ВАУЧЕР: КМУну 117 АБИТУРИЕНТ ТАНДАДЫ
- 21.07.2025
- 0
Ваучердик система менен окутууга республика боюнча 1876 квота бөлүнсө, анын 400ү Кыргыз мамлекеттик университетине берилген. Кабыл алуунун биринчи турунда бул система боюнча 117абитуриент кабыл алынып, 283 квотага конкурс жүрүүдө.

Кыргыз мамлекеттик университетинин кабыл алуу комиссиясынын жооптуу катчысы Кадырбек Ачекеевдин айтымында, абитуриенттердин басымдуу бөлүгү филология жана чет тилдер адистигин тандашкан.

Ошондой эле 1-турда ваучердик системаны түшүнбөгөн абитуриенттердин көп болгону байкалып, окуу жайдын адистери абитуриент жана алардын жакындарына маалымат берүүгө аракеттенген. Ваучердик окутууга ЖОЖдорго кабыл алуу башталганга чейин эле катталуу керектигин көпчүлүгү билбей калган.
Ал эми контракттык негиздеги окууга 1232 абитуриент катталып, анын 820сы окуусун тастыктады.

Мугалим болууну каалаган эркек балдар аз
КМУда педагогикалык багыттагы окууну ваучердик система боюнча тандаган абитуриенттердин арасында кыздар басымдуулук кылат. Бул кесипти тандаган эркек балдардын бири — Нарын районуна караштуу Марат Кенжакунов атындагы орто мектебинин бүтүрүүчүсү Кутман Жолдошбек уулу. Мугалим болуу анын көптөн берки көксөгөн кесиби.
- Мугалим болууну бала кезимден кыялданам. Бул ата-энемдин да кыялы эле. Университетте жакшы окуп, кесибимди ийгиликтүү алып кетүүмө ишенем. Мектепте парламент мүчөсү катары үч жыл иштеп, мектеп маданияты, президенти да болгом. Мектептеги иш-чараларга активдүү катышып, район, облустук деңгээлдеги «Акыл Ордо» таймашын да уюштуруп келгем. 2025-жылдагы «Кыргызстандын эң мыкты окуучусу» сынагына катышып, 2-даражадагы диплом жана орден менен сыйландым, — деген абитуриент ваучердик системанын бүтүрүүчүлөргө жардамы чоң экендигин баса белгиледи.
Айгерим Токтобаева, «Кут БИЛИМ»






Комментарийлер