УЛУУ ЖЕҢИШКЕ АРНАЛДЫ

  • 28.02.2025
  • 0

Аксы районундагы М.Токтоболотов атындагы балдарга билим берүү борборунда Улуу Жеңиштин  80 жылдыгына карата «Жоокер ыры» аттуу сынак болуп өттү.

УЛУУ ЖЕҢИШКЕ АРНАЛДЫ

Бул тарбиялык иш-чара Улуу Ата Мекендик согуштун  баатырларынын эрдигин унутпай, улуу тарыхты эсте сактап, жаш муундардын жарандык көз карашын, туулган жерине болгон сүйүүсүн калыптандыруу максатында уюштурулду.

Патриоттук темадагы  ыр сынакта мектеп окуучулары мекен, согуш темасына арналган ырлардан аткарышты. Жаш сүрөтчүлөр болсо, «Карегимде мекеним» деген темада сүрөт тартышты.

Узен АТАКАНОВ, Аксы району

Бөлүшүү

Комментарийлер