УЛУУ МУРАСТАН УЛАНГАН ОЙЛОР

  • 27.04.2023
  • 0

Биз, кыргыздар, Азиядагы эң байыркы элбиз деп төш каккандан тажабайбыз да, ошол эле  учурда байыркы элибиздин өз алдынча маданияты, адабияты, өз ишеними, дүйнөгө карата өз көз карашы болгон дегенден азыр деле жаа бою качабыз. Өзүбүздүн элдик салт-санаабызды, нарк-насилибизди коңулга түртүп коюп, өзгөнүн биздин кыртышыбызга туура келбеген  көрүнүштөрүн өзүбүзгө таңуулаганга машбыз. Ушундай  олдоксон кадамдарыбыз менен дүйнөлүк маданиятка, адабиятка жетишип жатабыз дейбиз, ошого корстонбуз…

УЛУУ МУРАСТАН УЛАНГАН ОЙЛОР

 Тобоо дебеске аргаң жок:- кайсы элдин маданиятын, адабиятын, музыкасын дүйнөлүк деңгээлде дейбиз? Ал деңгээлди кимдер аныктаган? Дүйнөлүк деген деңгээлди кандай ченем менен такташыбыз  керек? Бөтөн элдердин салт-санаасын,  маданиятын, каада-салтын ар кандай атайын иш-чаралар аркылуу элибизге өзүбүз зордоп таңуулаганча – ушул багыттардагы өзүбүздүн элдик маданиятыбызды, адабиятыбызды, нарк-насилибизди, салт-санаабызды өз бийиктигине көтөрбөйбүзбү, жайылтпайбызбы?! Ар бир элдин  нарк-насили, салт-санаасы, үрп-адаты, маданияты, илим-билими – өзүнүн тарыхый өнүгүүсүндө жетишкен улуттук бийиктиги. Аны кайсы элдики менен алмаштыргыбыз келип жатат. Бул өз улуттук маданиятыбызды, нарк-насилибизди тангандык эмеспи?!..

Мынчалык түбү түпкүрдөгү элдин сөзсүз өз улуттук маданияты, өздүк ишеними, а түгүл өзүнүн адабияты болгону да талаш жаратпай турган маселе деп ойлойм. Мен  кыргыз жазма адабиятынын алгачкы түптөөчүсү Жусуп Баласагын бабабыз, анын даңктуу чыгармасы “Куттуу билим” дастаны  экенинен күмөн санабайм. Келерки, 2024-жылы Жусуп бабабыз жараткан “Куттуу билим” дастанынын жазылганына 955 жыл болот. Бул он кылымда оролгон Кут эмегенде эмине?! Эмне деген дата, эмне деген Улуулук!

Бабабыздын чыгармасын которууда менин алдымда эки жол турду:-биринчиси: — азыркы кыргыз окурманына жакындатуу максатында чыгарманы ийкемдүү жалпак тилге салып, окуганга оңойлотуп, бүгүнкү окурмандардын табитин көздөп, жаңы ыргак, жаңы үн берип, жаңы боек кошуп жеңил-желпи секетпайдын ыргагына салып которуу;-  экинчиси – биздин кыргыз окурмандарына которулчу чыгарманын алгачкы ыргагын бузбай, өз добушу, өз боегу менен жеткириш керек эле. Бул кыргыз эли, кыргыз адабияты  үчүн чыныгы дөөлөт, чоң олжо да болмок.

Мындан алты-жети жыл мурун Жусуп Баласагын бабабыздын төрөлгөндүгүнүн 1000 жылдыгы республикабызда эл аралык деңгээлде кеңири белгиленген. “2016-жыл Жусуп Баласагын жылы” деп  бүткүл түрк дүйнөсү ушул датаны тааныды. Бул эми талаш жаратпашы керек. “Даяр аштын кардары көп” деген чын экен, ошол мааракеден кийин кыргыз окурмандары, айрым адабиятчы-тарыхчы окумуштууларыбыз да бабабыздын чыгармасына көбүрөөк көңүл буруп башташты. Аталышын баланчадай, тиги сөзүн мындайча которсо болмок дегендей пикирлер да айтылып жатат. Бул жакшы көрүнүш мени кубандырат, демек, окурмандар бабабыздын чыгармасын окуп башташыптыр.

