УСТАТЫМ  ЖӨНҮНДӨ УЧКАЙ КЕП

  • 25.04.2018
  • 0

Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов «Мугалим – өлкөнүн улуу күчү, анын  руханий потенциялы. Аны биздин турмушубузда өтө көп нерселер аныктап турат: билимдердин, маданияттын, потриоттуулуктун булагы, балдардын аң-сезими мугалимдин сөзү жана күн сайын көргөн камкордугунун натыйжасында уялайт. Демек, мугалимдин сөзү – этикалык, эстетикалык, логикалык жана адептүүлүк, педагогикалык, нормативдик, предметтик маалыматтуулугу менен айырмаланып, менталитеттик этномаданий тарбия берүү менен коштолууга тийиш», — деп, мындан бир канча жыл мурда эле өз коңгуроосун кагып, өлкөбүздү өнүктүрүүнүн башкы булагы  мугалимдик кесип экендигин так, таасын көрсөтүп айтып кеткен.

Кайсы бир өлкөгө кол салгың келсе, ошол өлкөнүн жаштарынан өз элинин тарыхын сура, эгер жакшы билбесе ал өлкөнүн куралдуу күчтөрү канчалык кыйын болбосун багындыруу оңой, эгер жаштары өз тарыхын кыйын билсе ал өлкөнүн куралдуу күчтөрү аз болгондугуна карабастан аны багындыруу кыйын деп улуу даанышман аталарыбыз айтып кеткендей эле, Ата Журтубуздун келечеги эртеңки жаштарда, келечек муунда, аларды татыктуу тарбиялоодогу мугалимдердин кесипкөйлүгүндө эмеспи.

Демек, “Улуулуктун кадырын улуу тоого чыккандар гана билет” деген кыргызда жакшы кеп бар.  Ушул улуу кесипти аркалоодон баш тартпай, өрнөктүү иши менен өз заманына салым кошуп, келечек муун үчүн күндүр-түндүр талыкпай иштеп келе жаткан устатым  жөнүндө жалпы республикага дагы бир ирет  далилдүү жар салгым келип турат.

Ушундай оомалуу-төкмөлүү заманда, бардыгы өзү үчүн жашоонун камында жүргөн мезгилде улуу журттун уюткусун ойлоп, «Тур журтум, ойгон элим, мен жасабасам, сен жасабасаң, анда мындай жаңыланууларды ким жасайт» деген изги ой, аруу тилек менен Ош шаардык билим берүү башкармалыгында үч жылдан бери үзүрлүү эмгектенип келе жаткан Раманов Кумарбек агайды  кандай алкаса да жарашат, аны “бүгүнкү күндүн Дүйшөнү” деп көкүрөк кагып мактанып айта алам. Себеби агай Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын босогосун аттагандан бери, шаарыбыздагы билим берүү тармагында бир топ көзгө көрүнө турган иштер жасалып, аны сокур болсо да көзү менен көрүп, дүлөй болсо да кулагы менен угуп турган чагы. Билим берүү тармагында жасалып жаткан бул бурулуштар республикалык деңгээлде колдоого, алкоого алсак болчудай.  Себеби эң көп орун алмашпай иштеп, жаңылануу менен алек болбогон тармактардын бири катары бүгүнкү күндө коомчулукта мамлекеттик билим берүү мекемелери экендиги байма-бай талкууланууда. Мына ушундай чакта мугалимдер, окуучулар арасындагы ар түрдүү сынактардын болушу, мектептердин бири-бири менен билим деңгээлинин салыштыруулары Ош шаарында көп жылдан бери бир ордунда  иштеп жаткан бир канча мектеп, бала бакча жетекчилерин капыстан уйкудан ойготкондой даражага алып келди. Муну атайын фактылар менен тизмектеп далилдегим келип  турат.

2017-2018-окуу жылындагы январь жана август айындагы усулдук окууда дээрлик Ош шаарындагы бардык мектеп мугалимдери бирдиктүү «Күнбарак мерчемине» (календардык план) өтүү тууралуу чечим кабыл алынып, бүгүнкү күндө толугу менен иш жүзүнө ашырылды. Алдыңкы педагогикалык тажрыйбаларды жайылтуу боюнча өткөн жылдан тарта алдыңкы мугалимдердин сабактары «ЭлТР» МТРКсынын «Илим жана билим» каналы аркылуу чагылдырылып, республиканын булуң бурчуна жайылтылып жатат.

Ош шаарындагы предметтик олимпиадалардын  шаардык баскычы үчүнчү ирет толук кандуу электрондук түрдө уюштурулуусу – ата-энелердин, окуткан мугалимдердин, катышкан окуучунун билим берүү тармагындагы күнгөй-тескей пикирлерге толугу менен бөгөт коё алды. Ал эми олимпиаданын республикалык баскычында Ош шаары 1-орундар боюнча 1-орунду камсыз кылды. Бул да болсо 3 жылдан берки өтүп жаткан электрондук олимпиаданын, ошондой эле олимпиадалык топтор менен жаңыча ыкмада иштөөнүн жемиши десек аша чапкандык болбос.

