УНИВЕРСИАДА: БАСКЕТБОЛДОН КЫЗДАР АРАСЫНДА КИМДЕР ЖЕҢДИ?

  • 04.04.2024
  • 0

УНИВЕРСИАДА: БАСКЕТБОЛДОН КЫЗДАР АРАСЫНДА КИМДЕР ЖЕҢДИ?Бишкекте  Жогорку, окуу жайлар арасында өтүп жаткан республикалык чемпионаттын алкагында баскетбол боюнча кыз-келиндер арасында мелдештин жеңүүчүлөрү аныкталды. Баш байге үчүн атаандашуулар курч мүнөздө өттү.

Жеңүүчүлөр төмөнкү командалар болду:

Биринчи орунду Кыргыз – Түрк “Манас” университетинин командасы жеңип алды. Команданын курамында Исакова Айтурган, Өмүралиева Айзада, Токушева Акмарал, Абдыкарова Айдай, Хайдарова Нилуфар, Дженышбекова Аяна, Алия Нургазы, Абылкасымова Алия, Азиза Бектур кызы, Кубанычбекова Чолпон, Сатыкулов Гулбурак, Турдукулова Аида ойноп, чеберчилиги менен таанылып, алтын медалдардын ээлери болушту.

УНИВЕРСИАДА: БАСКЕТБОЛДОН КЫЗДАР АРАСЫНДА КИМДЕР ЖЕҢДИ?Экинчи орунду И. Раззаков атындагы Кыргыз Мамлекеттик техникалык университетинин командасы камсыз кылды.

Бул жогорку окуу жайдын  намысын Абдурахманова Дурдана, Бондарева Алеся, Струкалина Анастасия, Халибекова Селим, Маманова Баянсулуу, Мирошникова Надежда, Махмудова Руфина, Эсенбаева Нурия, Кенжебаева Аиза, Алмазбекова Нурзада, Оспанбаева Мээрим, Садабаева Камила коргоп, күмүш байгелүү болушту.

УНИВЕРСИАДА: БАСКЕТБОЛДОН КЫЗДАР АРАСЫНДА КИМДЕР ЖЕҢДИ?Байгелүү үчүнчү орун  Б. Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетинин командасына ыйгарылды. Команданын курам: Калдибаева Алина, Темирова Камила, Федотова Кристина, Женишбек кызы Мээрим, Маматова Аделина, Абдуллаева Самира, Мырзакожоева Сабина, Тё Диана, Акматова Айзирек, Кудаярова Сезим, Лецкая Елизавета, Гробова Милена.

УНИВЕРСИАДА: БАСКЕТБОЛДОН КЫЗДАР АРАСЫНДА КИМДЕР ЖЕҢДИ?Эске салсак, 25-март күнү Жогорку окуу жайлардын арасында спорттун 16 түрү боюнча өлкө чемпионаты башталган. Оюндар Бишкек жана Ош шаарларынын окуу жайларынын спорттук базаларында өтүүдө. Мелдештер 28-апрелге уланат.

Кабыл Макешов, “Кут Билим”УНИВЕРСИАДА: БАСКЕТБОЛДОН КЫЗДАР АРАСЫНДА КИМДЕР ЖЕҢДИ?УНИВЕРСИАДА: БАСКЕТБОЛДОН КЫЗДАР АРАСЫНДА КИМДЕР ЖЕҢДИ?

Бөлүшүү

Комментарийлер