УСУЛДУК БИРИКМЕЛЕР ЖАРЫШТЫ

  • 16.11.2023
  • 0

Аксы районундагы билим берүү уюмдарында дүйнөлүк жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына карата ар түрдүү иш-чаралар өткөрүлүп келүүдө.

УСУЛДУК БИРИКМЕЛЕР ЖАРЫШТЫ

Буга Надыр Мамбетов атындагы орто мектебинде өткөн «Айтматовдун ааламы сабактарда» деп аталган сынак мисал боло алат. Анда мугалимдер көрсөтмө куралдарды жасоо боюнча жарышты. Бул сынакка ар бир мугалим, ар бир усулдук бирикме активдүү катышты. Көрсөтмө куралдардын өзгөчөлүгүнө, ыңгайлуулугуна, эстетикалык жактан талапка жооп берерлигине көңүл бурулду. Көргөзмө куралдар көрүүчүлөрдүн купулуна толду. Жыйынтыгында, 1-орунга кыргыз тили жана адабияты усулдук бирикмеси, 2-орунга башталгыч класстар усулдук бирикмеси, 3-орунга так илимдер усулдук бирикмеси ээ болду. Ошондой эле мыкты көрсөтмө куралдарды жасаган мугалимдерге да мектептин Ардак грамоталары тапшырылды.

Узен АТАКАНОВ, Аксы району

Бөлүшүү

Комментарийлер