Эми ошол айрым окумуштуулардын, окурмандардын ортосунда  көптөн бери талаш жаратып келаткан бир катар жагдайларга  токтоло кетели. Алгачында…

КАРА-БУУРА ХАНДАР ТУУРАСЫНДА 

         Бабабыз Жусуп Баласагын 52-жашында баштаган “Куттуу билим” насааттама-дастанын 18 ай ичинде жазып бүтүп, “Алдында Паддышанын окуйт аны, Ал тавгач Кара-Буура хандар-ханы” деген ханга тапшырып жатпайбы. Ушул Кара-Буура хан дегенди өзүбүздүн эле кыргыз тарыхчы-окумуштууларыбыз чечмелешип (муну чечмелөөнүн канчалык кажети бар эле же кимдер чечмелеп бер деп кыйнап жатты болду экен дейм да?) -“кара” деген “чоң”, “буура” деген “күчтүү”-деген тыянакты таңуулашат. Бул ойдон чыгарылган таңуулоо, элибиздин колдо багылган малдарга карата уй, жылкы, төөлөрдү “кара мал”, кой-эчкилерди “майда жандыктар” деген түшүнүгүн орунсуз колдонуп алганга окшоп турат. А түгүл, “Буура деген – миңбашы”, “тайлак деген – жүзбашы” деген окумуштуулар да чыкты. Эмнеликтен маселени башка багытка буруп жаткандарына түшүнө албайм. Же Кара-Буура хандардын кайсы жерлик экенин ачык айтуудан качып жатабызбы? Окумуштуу С. Григорьев хандыктын чоңдугу же күчтүүлүгү туурасында эмес – Кара-Буура хандардын 919-жылдан – 1212-жылга чейинки 300 жылга созулган мураскерлиги туурасында “Карахандар” (“Караханиды”) деп айтып жатпайбы. Ойлонолучу, ушул талаш жарата турган маселеби?..

Тарых  тастыктаган  маалыматтарда Таразды ордо кылып, азыркы Кыргызстандын, Кашкар менен Какшаалдын аймактарын кошуп бийлеп турган Уулча Кадыр хан   893-жылы Согдулук Ысмайыл Акматка жеңилип, Меркеге  чейинки жерлерди душманына калтырып, ордосун Кашкарга көчүрүп кетет.  Тараз үчүн   кармашта  каза болгон  иниси Базархандын уулу жети жашар Сатылганды Кашкарга ала кетет. Ал ордодо жыйырма беш жыл тарбияланып, 919-920-жылдары Сатылган (илимий адабияттарда Сатук хан делинет) агасы Кадыр хандан бийликти алып, анын уулдары менен  небере-чөбөрөлөрү Орто Азиядагы бийлигин 1212-жылга чейин уланткан. Бул бийлик кылган хандын мураскерлигинин кайсы жерликтигин билдирген түшүнүк. Жусуп Баласагын бабабыз өзү да чыгармасында: “Алдында Падышанын окуйт аны, Ал тавгач Кара-Буура хандар-ханы” деп так айтып жатпайбы. Кийин Кара-Буура хандардын акыркы мураскери Арстан Кылыч 1212-ж. Мухаммед шах тарабынан өлтүрүлгөн соң, бардык аймак Хорезм шахтарга өтүп, аны Чыңгыз хан талкалап, андан соң Кара-Буура хан наамы учурабайт.

Байыртадан бери эле хандардын, акындардын, башка белгилүү адамдардын ысымдарына туулган жерин кошуп  айтуу салт болгон. Көптөгөн илимий-тарыхый адабияттардан Махмуд Газневи, Исмаил Самани, Баязит Османи, Жусуп Баласагын, Махмуд Кашкари, Александр Невский, Олег Киевский, Султан-Гирей Крымский деген ысымдарды жакшы билебиз. Александр Македонскийдин ысымынын жаралышы да төрөлгөн жеринин аталышынан эмеспи. Кара-Буура хан деген аталыш – Кара-Буура хандардын төрөлгөн жеринин аталышынан чыкканы да талаш жаратпашы керек. Өзгөгө келгенде өйдө карай албай, өзүбүзгө келгенде керсейе калмайыбызды токтотууга убакыт келди…

