ВАУЧЕРДИК БИЛИМ-АБИТУРИЕНТ ҮЧҮН МҮМКҮНДҮК
- 28.07.2025
- 0
Ваучердик система менен окутууга республика боюнча 1876 квота бөлүнсө, анын 400ү И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетине берилген. Окуу жайдын потенциалы жана даярдыгы ваучердик системанын ийгиликтүү ишке ашышына бекем негиз боло аларын окуу жайдын ректору Айгүл Абдраева белгиледи.
Ректордун айтымында, ваучердик системага 1-турда 117 абитуриент окууну тастыктады. Айрым абитуриенттер жана алардын ата-энелери бул системаны жакшы өздөштүрө албай калгандыктан, 1-турга чейин катталуу этабын өткөрүп жиберип, катыша албай калышкан. Ал эми катталгандардын басымдуу бөлүгү филологиялык билим берүү багытын тандашып, башка багыттар бош калган. 2-турда мындай жагдайлар өз ордуна келип, абитуриенттер да, алардын ата-энелери да кыйла жоопкерчиликтүү мамиле кылгандыгы байкалды. Ваучердик система боюнча билим алууга 122 абитуриент катталып, 80и кабыл алууга сунушталды.

— Педагогикалык багыттагы адистерди даярдаган 80 жылдык бай тарыхы бар жана билим берүү тармагында тажрыйбалуу түптүү жогорку окуу жайларынын бири катары ваучердик негизде окууга кабыл алуу
системасын толук колдоп, бүгүнкү күндө активдүү иш жүзүндө колдонуп жатат. Биздин окуу жай өзүнүн бай
тарыхында ар тараптуу, эл аралык кызматташтыктан тартып, студенттердин санынын өсүшүнө чейин өнүгүүнүн үстүндө иш алып барууда. Окуу жайдын түптөлгөндөн тартып негизги максаты- коомго сапаттуу,
замандын талабына шайкеш келген кадрларды даярдап берүү. Ал эми ваучердик система биздин максатыбыз
болгон сапаттын дагы бир мүмкүнчүлүгүн тартуулап отурат. Биздин И.Арабаев атындагы КМУнун потен-
циалы жана даярдыгы — бул системанын ийгиликтүү ишке ашышына бекем негиз боло алат, — дейт ректор.
Айгүл Абдраева кайсы тармак болбосун киргизилип жаткан ар бир жаңылык колдонуучулар тарабынан кооптонууну пайда кыларын, бирок, бул механизм студентке тандоо мүмкүнчүлүгүн берип, билим берүү
мекемелери ортосундагы сапатка негизделген атаандаштыкты күчөтөрүн белгиледи. Ошондой эле ваучердик системаны жогорку окуу жайлардагы билим берүүнү демократиялаштыруучу, жеткиликтүү жана
натыйжалуу кылуучу реалдуу механизм деп эсептейт.
— Ваучердик система педагогикалык багыттарга татыктуу студенттердин кабыл алынышына чоң көмөкчү болууда, анткени баарыбызга белгилүү болгондой, коомдун келечеги – билимдүү муунда турат, билимдүү муунду тарбиялап өстүрүү — кесипкөй педагогдордун колунда эмеспи. Биздин университетте учурда сапаттуу билим берүү үчүн жогорку квалификациялуу профессордук-окутуучулар курамы, жетишерлик материалдык –техникалык база менен заманбап шарттар камсыз кылынган. Бизди тандаган ар бир студенттин өсүп-өнүгүүсүнө салым кошууга даярбыз, — деп билдирди Айгүл Абдраева.
МУГАЛИМ БОЛУУНУ КААЛАГАН ЭРКЕК БАЛДАР АЗ
Педагогикалык багыттагы окууну тандаган абитуриенттердин арасында кыздар басымдуулук кылат. Бирок Кутман Жолдошбек уулунун көксөгөн кесиби – мугалим. Ал Нарын районуна караштуу М.Кенжакунов атындагы орто мектебинин бүтүрүүчүсү. КМУнун тарых жана социалдык педагогика багытын тандады. Ал ваучердик система бүтүрүүчүлөргө жардамы чоң экендигин баса белгилеп, мамлекет үчүн он жыл иштесе дагы аздык кыларын кошумчалады.