«Жылдын мыкты мугалими  — 2017»  сынагынын шаардык баскычынын баш байгесинин ээсине унаа тапшыруу Ош шаарында 4 жылдан бери салтка айланып, мугалимдердин кесиптик ишине болгон кызыгууну жаратып келе жатат. Аталган сынакка катышуучу мугалимдерди мыкты даярдоонун натыйжасында Ош шаарынын атынан катышкан Айжан Абдувапова республикалык баскычта баш байгени багындырды.

Кумарбек Рамановдун демилгеси Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын усулчулары менен биргеликте иш жүзүнө ашып, аткарылып келе жаткан «Усулдук кербен» аталышындагы долбоорунун алкагында шаардагы мектептерде окутулган ар бир предмет боюнча усулдук-маалыматтык базалар электрондук вариантта (120 ГБтан ашуун) усулчулар тарабынан чогултулуп, мектептерге таратылды. Андан сырткары ар бир мугалимге сабактын анализи боюнча маалымат кенен берилип, жаңы технологияларды пайдалануу боюнча усулдук жардам көрсөтүлүп заманбап техника менен иштөөгө үйрөтүүчү бир канча окуу курстары менен сүйлөшүп каалоочу бир канча мугалимдер жаш өзгөчөлүгүнө карабай билимдерин тереңдетишти. Айрыкча, мугалимдерге замандын талабы болгон тест түзүү жана тестке анализ жүргүзүү боюнча семинарлар өтүлдү. Башкармалыктын усулчуларынын жардамы менен мектептерибиз китептердин электрондук  базасын түзүүгө жетишти.  Жыйынтыктап  айтканда, бул «Усулдук кербен» учурунда  алдыңкы, мыкты деп табылган иш тажрыйбалар ошол эле заматта интернет аркылуу башка миңдеген  мугалимдерге жайылтылып турду.  Бул уюштурулган  «Усулдук  кербен»  иш чарасы усулдук жардам берип гана калбай, шаардык мектептер арасында тажрыйба алмашуу, жакындан таанышып, техниканын жардамы менен тыгыз байланышта иштөөсүнө чыйыр салды.

Бүгүнкү күндүн орчундуу проблемаларынын бири ата-энелерди мектепке тартуу, алар менен биргеликте иш алып баруу болуп эсептелет. Мындан 3 жыл мурда башталган «Ата-энелер  мектеби» долбоору бүгүнкү күндө шаарыбыздагы мектептерде ишке ашып, анын натыйжалары байкалууда. Аталган мектеп боюнча өзгөчөлөнгөн демилгелер менен иш алып барып жаткан мектептердин тажрыйбасы өткөн 2017-жылдын соңунда уюштурулган «Атам, апам жана мен» өңдүү сынактар аркылуу башка мектептерге жайылтылды. Бүгүнкү күндө бул мектепке шаардагы ата-энелер, айрыкча жаш үй-бүлөлөр тартылып, ата-энелердин ишеничи бир топко оң жагына бурулуп, мектепке жакындашуусуна шарттар түзүлдү.

«Анимация — 2017» сынагынын өткөрүлгөндүгү, окуучуларды мекенин сүйүүгө, өлкөбүздүн маданиятын жайылтууга үндөө жана жаңы технологияларды өздөштүрүүсүнө багыттоо аркылуу балдарда патриоттук жана улуттук аң сезимди калыптандыруу, жарандуулукка жана чыдамкайлыкка тарбиялоодо. Сынак 7-11-класстардын окуучуларынын арасында жүргүзүлүп, натыйжада окуучулардын анимация менен менен иштөөгө болгон кызыгуулары артты.

БАЖСКО (5-, 6-, 7-, 8-класстардын олимпиадасы) Ош шаарындагы мектептердин 5-6-7-8-класстардагы окуучуларынын тесттер менен иштөө көндүмдөрүн калыптандыруу, алардын мониторингин жүргүзүү, ошондой эле олимпиадалык топтордун даярдыгын күчөтүү максатында предметтик олимпиада шаардык деңгээлде өткөрүлдү. Бул да болсо келечектеги жогорку класстар арасында өтүүчү олимпиадаларга даяр команданын болушун шарттады.

«АКЫЛТАЙ» (Рубиктин кубиги) сынагы шаардык мектептер арасында өткөрүлдү. Мындай сынактардын өтүшү — окуучулардын убактысын пайдалуу нерселер менен өткөрүүгө багытталгандыгы,  бир аз да болсо кылмыш дүйнөсүнөн арылууга үндөөдө. Эске сала кетсек кубик менен иштөө боюнча шаардык деңгээлдеги кароо-сынак Ош шаарында алгач ирет уюштурулуп, ЖМК аркылуу чагылдырылгандыгы коомчулуктун көңүлүн өзүнө бурду.

