УЛУТТУК ОЛИМПИАДА: БИЛИМ КАЙМАКТАРЫ 10 000 ДОЛЛАР СЫЙЛЫК АЛАТ

  • 05.04.2024
  • 0

2024-жылдын 20-январынан тартып 4-апрелге чейин математика, физика, химия, биология жана информатика предметтери боюнча Улуттук олимпиада өттү. Жыйынтыктоочу турга  150 окуучу катышып, анын ичинен 73 окуучу 1-, 2-, 3-орундарды багындырды. Жеңүүчүлөр Билим берүү жана илим министрлигинин дипломдору жана баалуу белектер менен сыйланышты.

 

УЛУТТУК ОЛИМПИАДА: БИЛИМ КАЙМАКТАРЫ 10 000 ДОЛЛАР СЫЙЛЫК АЛАТ

УЛУТТУК ОЛИМПИАДА: БИЛИМ КАЙМАКТАРЫ 10 000 ДОЛЛАР СЫЙЛЫК АЛАТ

Белгилей кетсек, Улуттук олимпиада эл аралык олимпиадага катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын командасын түзүү жана даярдоо максатында өткөрүлүп келет.

Быйыл сынактын онлайн режиминдеги I этабына 42 миң 997 окуучу катышып, анын ичинен иргелип отуруп, эң күчтүү 125 окуучу сынактын IV турунда күч сынашты. Алдыңкы орундарга таланттуу окуучулар суурулуп чыкты.

УЛУТТУК ОЛИМПИАДА: БИЛИМ КАЙМАКТАРЫ 10 000 ДОЛЛАР СЫЙЛЫК АЛАТ

Салтанаттуу аземде идиректүү, зирек балдарды колдоп келген демөөрчүлөрдүн бири Жогорку технология паркынын директору Азис Абакиров эл аралык сынакта алтын медаль утуп келген окуучуга 10 000 доллар, күмүш медалдын ээсине 5000 доллар, ал эми коло медалга 1000 доллар сыйлык берилерин баса белгиледи. Келечек лидерлердин мектебинин директору  эл аралык олимпиадага барчу окуучулардын жол киресин төлөп бермей болду. Ошондой эле улуттук олимпиаданын 1-орундун жеңүүчүлөрүн акысыз окууга сертификат тапшырды. 2- жана 3-орунга чыккандарга 50%, 30%  жеңилдик берилет. Кыскасы, таланттуу балдарды жеңүүчү спортсмендерге кандай көңүл бөлүнүп жатса, мамлекет билим чемпиондоруна эки эсе көңүл бөлүү керек экенин бир ооздон айтышты.

Жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземи Балдардын жана өспүрүмдөрдүн улуттук ”Сейтек” борборунда 5-апрелде өттү.

Олимпиада тууралуу материалды кенен биздин сайттан, гезиттен окусаңыздар болот.

Жеңүүчүлөр ким?

Информатика предмети боюнча 1 орун

  1. Бобрус Ян Тимурович – “Газпром Кыргызстан” мектеби, 8-класс
  2. Айдарбеков Алихан Мирланович — Муратбек Субакожоев атындагы Нарын лицейи, 10-класс
  3. Лебиев Абдулазиз Абдукеримович — Чыңгыз Айтматов атындагы Бишкек лицейи, 10-класс
  4. Майрамбеков Байторо Доолотбекович — Талас шаарынындагы “Манас Ата” лицейи, 11-класс.

Математика — 1 орун

  1. Киргизбаев Назар Азизбекович — Якир атындагы №61 физика-математикалык мектеп-лицейи, 10-класс
  2. Искандеров Эльдар Мирдинович — Бишкек шаарындагы ЮВИС мектеби, 12-класс
  3. Бобрус Ян Тимурович – “Газпром Кыргызстан” мектеби, 8-класс
  4. Кенжебаев Искен — Жайыл Баатыр атындагы жалпы билим берүү лицейи, 11-класс.

Физика — 1 орун

  1. Абдиев Аскар — Улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейи, 11-класс, Бишкек шаары
  2. Анаралы уулу Эмир — Улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейи, 11-класс, Бишкек шаары
  3. Баратали Бектур — Чыңгыз Айтматов атындагы Бишкек лицейи, 11-класс
  4. Эмилбеков Айтегин — Жайыл Баатыр атындагы жалпы билим берүү лицейи, 11-класс.