Же “Элик” деген терминди алалы: чет элдик тарыхчы –  окумуштуулар муну уйгур тилине жабыштырып, Кара-Буура хандарды “илик” хандар деш керек, кичине эле аймактын ханы дегенчелик, бүтүндөй Орто Азияны 300 жыл бийлеген хандыкты басмырлаган туюм  берип жатканын кантип танабыз?.. Бул термин кыргыздын эле “Ээлик” (орусчасы “Владыка”) деген орундуу сөзү – араб алфавитинде созулма үндүүнү эки тамга менен жазбайт. Ошондуктан, крилицага түшүргөндө бир тамга менен берилип калган.

ЧЫГАРМАНЫН АТАЛЫШЫ ТУУРАСЫНДА

Кийинки мезгилдерде чыгарманын “Куттуу билим” деген аталышын “Куттуу бийлик”, а түгүл “Куттуу бийлик билими” деп таңуулоочулар да чыга калып жүрөт. Бийлик “адилеттүү”, “мыйзамдуу”, “күчтүү”, “залим”, “акыйкаттуу” ж. б. болушу мүмкүн. Аларга айтаарым: Жусуп бабабыздын заманында “бийлик” деген түшүнүк дээрлик болгон эмес, ошон үчүн Жусуп бабабыз “Атаң бек болчу, сен да бексиң”, “Бектигиң адил, ак мыйзам менен бекем болот” деп жатпайбы. Адилеттик, мыйзамдуулук, билимдүүлүк гана бийликке кут алып келиши ыктымал. Ошон үчүн Жусуп бабабыз билимди биринчи орунга коюп, окуу менен билимге атайын өзүнчө баптарды (главаларды) арнап, ар бир главада, ар кандай кесиптер, ар кандай кызмат орундары туурасында сөз болгондо да бабабыз бардык жерде билим алуу керектиги туурасында үзгүлтүксүз кеп  козгоп, ошого чакырып жатпайбы. Кыябы келип турган соң бабабыздын окуу, билимдүү болуу туурасындагы айрым көөнө ойлорунан да мисалдарды келтире кетели. Бабабыз Жусуп Баласагын бул туурасындагы ойлорун өзүнчө бир бапка (главага) бириктирген. Аны башынан келтирели:

“Айткым келди, о акылман, сөз жайын, Окуу, билим пайдасынан баштайын. Окуу-түндө алдыңдагы шам чырак, Билим алсаң маңдай ачык жаркырап.-деп   бабабыз алгач билим менен окуунун маанисин эскертип өтөт да, анан окурмандарын Сиз менен Бизди билим алууга үндөйт, тынбай окууга чакырат. Билим менен окууну айкалыштырган киши эч качан кем болбой турганын билдирет: “Кимде-ким окуй билсе – акыл табат, А кимдер билим алса – бектик алат”- дейт бабабыз.

Эң накыл сөз. Мына, көрсө билим түбөлүктүү, билимдүү болгон киши дөөлөттүү, куттуу болот турбайбы, алган билимиң сенин ажырагыс энчиң экен да – Жусуп бабабыз биздин мээбизге кыттай чөгөрүп жаткан ушул акылын биз кантип эсибизден чыгарабыз? Чынында эле билимдүү киши күчтүү киши да – анын күчү билегинде эмес — билиминде да. Ошондуктан кыргыздар тээ мурун да, азыр деле: “Билеги күчтүү-бирди жыгат, билими күчтүү-миңди жыгат”-дешип, билимди алдыга коюп келатышат.

Бабабыз дагы эскертет: “Билимсизге төрдөн орун тийсе эгер, Анда ал төр ирегеге тең делээр. А билимдүү ирегеде калса эгер,  Анда ал жер төр экен деп биле бер. Билимине жараша да сый-урмат, Ага төр да иреге да жарашат!”.

Эми, айрым кепжебестердин оюн ээрчип – чыгармадагы “билим” деген жерлердин баарын кайрадан “бийлик” деп оңдоп чыгалыбы?.. Анда бабабыздын чыгармасын дээрлик кайра жазып чыгуу керек болот го. Мындай ой кайсы “акылмандын” башына келди дейм да?!

