УЛУУ ИНСАН МЕКЕНЧИЛ, МАМЛЕКЕТТИК ИШМЕР– КАЗЫ ДЫЙКАНБАЕВГЕ – 110 ЖЫЛ

  • 19.07.2023
  • 0

Тарыхта кээ бир адамдарга бешенесине – биринчи деген тамга берилет окшойт. Кыргыздардын жаңы тарыхында ошондой инсандардын бири – Казы Дыйканбаев. Жашынан оор жоготууларга жолуккан. Ал совет өкмөтү келгени биринчи профессионалдуу экономист болгон.

1940-жылы 27 жашында Кыргыз Советтик Социалистик Республикасынын  Мамлекеттик контроль наркому болуп дайындалат. 1941-1942 жылдарда Кыргызстанга 38 завод-фабрика Брянскийден, Одессадан, Харьковдон, Москва, Курск, Воронеж облустардан 200 миң адам көчүп келген. Алардын баарын ишке орноштуруу, тамак берүү, жашаганга үйлөрдү, балдарын мектепке, бала-бакчаларга киргизүү маселесин чечүү жана башканын баары тең Казы Дыйканбаев баштаган наркоматка жүктөлгөн.

Казы Дыйканбаев илимге да чоң салымын кошкон. Анын тушунда атактуу Иса Коноевич Ахунбаев биринчи Кыргыз илимдер академиясын башкарган. Польшадан 5 жөө аскерлер дивизиясы  Жалал-Абадда болуп, алардын жарандарына – үй, тамак-аш, медициналык жардам, балдарын мектепке, интернаттарга киргизүү маселесин чечүү Дыйканбаевдин көзөмөлүндө болгон. Өтө оор согуштук-экономикалык, социалдык-маданий көйгөйлөрдү чечип, суткасына 20 сааттан иштеген Казы Дыйканбаев, дагы бир жабык  заводдорду — уран менен сурьма иштетүүчү ишканаларды ишке киргизген. 1944-жылы Кыргызстанда Тышкы иштер боюнча наркомат, анан министрлик ачылат. Вячеслав Михайлович Молотовдун (анда СССРдин тышкы иштер наркому, Коргоо советинин биринчи орун басары болгон) түздөн-түз рекомендациясы менен Кыргызстандын биринчи тышкы иштер министри болуп Казы Дыйканбаев дайындалат. Ошентип тарыхта кыргыз мамлекетинде тышкы иштер министрлигинин пайдубалын түптөгөн Казы Дыйканбаев болгон.

Дыйканбаевдин эмгегин белгилеп кетсек: 4 жолу СССРдин Жогорку Кеңешинин депутаты, 3 жолу Кыргыз ССРинин Жогорку Кеңешинин депутат болуп 1951-1958 жылдарда Жогорку Кеңештин үчүнчү чакырылышында төрага болгон. Борбордук Комитеттин Курулуш жана өнөр жай боюнча катчысы, Кыргызстан коммунистик партиясынын Фрунзе обкомунун биринчи катчысы болуп иштеген.

1958-жылы Кыргыз ССРинин Министрлер кеңешинин төрагасы болуп дайындалат. Тагдыры дагы бир атактуу кыргыз инсаны Исхак Раззаков менен тыгыз байланышат. 1957-жылы Кыргызстандын коммунисттер партиясынын Борбордук комитети (И.Раззаков) жана Министрлердин Совети (К.Дыйканбаев)  «Мектеп окуучуларына бекер ысык тамак уюштуруу» жөнүндө биринчи токтомду чыгарышат. Анда 1957-жылы октябрь айынан тартып башталгыч мектептин окуучуларына, ал эми 1958-жылдын 1-январынан 1-7-класстарга эртең менен ысык тамак бериле баштаган.

1958-жылы «Балдар арасында ооруну азайтуу боюнча чаралар» аттуу дагы бир токтом Дыйканбаевдин колу менен кабыл алынат. Ошол убакытта каржынын  аздыгына карабастан — 2 миллион рубль бөлүнүп, оорукчан балдарга бекер сүт аралашмасын, витамин тамактарды берүү башталат.

Анткени, ошол убакытта эң оор көйгөйдүн бири – жаш балдардын өлүмү болгон. Москвадан келген комиссия деле ушул маселени айтышкан — 1000 төрөлгөн баладан 50 бала чарчап калган. Үчүнчү «Жогорку жана атайын орто окуу жайларда кыргыз жаштарынын арасынан адистерди даярдоону жакшыртуу жөнүндө чаралар» деген токтом 1958-жылы август айында кабыл алынат. Ошол убакытта атайын орто окуу жайларды бүткөн кыргыз жаштары 15% болгон. Ал эми жогорку окуу жайларында окугандардын саны 20-40% болгон.

Ушундай абалды кайсы мамлекеттик мекенчил башкаруучулар чыдайт? Токтом боюнча кыска убакытта бардык окуу жайларда кыргыздардын санын 60-70%га көтөрүш керек деп катуу тапшырма берилген. 1958-жылы августта да Раззаков менен Дыйканбаевдин колу  менен «Орус тилдүү мектептерге кыргыз тилин окутууну киргизүү» жөнүндө токтом кабыл алынат.

Иштер оң жагына ооп,  төрт токтом тең аткарууга алынат. Бирок, «өзүбүздөн чыккан өрт жаман» дегендей, Москвага тоголок каттар жаай баштайт. Ал жерден бир нече комиссия келет. Ошентип жатып – 1961-жылы май айында Кыргызстан коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин Пленуму өтөт. Ошондо москвадан келген десант пленумдун ар бир мүчөсүн түнү менен чыкырып алып күчкө салып – бул экөөнү иштен алышын талап кылышат. Комиссияда  Москвада Борбордук Комитетинин ишмерлери — Суслов М.А., Козлов, Ф.Р., Титов В.Н, Осетров Т.И. Гаврилов М.А. болгон. Алардын дооматы: И.Раззаков жана К.Дыйканбаев мамлекеттик тартипти бузду, борборго баш ийбей, жердешчилик менен өздөрүнүн саясатын жүргүзүп жатат деген каралоо болду.

Дыйканбаевдин эскерүүсүндө Козлов экөөнү чакырып: «Силер коммунизмге биринчи баралык деп жатасыңарбы, же совет өлкөсүнөн жакшыраак көрүнөйүн деп атасыңарбы? Арзан авторитет алып атасыңар! Улутчулдукдун заңы келип жатат» дептир.  Ошол Пленумда Исхак Раззаковду, Казы Дыйканбаевди иштен алышат. Бирок убакыт алардын  мамлекетчилдигин, мекенчилдигин көрсөттү.

Ошону менен жана ишке ашып аткан токтомдор жокко чыгарылды. Ошол атактуу токтомдор – Кыргызстан эли эгемендүүлүк алганда гана кайра ишке ашты. Исхак Раззаков Москвада Казы Дыйканбаев менен жолукканда: «Экөөбүздүн тагдырыбызга өтө оор убакыт келди – советтик экономиканы, жаңы маданиятты куруу, согуш маалы, фашизм менен күрөшүү, согуштан кийин өлкөбүздүн экономикасын, элдин жашоосун көтөрүү,  кандай гана кыйынчылыктарды башыбыздан өткөрдүк, бирок мамлекетибиз үчүң, элибиз үчүн эмгегибизди, өмүрүбүздү аяган жокпуз!» деп айтыптыр.

Кийин Казы Дыйканбаев 1961-1986 жылга чейин Кыргызстанда Мамлекеттик пландоо комитетинин орун басары болуп эмгектенди. Кыргызстан эгемендүүлүктү алганда да Казы Дыйканбаев – мамлекетти, элибизди сактоо, көз карандылыкты, улуттук коопсуздукту сактоо, кыргыздын ар бир метр жерин эч  кимге бербөө, ар бир литр суусунун баркын билип, өңдүрүүгө чакырган. Жаңы инновацияларды , технологияларды өнөр жайга, айыл чарбага киргизүүнү карасаңар — деп чоңдорго, жаштарга кайрылган.

2010-жылы атактуу инсан дүйнө салган. Казы Дыйканбаевдин аты да, иши да Кыргызстан барда унутулбайт!

Профессор, Ишенгүл Болжурова 

Каркыра, 16-июль 2023-жыл. Казы Дыйканбаевдин 110 жылдык маарекесиндеги доклад.

Бөлүшүү

Комментарийлер