренек»  китебинин автору Виктор Козодай Ош мамлекеттик университетинин ректору Кудайберди Кожобеков менен жолукту.

Виктор Козодай ОшМУга келди

Жолугушууда Виктор Козодай өзүнүн жүргүзүп жаткан  илимий изилдөө иштери, китептери тууралуу айтып, ОшМУнун Евразиялык билим берүү мейкиндигиндеги университеттердин алдыңкы үчтүгүнө кириши менен куттуктады. Окуу жайга «Сибирь кыргыздарынын беги Эренек»  аттуу китебин белекке берди.

Ректор Кудайберди Кожобеков окумуштуунун китебинин таанытымы Ош шаарында ийгиликтүү өткөндүгүн белгилди. Андан сырткары, университеттин QS рейтингине кирүүгө карата жасап жаткан аракеттери тууралуу айтып, илимий изилдөөлөр багытта тарых  жана социалдык иштер факультети менен кызматташуу сунушун билдирди. Бул сунушту кабыл алган Виктор Козодай мындан ары илимий изилдөө иштеринде кызматташып, биргелешкен конференцияларды, конок лекцияларды өткөрүүгө аракеттер көрүлөрүн белгиледи.

Окумуштуу тарых жана социалдык иштер факультетинде билим алган студенттерге, окутуучуларга “Сибирь кыргыздарынын беги Эренек” жөнүндө конок лекциясын өттү.

Бөлүшүү

Комментарийлер