Ушул терминди айрым тилчи-журналист жарандарыбыз ыңгайлаштырып кыскартып, “Кутбилим” деп да жүрүшөт, ойлонолучу – “Кутбилим” болсо – негизги басым “кутка”  түшүп, “куттуу болсоң – билимдү болосуң”, “куттун өзү билим” дегендей түшүнүк болуп жатпайбы. Ал эми “куттуу билимде” басым “билимге” түшүп, “билимдүү болсоң – кут да болот, бакыт да келет, бектик да тийет” деген да. Бабабыз өзү да чыгармасын “Кут адгу билиг” атап, билимдүү болсоң кут аласың деп жатат го.   Мен алгачында  чыгарманын аталышын үндөшүнө, маанисине карата “Кут алчу билим” деп алган элем. Китептин биринчи чыгышына баш сөз жазган  Кыргыз Эл жазуучусу, Кыргыз Эл Баатыры, академик атабыз Түгөлбай Сыдыкбековдун сунушу менен кийинки басылыштарында “Куттуу билим” аталышын кабылдагам. Орус котормочусу да “Благодатное знание” деп туура баамдагандыгын баса белгилеп кетким келет.

Эми Жусуп Баласагын бабабыздын төрөлгөн (азыр ким болсо да, кимге болсо да “төрөлгөн” деген сөздүн ордуна “туулган” деген сөздү колдонууну туруктуу өнөкөт кылып алдык, мал тууйт, аял төрөйт да – биз эмне малга айланып калдыкпы?) шаары “Кут-Ордо” дегенди карап көрөлү: айрымдар муну “Күз-Ордо” а түгүл кайсы бир элдин түшүнүгүн келтирип “тескейдеги шаар” (биздин өзүбүздүн сөзүбүз кашкайып көрсөтүп турса да, кимдер буларды башка бир тилдерден окшош сөздү издегиле деп кыйнап жатат болду экен) дегендер да чыгып жатат. Алгачында мен дагы “Күз-Өрдөө” деп алган элем. Кийин өзүбек туугандар крилицага түшүргөн, кытайдагы уйгур туугандар латын алфавитине түшүргөн түпнуска менен таанышып, экөөңдө тең “Кут урды” делинип жүрөт, ошондуктан “Кут-Ордо” дегенге токтолгом. Жусуп Баласагын бабабыз да чыгармасын бекеринен “Куттуу билим” атабаса керек.

ЧЫГАРМАНЫН АВТОРУНУН АТАЛЫШЫ ЖАНА АНДАГЫ КААРМАНДАРДЫН ЫСЫМДАРЫ ТУУРАСЫНДА

Жусуп бабабыздын өзүнүн жана анын чыгармасындагы каармандардын ысымдарына да токтоло кетели: азыр ысымдар китепте кандай жазылса ошол бойдон калтыруу керек деген окумуштуулар да чыга калып жатат. Кыргызча кыйкырып турган Күнтууду, Айтолду, Акдилмиш, Өткүрмүш деген ысымдарды чийип салып, кайрадан Күнтугды, Айтулды, Огдүлмиш, Одгурмиш дейлиби? Бабабыздын “бул биздин тилдеги биринчи китеп” “Китеп сөзү – Буурахандын заң-зили, Маңызы да, мыйзамы да хан тили,” (23-кошсап) деп тактоо берип, ал аз келсе “Китепти окуй турган окурманым, Көркүнө түрк сөзүнүн нак тунарсың” (33-кошсап) дегендерин да четке кагалыбы, бабабызды да таналыбы?  Же азыр да арабызда кеңири жайылган кыргыздын: Токтомуш, Төлөмүш, Тентимиш, Тилемиш, Өзгөрүш, Алтымыш, Жетимиш, Өтүмүш, Жүдөмүш, Өндүрүш, Күсөмүш ж. б. ысымдарын кайрадан башкага өгөртөлүбү? Же “бул орток чыгарма, бардык түрк элдерине тийешелүү” дешкендерди ээрчип, кокуй кыргыздын урууларын атап коюптур деп бабабыздын чыгармасындагы “мундуз”, багыш”, “басыз”, “кыпчак”, “жагма” ж. б. кыргыздардын уруу аттарын да өчүрүп чыгалыбы? Деги акылыбыз ордундабы?..

