USAIDДИН “ОКУУ КЕРЕМЕТ!” ДОЛБООРУ 1686 МЕКТЕПТИН МУГАЛИМДЕРИНЕ УСУЛДУК КОЛДОО КӨРСӨТҮҮ БОЮНЧА ОКУТАТ

  • 31.10.2022
  • 0

2022-жылдын 1-3-ноябрында USAIDдин “Окуу керемет!” долбоору Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен кызматташтыкта 3500 максаттуу мектептердин директорлору, башталгыч класстар боюнча окуу бөлүмүнүн башчылары, мектептин усулдук бирикмелеринин жетекчилери, райББ/шаарББ жетекчилери жана методисттери үчүн башталгыч класстардын мугалимдерине натыйжалуу усулдук колдоо көрсөтүү боюнча “Мугалимдерге усулдук колдоо көрсөтүүнү уюштуруу” атуу 3 күндүк семинар-тренинг өткөрөт.

USAIDДИН “ОКУУ КЕРЕМЕТ!” ДОЛБООРУ 1686 МЕКТЕПТИН МУГАЛИМДЕРИНЕ УСУЛДУК КОЛДОО КӨРСӨТҮҮ БОЮНЧА ОКУТАТ

Бул окутуу билим берүүнү башкаруу тармагында райондук жана шаардык деңгээлдердеги жетекчилердин, мектеп директорлорунун жана окуу бөлүм башчыларынын маалымдуулугун жогорулатуу жана усулдук ишке тартылышын күчөтүү жана долбоордун натыйжалары билим берүү тутумунда туруктуу орношу үчүн жүргүзүлөт.

Тренингдин катышуучулары математика боюнча башталгыч класстардын мугалимдеринин квалификациясын жогорулатуу программасы жана бардык деңгээлдерде усулдук колдоону уюштуруу боюнча жаңы ыкмалар менен таанышышат.

USAIDДИН “ОКУУ КЕРЕМЕТ!” ДОЛБООРУ 1686 МЕКТЕПТИН МУГАЛИМДЕРИНЕ УСУЛДУК КОЛДОО КӨРСӨТҮҮ БОЮНЧА ОКУТАТ

Буга чейин башталгыч класстардын мугалимдерине усулдук колдоо көрсөтүү максатында USAIDдин “Окуу керемет!” долбоору калыптандыруучу баалоо жүргүзүү үчүн BaalooApp тиркемесин жана сабакка байкоо жүргүзүү боюнча SabakApp тиркемесин иштеп чыккан. Бул тиркемелерди бүгүнкү күндө мектеп мугалимдери, окуу бөлүм башчылары жана РайББ/ШаарББ методисттери колдонуп келет. Семинар-тренингге катышкандан кийин катышуучулар жогоруда аталган тиркемелерди колдонуунун артыкчылыктары, ошондой эле башталгыч класстардын окуучуларынын негизги окуу жана математикалык көндүмдөрүн жакшыртууга багытталган окутуу стратегиялары менен тереңирээк таанышышат.

USAIDдин «Окуу керемет!» долбоору Кыргыз Республикасында башталгыч класстарда окуган 300 000 окуучунун окуу жана математика боюнча жетишкендиктерин жогорулатууга багытталган. Долбоор Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте 1 686 максаттуу мектепте ишке ашырылууда.

Бөлүшүү

Комментарийлер