УСУЛЧУЛАР БААЛООНУН ИНСТРУМЕНТТЕРИН ЖАНА МЕТОДОЛОГИЯСЫН КОЛДОНУУ БОЮНЧА ТРЕНИНГДЕН ӨТҮШТҮ

  • 14.08.2024
  • 0

Билим берүү жана илим министрлиги  Дүйнөлүк банктын каржылык колдоосу менен ишке ашырып жаткан “Келечек үчүн билим берүү” долбоорунун алкагында райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн усулчулары башталгыч класстарда критерийге багытталган баалоонун инструменттерин жана методологиясын колдонуу боюнча тренингден өтүп жатышат.

УСУЛЧУЛАР БААЛООНУН ИНСТРУМЕНТТЕРИН ЖАНА МЕТОДОЛОГИЯСЫН КОЛДОНУУ БОЮНЧА ТРЕНИНГДЕН ӨТҮШТҮУСУЛЧУЛАР БААЛООНУН ИНСТРУМЕНТТЕРИН ЖАНА МЕТОДОЛОГИЯСЫН КОЛДОНУУ БОЮНЧА ТРЕНИНГДЕН ӨТҮШТҮ

Дүйнөлүк банктын долбоорлорун ишке ашыруу жана координациялоо бөлүмүнүн маалыматына таянсак, мындай окутуу 6-7-августта Ош шаарында уюштурулса (Ош шаары, Ош, Баткен, Жалал-Абад облустары үчүн), 13-14-августта Бишкек шаарында өттү (Бишкек шаары, Чүй, Талас, Нарын, Ысык-Көл облустары үчүн).

— Окутууда усулчулар билим берүү стандарттары жана башталгыч мектептердеги билимди баалоо системасы менен тереңирээк таанышып, критерийлерге багытталган баалоону колдонуу боюнча билим алышты. Катышуучулар үчүн Математика, Эне тил, Мен жана дүйнө предметтери боюнча баалоо критерийлерин жана тапшырмаларын иштеп чыгуунун методологиясы тууралуу практикалык иштер өткөрүлдү. Топтук иштин катышуучулары окуу китептеринин тапшырмаларын билим берүү стандарттарына жана компетенттүүлүк деңгээлине ылайыкташтыруунун үстүндө иштешти. Теориялык жана практикалык иштин натыйжасында усулчулар баалоонун натыйжалары менен мындан аркы ишти аныкташып жана баалоонун жыйынтыгы боюнча мугалимдин иш-аракеттерин тууралоо киргизишти, — деп жазылат маалыматта.

Критерийге багытталган баалоо — бул так иштелип чыккан критерийлердин негизинде окуучунун реалдуу жетишкендиги менен күтүлгөн натыйжаларды салыштыруу процесси.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер