“VIA MELODY” ЭСТРАДАЛЫК АНСАМБЛИНЕН ЖАНДУУ КОНЦЕРТ

  • 21.02.2023
  • 0

“VIA MELODY” ЭСТРАДАЛЫК АНСАМБЛИНЕН ЖАНДУУ КОНЦЕРТ

ОшМУнун искусство факультетинин окутуучуларынан жана студенттеринен куралган “VIA melody” эстрадалык ансамблинин тушоо кесүү концерти өттү. Аталган топтун жетекчилери элдик музыкалык аспаптарда аткаруу жана ырдоо кафедрасынын окутуучулары Нагима Куттубаева жана Ханзаада Каримовалар.

Тушоо кесүү концерти 23-февраль – Ата мекенди коргоочулар күнүнүн урматына уюштурулуп, ага окуу жайдын окуу иштери боюнча проректору Замирбек Божонов, дистанттык билим берүү технологиялар менен иштөө боюнча проректору Таасилкан Жумабаева, студенттик коомчулук менен иштөө боюнча проректору Жылдыз Артыкова баштаган окуу профессордук окутуучулук курамы,  студенттер катышты.

Концерттин жүрүшүндө жандуу үн, жандуу музыканын коштоосундагы улуттук, заманбап ырлар жаңырып, көрүүчүлөрдүн алкышына арзыды.  ОшМУнун  окуу иштери боюнча проректору Замирбек Божонов “VIA melody” эстрадалык ансамблине чыгармачылык эргүү каалап, окуу жайдын ыраазычылык катын, дипломун жана акчалай сыйлыгын тапшырды.

Ч.К., “Кут Билим”

 

Бөлүшүү

Комментарийлер