Дагы бир маселе: чыгармада  бабабыз  өз каармандарына, а түгүл ханга да “Эй, чигил” деп кайрылган учурлар бар. Мурунку-азыркы чет элдик да, өзүбүздүн да тарыхчы-адабиятчы окумуштуулар “чигил” деген “түрктөрдүн бир уруусу” деп кутулуп кетишет. Менимче, деги Ала-Тоо ичинде “чигил” деген уруу болгон эмес окшойт. Эгер болгон болсо, тарыхыбызда, эч болбосо энциклопедия аталган Манас эпосунда, башка элдик эпосторубузда, санжырабызда кездешет эле го. Жок болуп жатпайбы. Ал эми Жусуп бабабыздын замандашы, белгилүү тилчи аалым Мамыт  (Махмуд) Барскоондуктун (Кашкарлыктын) “Түркий тилдер сөз жыйнагы” сөздүгүндө Батыш сельжуктар мусулмандар менен капырлардын ортосундагы элди “Чигил” же “Жикил” деп аташаарын эскертет. Бул “Чектеги эл”, же “жиктеги эл” дегендик эмеспи? Анын үстүнө чигилдер Талас, Чүй, Ысык-Көл, Кашкар аймактарында жашашат деп Мамыт Барскоондук тактап берип жатпайбы. Демек, Ала-Тоо аймагындагы бардык кыргыз урууларын капырлар менен мусулмандардын ортосундагы “чектеги эл” деп жалпысынан атап коюшкан окшойт.

Биздин бул оюубузду 930-933 – жылдары жазылган  белгисиз автордун фарсы тилиндеги  “(Китаб) масалик аль-мамалик ал-Истахри” аталган чыгармасында Орто Азиядагы шаарларга мүнөздөмө берип келип Тараз шаарына келгенде:- “Тараз – түрктөр менен мусулмандардын ортосундагы чек, анын айланасы чеп менен курчалган, ал да Тараз аталат. Исламдын таралыш чеги ушул жерге жетет, андан ары харлуктардын чегине чейин барат” – деген маалыматы  толук далилдеп турганын кантип танабыз? Демек, “Чигил” деген бир уруунун аталышы эмес, ошол аймакта жашашкан  бардык кыргыз урууларына карата айтылган жалпылама түшүнүк тура.

БАБАБЫЗДЫН ЧЫГАРМАСЫНЫН ЖАЗЫЛГАН МЕЗГИЛИ ТУУРАСЫНДА

Бул маселе да тыкыр тактоого муктаж, качанга чейин олку-солку бойдон жүрө беребиз. Азыр да “Куттуу билим” насааттама-дастанынын жазылган жылын талашкандар  чыгат, кийин да чыга бериши мүмкүн, бул маселеге биротоло чекит коюу керекдеп ойлойм. Баарыбызга маалым, 2016-жылы Жусуп бабабыздын төрөлгөндүгүнүн 1000 жылдыгын бүтүндөй түрк дүйнөсү белгиледи, бүтүндөй түрк дүйнөсү ушул датаны тааныды, 2016-жыл “Жусуп Баласагын жылы” деп белгиленди – бул дата эми талаш жаратпайт. Бабабыз чыгармасын 52 жашында баштап – 18 айда (бир жарым жыл) аяктаптыр. Демек, 52де – 12 ай бар, ага дагы 6 айды кошсок – анда бабабыз чыгармасын 53 жашында аяктаган экен да. Демек, 1016-га 53тү кошсок 1069 чыгып, бабабыздын төрөлгөн жылына да, бүтүргөн чыгармасын ханга тапшырган мезгилге да туура келип жатат го, ал эми 2024төн 1069ту алсак – 955 чыгат да! Мындан так да арифметика болобу?! Жок жерден көйгөй жарата берүү кимдерге пайдалуу, деги мындай жасалма баш ооруларды козгоонун кимге кереги бар дейм да?!…