— Мугалим болуу балалык кыялым. Бул кесипти тандоомо биология сабагынан берген Бактыгүл эжейимдин таасири зор. Себеби ал сабак өтүп жатканда жашоо жарылып атабы же башкасы болобу, такыр кызыктырчу эмес. Эжейимдин жүрүм-туруму, сабак бергени, түшүндүргөнү жан дүйнөдөн өтүп турчу эле. Ошондой эле «Жашоо сүртүмдөрү» түрк сериалындагы Кенен агайдын ролу: окуучуларына жасаган мамилеси, карым-катнашы, окуучулары үчүн күйгөнү, өз балдарындай көргөнү да мени кызыктырган. Мугалимдик ата-энемдин да кыялы эле. Буйруса, университетте жакшы окуп, кесибимди ийгиликтүү алып кетүүмө ишенем,- дейт абитуриент.
Кутман мектепте парламент мүчөсү катары үч жыл иштеп, мектеп маданият министри, президенти да болууга жетишкен. Мектептеги иш-чараларга активдүү катышып, район, облустук деңгээлдеги «Акыл Ордо» таймашын да уюштуруп келген. Мектептин ашканасына аралашып калган бүтүрүүчү дал ушул тармак келечектеги кесиби экендигин анык түшүнгөн жана билим берүүгө өз салымын кошууну каалайт. 2025-жылдагы «Кыргызстандын эң мыкты окуучусу» сынагына катышып, 2-даражадагы диплом жана медаль менен сыйланган.
МУГАЛИМДЕРДИН ДИНАСТИЯСЫН УЛАНТКАН МЫРЗАЙЫМ
Каракол шаарындагы №11 жалпы билим берүү мектебинин бүтүрүүчүсү Мырзайым Сексенова да ваучердик программа аркылуу окууну тандады. Мырзайым Сексенова мектепти кызыл аттестат менен аяктап, тилекке каршы, алтын сертификат алууга тиешелүү балл топтой албай калган. Бүтүрүүчү кичинекей кезинен мугалим болууну каалайт. Муну билген бир тууган эжеси ваучердик система тууралуу угуп, катышып көрүүнү сунуштаган. Ошондо www.2020.edu.gov.kg сайтына кирип, ваучер тууралуу маалымат алган соң көп ойлонбой катталган.

— Сайтта ваучер тууралуу кыска видео бар экен. Андан мамлекет сен үчүн каражат бөлүп берерин, өзүң каалаган жеке менчик же мамлекеттик ЖОЖду тандаарыңды, окууну аяктагандан кийин төлөм акыны иш жүзүндө кайтарып берериңди билдим. Буга чейин ваучердик программа тууралуу кабарым жок эле. Бул программа мага жакты. Өзгөчө баласын окутууга мүмкүнчүлүгү жетпеген үй-бүлөлөргө жакшы жардам болот. Себеби каражаттын жетишсиздигинен айрым бүтүрүүчүлөр билим алуудан баш тартууга мажбур болушат. Мамлекеттин бул колдоосу билимдүү жаштардын чыгуусуна өбөлгө болот, — дейт.
Мырзайым Сексенованын апасы, таене, таятасы, таежеси –мугалимдик кесиптин ээлери. Мугалимдик кесипке болгон сүйүүсү алардын ишмердүүлүгүн көрүүдөн ойгонгон.
— Мен кичинекей кезимден таенем жана таежемдин колунда өстүм. Алардын окуучуларга үзүлүп сабак берип жатканын, жумушуна жоопкерчиликтүү мамиле жасап, жакшы көрөрүн көрүп чоңойдум. Башка балдар таенем менен таежемди мактап, “эң сонун мугалимдер” дегени мага абдан жагымдуу болчу. Алардын эмгегин ата-энелери да баалаганына ушунчалык сыймыктанчумун. Ушундан уламбы, мага да бирөөгө билим берген, жаңы маалымат менен бөлүшкөн абдан жагат. Мен берген маалымат аларга пайдасын тийгизсе, өзүмчө толкунданам. Билим – келечектин негизи деп билем, ошондуктан педагогикалык багытты тандадым, — дейт абитуриент.
Ал мектепте алдыңкы окуучу гана болбостон, мыкты тарбиясы, жүрүм-туруму менен мугалимдеринин эсинде калган бүтүрүүчү. Бош убагында англис тилин өздөштүрүүгө кызыгат, ошондой эле спорттун воллейбол түрү менен машыгып келет.
Айгерим ТОКТОБАЕВА,
«Кут Билим»
Комментарийлер