Жаш мугалимдерди билим берүү мекемелерине тартуу максатында Кумарбек агайыбыздын уюштуруусу, Жогорку Кеңештин депутаты Абдывахап Нурбаевдин  демөөрчүлүгү менен Ош шаарында  «Жаш мугалим — 2018» сынагы шаарыбызда биринчи жолу өтүп жаткандыгы бир топ жаштардын өз кесиби менен иштөөгө болгон кызыгуусун арттырат деген терең ишенимде турамын.   Сынактын жобосуна ылайык бул сынакка стажы 3 жылдан ашпаган жаш мугалимдер катышып, учурда 7 катышуучу финалдык баскычына даярдык көрүүдө. Май айында өтүүчү финалдык баскычка даярдык көрүп жаткан мугалимдер үчүн жаңыча ыкма болгон социалдык сеттер аркылуу добуш берүү да уюштурулду. Учурда сынак соцтармактарда да кызуу талкууну жаратууда. Катышуучу катары мени да бир топ толкундоого алып келди.

Бүгүнкү күндө Ош шаарындагы билим берүү мекемелеринде жалпы 3 миңден ашуун мугалим иштейт. Мына ошол кесиптештерибиздин предметтик компетенттүүлүгүн жогорулатуу, эң мыкты предметтик мугалимдерди табуу жана алардын тажрыйбаларын жайылтуу максатында 2017-2018-жылдары, эки жыл бою март айынын соңку күндөрү мугалимдердин диагностикалык аттестациясы, кыскартып айтканда МДА уюштурулду. МДАны өткөрүүнүн дагы бир башкы негизги максаттары – билим берүүнү өнүктүрүүдө атаандаштыкты жаратуу менен мугалимдердин чыгармачылыкта иштөөсүнө стимул берүү, шаарыбыздагы предметтик мугалимдердин ортосунда чыгармачылык байланышты күчөтүү, алдыңкы мугалимдерди олимпиадалык резервдеги вакансияларга тартуу, ошондой эле жыйынтыгында мыкты предметтик мугалимдерди  ар тараптан камкордукка жана колдоого алууда.  Темир деле иштетилбесе дат баскан сыңары эле, мугалимдик кесип да дат басып кетпеш үчүн бүгүнкү күндөгү өткөрүлгөн МДА мектептерде эмес, жадакалса ЖОЖдор да өткөрүлүүгө тийиш деп ойлойм. Себеби бул учурда мугалим өзүнүн үстүнөн өзү эмгектенип, бир аз да болсо изденүүнүн чыйыр жолуна түшөт экен.

Агайдын сунушу менен Ош шаарындагы башталгыч класстардын окуучуларынын арасында да олимпиада, башкача айткана ТКО (төртүнчү класстардын олимпиадасы) уюштурулду. Мындагы 4-класстын окуучуларынын олимпиадасынын мектептик баскычында алдыңкы орунду ээлеген 3төн окуучу (шаар боюнча жалпы 159 окуучу) үстүбүздөгү жылдын 3-апрель күнү өткөн олимпиаданын шаардык баскычына катышышты. Ош шаарында экинчи ирет уюштурулган бул олимпиаданын жыйынтыгы быйыл да электрондук ыкмада жеринде чыгарылып, алдыңкы орунду алган окуучулар баалуу белектер менен сыйланды.

Жаңыча түшүнүктөрдү пайда кылган саамалыктардын дагы бирөө, башкача айтканда дагы бир кыскартылган сөз — ОДС (окуучулардын диагностикалык сынагы). Ош шаарындагы мектептердин билим сапатын аныктоо, окуучулардын сапаттуу билим алуусунда атаандаштыкты жаратуу, мектеп окуучуларынын тест менен иштөө көндүмдөрүн калыптандыруу жана жогорулатуу максатында шаарыбыздагы мектептердин (о. э. каалоочу менчик мектептердин) окуучулары үчүн диагностикалык сынак апрель айынын 24-26-апрель күндөрү уюштурулуп, өткөрүлдү. 7-10-класстардын окуучуларынын билим сапатын көрсөткөн бул иш чаранын жыйынтыгында мектептердин рейтинги аныкталды. Бул сынакты уюштурууга көмөкчү болгон ыктыярчылардын да бейтарап жактан тартылышы, электрондук ыкмада текшерилиши башка региондорго да жайылтылса ата-эне, мугалим, окуучулар үчүн да чынчылдыктын бир ишенимин мамлекеттик билим  берүү тармагына кайрып берет деп ишенимдүү айтат элем.

Демек, “Жакшыны далилдөө керек,  эң жакшыга эч кандай  далилдөөнүн кереги жок” деген элибизде жакшы сөз бар эмеспи.  Ошондуктан Раманов Кумарбек агайдын иштерине дагы ийгилик каалап,  билим берүүдөгү мол тажрыйбасы өз кезинде, учурунда бааланып, мамлекттик деңгээлде колдоого алынып,  өлкөбүздүн булуң-бурчуна жайылып, ар дайым ден соолугу  чың болуп, келечек үчүн билим берүү тармагында  дагы далай жаңыланууларды иш жүзүнө ашыра берсин деп гана алкагыбыз келет.

Нургүл Тайырбек кызы, Ош шаарындагы XXIV Партсъезд атындагы

№27 мектептин кыргыз тили жана адабияты мугалими

Бөлүшүү

Комментарийлер