Жусуп Баласагын бабабыз – Кыргыз, анын “Куттуу билим” насааттама-дастаны кыргыз тилиндеги алгачкы толук кандуу адабий чыгарма – кыргыз адабиятынын алгачкы үлгүсү. Аны ары-бери чойгулап талашууга да, шек келтирүүгө да эч кимдин акысы, укугу да жок! Чыгармадагы “бул түрк тилиндеги биринчи китеп”,  “түрк тили тоодо жүргөн жапайы кийик эле, аны үйрөтүп кагазга түшүрдүм” деген сыяктуу көптөгөн маалыматтар, а түгүл, чыгармадагы каармандардын ысымдары, кыргыз урууларынын аталыштары, чыгарманын 70-80 пайызын түзгөн бүгүнкү күнү да туруктуу колдонуудагы кыргыз тилиндеги жандуу сөздөр эле эмнеден кабар берээри түшүнүктүү болуп турат го… Акыры,   “башкалар эмне дейт”, тиги кошуна мыйдай деп жатпайбы”, “бул кошуна тигиндей дейт го” дегендей жалтаңдык, кулдук сезимден арылуу керек да… Качанга чейин өзүбүздү-өзүбүз басмырлай беребиз?!.

БАБАБЫЗДЫН ЧЫГАРМАСЫН ТАЛАШКАНДАР ТУУРАСЫНДА

Ушул да кийинки учурларда атайын тактала турган масалелердин бири болуп келатат: Жусуп Баласагын бабабызды да, анын атактуу чыгармасы “Кутуу билим”ди да уйгур, казах, өзүбек туугандарыбыз көптөн бери өз тараптарына ыйгаруу далалатынан тайбай келишет. Ошондон улам ар бирине өзүнчө кыскача токтоло кетүүнү туура көрдүм. Аларды илимий далилдерге таянып, тактап чыгуу адабиятчы-тарыхчы окумуштуулардын энчисиндеги иш болоор…

Алгачында Уйгурлар туурасында: адабий чөйрөдө чоң талаш жаратып келаткандар – уйгур туугандар. Бул маселени биз чыгарманын өзүнө кайрылып, автордун өз оозунан тактайлы: биринчиден:-бабабыз чыгармасынын башында эле “Китеп сөзү – Буурахандын заң-зили, Маңызы да, мыйзамы да хан тили,” (23-кошсап) деп тактоо берип, ал аз келсе “Китепти окуй турган окурманым, Көркүнө түрк сөзүнүн нак тунарсың” (33-кошсап) деп кулагыбызга куюп жатпайбы. Чыгарманын авторуна ишенебизби же айрымдардын жоромолуна ишенебизби? Авторго ишенгенибиз туура болот. Окумуштуу В. Радлов да алгачында чыгарма уйгур тилинде жазылган деген тыянакка келип, кийин “чыгармада “уйгур” деген бир да сөз жок, чыгарма түрк тилинде жазылган” деген бүтүм чыгарган.

Анын үстүнө, бабабыз өзү: — “Китеп көп арап, тажик тилдеринде, Бул китеп эң биринчи биздин тилде, Сен үчүн түркчө ырлар тартуу кылдым, Окуурда мага арнап дува кылгын”- деп канкакшап жатат го. Ал аз келсе бабабыздын өзүнүн дагы бир  тактоосун келтире кетели:

“Эликке билим тилеп тынбай өзүм,   Сөздү-сөзгө кынадым, кошуп сезим.

Кийик эле түрк сөзү тоодо жүргөн,   Үйрөттүм, үйүр кылдым анын өзүн.

Сылап-сыйпап бакканда жоошуп калды, Бирок али унутпайт азоо кезин”-деп эң баалуу далилин сунуп жатпайбы. Мындагы “Кийик эле түрк сөзү тоодо жүргөн” деген аныктамасы эле не деген кашкайган чындык!..

