USAIDДИН «ОКУУ КЕРЕМЕТ!» ДОЛБООРУ 17 000ДЕН АШУУН МУГАЛИМДЕР МЕНЕН КИТЕПКАНАЧЫЛАРДЫ ОКУТУУДА

  • 06.04.2021
  • 0

2021-жылдын январынан тартып USAIDдин «Окуу керемет!» долбоору долбоордун 1687 максаттык мектептеринин мугалимдери үчүн беш модулдан (“Башталгыч мектепте дифференциацияланган окутууну колдонуу”, “Предмет менен тилди интеграциялап окутуу”, “Башталгыч мектепте балдар китебин пайдалануу”, “Башталгыч мектептеги чыгармачыл жазуу”, “Башталыч мектептеги күн сайын жазуу”) турган тренингдер сериясын баштады.

USAIDДИН «ОКУУ КЕРЕМЕТ!» ДОЛБООРУ 17 000ДЕН АШУУН МУГАЛИМДЕР МЕНЕН КИТЕПКАНАЧЫЛАРДЫ ОКУТУУДА

Бул квалификацияны жогорулатуу программасы экспертизадан өтүп, Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо республикалык институтунун Окуу-методикалык бирикмеси тарабынан 72 саат көлөмүндө бекитилген (2020-жылдын 14-октябрында), анын ичинде тренингдер жана мектептердин базасындагы сессиялар аралык практикум камтылган. Мугалимдер окуу аяктаганда институттун жана долбоордун биргелешкен сертификатын алышат.

Окутуу программасы дифференциацияланган ыкманы (баланын деңгээлине жараша окутуу) колдонуу менен кенже класстардын окуучуларынын арасында окуу, окуганын түшүнүү, чыгармачыл жана күн сайын жазуу көндүмдөрүн жакшыртууга багытталат. Мугалимдер жана администраторлор сабактарга формалык жактан баа берүү жана байкоо жүргүзүү үчүн электрондук тиркемелерди колдонууну да үйрөнүшөт.

USAIDдин «Окуу керемет!» долбоору 2020 жылы кол коюлган Билим берүү жана илим министрлиги менен USAIDдин ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдун негизинде ишке ашырылат жана математиканы окуп, түшүнүү көндүмдөрүн өнүктүрүүгө багытталган башталгыч класстардын мугалимдеринин квалификациясын жогорулатуу программаларын ишке ашырууда Билим берүү жана илим министрлигинин өнөктөшү болуп саналат.

USAIDДИН «ОКУУ КЕРЕМЕТ!» ДОЛБООРУ 17 000ДЕН АШУУН МУГАЛИМДЕР МЕНЕН КИТЕПКАНАЧЫЛАРДЫ ОКУТУУДА

Билим берүү жана илим министрлигинин буйругуна  (2021-жылдын 14-январындагы № 20/1 буйругу) ылайык тренингдер быйылкы жылдын аягына чейин Moodle платформасынын базасында, ошондой эле Zoom платформасын пайдалануу менен дистанттык форматта өткөрүлөт. Модулдардын материалдары кагазга басылган түрдө мугалимдердин колдонуусу үчүн долбоордун бардык максаттык мектептерине өткөрүлүп берилди.

Учурда дистанттык билим берүү системасында 17 миңден ашуун мугалимдер жана мектеп китепканачылары каттоодон өтүп, окуп жатышат. Бул – өлкөдөгү педагогикалык кызматкерлерди аралыктан окууга тартуунун эң жогорку көрсөткүчү. Бүгүнкү күнгө чейин 14 миңге жакын мугалим биринчи модуль боюнча жыйынтык тестти ийгиликтүү тапшырды, окуу жылынын аягына чейин алар дагы эки модулду бүтүрүүгө тийиш.

Кийинки окуу жылында ошол эле мектептердин мугалимдери күндүзгү режимде окуу боюнча тренингдерде окушат жана (математика боюнча) квалификацияны жогорулатуунун жаңы программасы боюнча окуй башташат.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер