Венгрияда окуу үчүн Stipendium Hungaricum программасына конкурстук тандоо башталды
- 09.12.2024
- 0
2025-2026-окуу жылына Венгриянын жогорку окуу жайларына конкурстук тандоо башталды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги кабарлады. Жыл сайын Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн венгр же англис тилинде Венгриянын жогорку окуу жайларында окуу үчүн гранттар бөлүнүп берилет.
Талапкерлер 2025-жылдын 15-январына саат 14:00гө чейин (Борбордук Европа убактысы боюнча) https://apply.stipendiumhungaricum.hu онлайн-системасында катталып, формаларды толтурушу, ошондой эле бардык талап кылынган документтерди жүктөшү зарыл. Ошондой эле, 2025-жылдын 15-январына саат 18.00гө чейин (Бишкек убактысы боюнча) https://bilim.gov.kg онлайн-системасында катталып, бардык талап кылынган документтерди жана сүрөттү жүктөө керек.
Венгриянын университеттери, программалары жана каттоо тартиби тууралуу маалыматты бул жерден жүктөп алууга болот.
Комментарийлер