Дагы бир далилдүү мисал: — Байыркы түрк адабияттарын абдан терең изилдеген окумуштуу-адабиятчы Ия Стеблеванын “Түрк тилиндеги байыркы адабияттар” деген эмгегинде байыркы доордо (Кара-Буура хандар доорунан кыйла мурун эле) уйгурлардын өз ара колдонуп келген алфавити гана эмес, уйгур тилиндеги адабияттарга да эгедер экенинен кабар алып жатпайбызбы. Эгер, Жусуп Баласагын бабабыз уйгур болсо – “бул китеп биздин тилдеги биринчи китеп”, “кийик эле түрк сөзү тоодо жүргөн” деп тактабайт эле да.

Ал эми дархан талаалык казах туугандардын тарыхы 550 жылды гана чапчыганын өздөрү да танбайт, бул датаны мамлекеттик деңгээлде  беш-алты  жыл мурун эле майрамдашпадыбы. Жаныбек, Керейлар баштаган казак туугандар Ак-Ордо, Көк Ордолордон бөлүнүп, 1450—1455-жылдары Таластагы Жунус ханга жер сурап кайрылышкан, кыргыздар туугандарга Кара-Тоо аймагын беришкен. Бул Жусуп Баласагын бабабыздын чыгармасы жазылган мезгилден 300-350 жылча кийин болуп жатпайбы. Анан кантип Жусуп бабабыздын чыгармасын энчилей алышат? Кыргыздар менен тегибиз бир деген ойдо гана талашка түшүшпөсө – башка далили жок.

Өзүбек туугандар болсо чыгарма чагатай тилинде жазылган, ошондуктан өзүбек болгон дешет. Чагатай Чыңгыз хандын экинчи уулу, Жусуп бабабыздан 250 жыл кийин жашаган киши, анан кантип чыгарма чагатай тилинде жазылып калган болот?

Акырында, окурмандарга эскерте кетчү нерсе – мен ишке ашырган котормо илимий котормо эмес – көркөм котормо. Көркөм котормого “тигил сөз эмне үчүн ошол бойдон эмес, бул сөз эмне үчүн өзүнүн ордунда эмес” деген сыяктуу тыкыр талаптарды коюуга болбойт. Мында менин оюмча — тигил же бул сөздүн тышкы түзүлүшүн эмес, андагы ойдун так берилиши, маани-маңызын бузбай жеткирүү, чыгарманын түпкү өз ыргагынын так сакталышы, көркөмдүк деңгелинин аксабагандыгы биринчи орунда турат. Көркөм котормого коюлчу негизги талаптар ушулар деп ойлойм. Биздин оюубузду он жетинчи кылымда (ХVII) жашап өткөн француз жазуучусу, философ Вольтер (1694-1778-жж) “Котормону ким сөзмө-сөз жеткирем десе, котормо өлдү. Сөзмө-сөз ташылган котормо жансыз тамгаларга айланат. Маселе – ойдун өзөгүн  бериште” – деген аныктамасы бекемдеп турат.

Мен байыркы акылман, терең ойчул Жусуп Баласагын бабабыздын салмагы алтындай баалуу, акыл-насааты Ысык-Көлдөй терең, маани-маңызы Ала-Тоодой бийик “Куттуу билим” дастанынын жазылгандыгынын алдыдагы 955 жылдыгы менен бардык окурмандарды куттуктайм. Бул жалпы элибиз сыймыктанчу түбөлүктүү чыгарманын жаралыш мезгилин даңктаган улуу дата!!!

Жусуп бабабыздын он кылымдык жолду басып, өңү өчпөй, баалуулугу кемибей бизге жеткен “Куттуу билим” дастаны кыргыз адабиятынын тарыхындагы биринчи насааттама-дидактикалык көлөмдүү – баалуу чыгарма. Байыркы бабабыздын чыгармасын туура баамдап, түндүгүбүздө түбөлүк жарык болуп турган өчпөс жылдызыбыз, кыргыз адабиятынын туу чокусу экенин танбашыбыз керек.  Жусуп бабабыздын “Куттуу билим” дастанын Улуттук руханий Туубуз катары бийик көтөрүп жүрүү, анын бүгүнкү мураскорлору – Сиз менен Биздин ыйык милдетибиз!  Бул кыргыз эли, кыргыз адабияты үчүн эле эмес – бүтүндөй түрк дүйнөсү үчүн эбегейсиз чоң  сыймык!..

 

Төлөгөн Козубеков, акын-котормочу, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер.

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер