УЛУТТУК ОЛИМПИАДА ОНЛАЙН ФОРМАТТА БАШТАЛДЫ

  • 23.01.2024
  • 0

2023-2024-окуу жылында математика, физика, биология, химия жана информатика предметтери боюнча Улуттук олимпиада башталды. 1-этабы 20-январдан 3-февралга чейин онлайн форматта өтөт.

УЛУТТУК ОЛИМПИАДА ОНЛАЙН ФОРМАТТА БАШТАЛДЫ

 

Жогоруда белгиленген предметтер боюнча Эл аралык олимпиадага команда түзүү боюнча билим берүү жана илим министри Д.Кендирбаева  буйрук чыгарды.

Олимпиаданын 1-этабы январь айында онлайн, 2-этабы февраль айында ал дагы онлайн форматында өтөт. Ал эми олимпиаданын 3- жана 4-этаптары март-апрель айларында офлайн режиминде өтмөк болду. Бул сынакка окуучулар өз каалоосу менен катышат.

Олимпиаданын 1-этабы төмөнкү графикте онлайн өтөт: физика боюнча 20-январда саат 14.00-17.00 чейин, 21-январда саат 10.00-13.00 чейин. Биология боюнча 20-январда саат саат 10.00-13.00 чейин, 21-январда саат 14.00-17.00 чейин. Математика 27-январда саат 14.00-18.00 чейин, ал эми 28-январда саат 09.00-13.00  чейин. Информатика боюнча 27-январда саат 10.00-13.00 чейин, 28-январда 14.00-17.00 чейин. Ал эми химия предмети 3-февралда саат 10.00-13.00 чейин, 4-февралда саат 10.00-13.00 чейин өткөрүлөт.

Ал эми Олимпиаданын экинчи баскычы төмөндөгүдөй графикте онлайн режиминде өтөт: информатика боюнча 2024-жылдын 10-11-февралында  саат 10.00-13.00 чейин; физика боюнча 17-февралда саат 14.00-17.00 чейин, 18-февралда саат 10.00-13.00 чейин; биология боюнча 17-февралда саат 10.00-13.00 чейин, 18-февралда саат 14.00-17.00 чейин; математика боюнча 24-февралда саат 14.00-18.00 чейин; 25-февралда саат 9.00-13.00 чейин; химия боюнча 24-февралда саат 10.00-13.00 чейин, 25-февралда саат 14.00-17.00 чейин өткөрүлөт.

Олимпиаданы өткөрүү боюнча тийиштүү жетекчилер Билим берүү жана илим министрлигинин буйругу менен бекитилген “Математика, физика, биология, химия жана информатика предметтери боюнча Улуттук олимпиада жөнүндө” Жобонун негизинде өткөрүшөт. Жетекчилер Олимпиаданын ар бир этаптарына  предметтер боюнча тапшырмаларды Эл аралык олимпиаданын талаптарына ылайык түзүүнү жана алардын сапаттуулугун камсыздашат. Ошондой эле тапшырмалардын купуялуулугун сактоону, олимпиаданы өткөрүүнүн принциптерине карама-каршы келген аракеттерди кылууга жана балдардын укугун бузууга жол бербөөнү камсыздоо дагы милдеттендирилген.

Олимпиаданын өткөрүү тартиби боюнча маалыматтарды, ар бир этаптын жыйынтыктарын ачык-айкын сайттарга жайгаштыруу, олимпиаданы өткөрүүгө даярдыктары жана жыйынтыктары боюнча маалыматтарды өз убагында берип туруу министрликтин Мектептен жана мектептен тышкаркы башкармалыгынын жетекчиси А.Жапаровго милдеттендирилди.

Мындан сырткары жер-жерлердеги тийиштүү жетекчилер мугалимдерге, окуучуларга, ата-энелерге Олимпиаданын өткөрүү тартиби,  мөөнөтү, өткөрүү жери тууралуу алдын ала маалымат берип жатышат. Олимпиаданын бардык баскычтарын өткөрүү учурунда окуучулардын өмүрүнүн  жана ден соолугунун  коопсуздугун да камсыздашат.

 

Олимпиаданын жыйынтыгы боюнча мыкты иш алып барган жооптуу жетекчилерди жана мугалимдерди сыйлоого Мектептен жана мектептен тышкаркы башкармалык сунуштайт.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер