УНААДА КЫЗДЫ ЗОРДУКТООГО АРАКЕТ КЫЛГАН МУРДАГЫ ЧИНОВНИК ҮЙ КАМАГЫНА ЧЫКТЫ

  • 14.07.2023
  • 0

Бишкек ШИИБдин жанынан авто унаада кызды зордуктоого аракет кылган мурдагы чиновник үй камагына чыкты. Бул тууралуу адвокат Замир Жоошев билдирди.

Үстүбүздөгү жылдын 24-июнда кызды зордуктоого аракет кылган адам кармалган. Анын видеосу тарап, анда авто унаада эркек киши менен кыздын алышып жатканын, бир маалда кыз качып чыгып, артынан шымы шыпытырлган адам чыкканын көрүүгө болот.

Ал эми аны кармап, колун кайрып жерге жаткырган бейтааныш киши шымынын курун тагынган.

Шектүү жаратылыш министрлигинин мурдагы кызматкери экен да айтылган.

Бөлүшүү

Комментарийлер