Биология — 1 орун

 1. Карыпжанов, Байзак — Талас шаарынындагы “Манас Ата” лицейи

2. Рубан Дмитрий — Бишкек шаарындагы Экология-экономикалык №65 лицейи

3. Виноградов Арсений — Жайыл Баатыр атындагы жалпы билим берүү лицейи

4. Базарбаева Айбике — Бишкек шаарындагы ЮВИС мектеби

 Химия —  1-орун

  1. Турдубаев Нурхан — Чыңгыз Айтматов атындагы Бишкек лицейи
  2. Решетников Иван — Бишкек шаарындагы ЮВИС мектеби
  3. Жапаров Эржан — Хусейин Карасаев атындагы Ысык-Көл лицейи
  4. Кахраманов Максатбек — Ош “Сема” лицейи 

Информатика — 2-орун

  1. Тажибаев Исхак Матазимович — Аламүдүн районунундагы Байтик “Кут Билим” окуу-тарбия комплекси
  2. Арапов Али Алимжанович — Ош “Сема” лицейи
  3. Акжолтоева Айпери Айбековна — Зияш Бектенов атындагы Ысык-Көл кыздар лицейи
  4. Талыпов Эмиль Эрланович – “Газпром Кыргызстан” мектеби
  5. Алманов Кутбол — Чыңгыз Айтматов атындагы Бишкек лицейи

 Математика —  2-орун 

  1. Эшперов Нурсултан Ынтымакович – “Газпром Кыргызстан” мектеби
  2. Мусаходжаев Султан —  Бишкек шаарындагы  №70 мектеп-гимназия окуу комплекси
  3. Рыскулов Сейит Темирович – “Газпром Кыргызстан” мектеби
  4. Асанкадыров Айдин Айбекович — Якир атындагы №61 физика-математикалык мектеп-лицейи
  5. Капаров Нурдөөлөт Санжарович — Якир атындагы №61 физика-математикалык мектеп-лицейи

Физика — 2-орун

  1. Турдукеев Атай — Чыңгыз Айтматов атындагы Бишкек лицейи
  2. Абылаев Ахмед — Бишкек шаарындагы “Сейтек” СТЕМ лицейи
  3. Мамытов Иса — Хусейин Карасаев атындагы Ысык-Көл лицейи
  4. Озокеев Атай — Ош “Сема” лицейи
  5. Жусубалиев Сыймык — Чыңгыз Айтматов атындагы Бишкек лицейи

 Биология —  2-орун 

  1. Увалиев, Нурсултан — Хусейин Карасаев атындагы Ысык-Көл лицейи
  2. Рахман Марат уулу — Чыңгыз Айтматов атындагы Бишкек лицейи
  3. Азирет Анварбеков — Хусейин Карасаев атындагы Ысык-Көл лицейи
  4. Абдыкеримов Арген — Бишкек шаарындагы «Мурас» мектеп-комплекси
  5. Кошмуратов Алан – “Газпром Кыргызстан” мектеби

Химия —  2-орун

  1. Саматов Эрмек — Муратбек Субакожоев атындагы Нарын лицейи
  2. Тешабаев Жасурбек — Курманбек баатыр лицей, Жалал-Абад шаары
  3. Айбеков Даниэл — Бишкек шаарындагы №63 орто мектеби
  4. Умхаева Мадина — Чүй облусундагы №2 орто мектеби
  5. Эсенбеков Нураман — Каракол шаарындагы №11 орто мектеби

Физика – 3-орун

  1. Ашырова Эльдана — Токмок шаарындагы “Үмүт” лицейи, 9-класс
  2. Бакытбеков Акбар — Каракол шаарындагы Х.Карасаев атындагы Ысык-Көл лицейи, 10-класс
  3. Омурбеков Памир — Жалал-Абад шаарындагы  Курманбек баатыр атындагы лицейи
  4. Раяпов Нурсултан – Бишкек шаарындагы №61 мектеп, 10-класс
  5. Салиев Темирхан — Кадамжай шаарындагы «Семетей» лицейи, 9-класс
  6. Туратов Умар – Бишкек шаарындагы №33 мектеп-гимназия, 11-класс.

Математика — 3-орун

  1. Ахметов Адиль —  №12 Л.В.Толстунов атындагы мектеп-гимназия, 10-класс
  2. Азат Мадимаров — Кара-Балта шаарындагы Жайыл Баатыр  атындагы  лицейи, 11-класс
  3. Бусурманкулов Канимет — Жалал-Абад шаарындагы Курманбек баатыр атындагы лицейи, 10-класс
  4. Кадырбеков Тимур — №1 Михаил Бабкин атындагы мектеп, 11-класс
  5. Азамат Медетбеков — Жалал-Абад шаарындагы Курманбек баатыр атындагы лицейи, 11-класс
  6. Акенеев Тимур Азаматович – “Газпром Кыргызстан” мектеби, 9-класс.

Химия – 3-орун

  1. Касынбеков Аскат —  Ысык-Ата районундагы Д.П.Зубков атындагы мектеп, 11-класс
  2. Кожегулов Сулейман — Жалал-Абад шаарындагы Курманбек баатыр атындагы лицейи, 11-класс
  3. Бактыбаев Азирет — Жалал-Абад шаарындагы Курманбек баатыр атындагы лицейи,  11-класс
  4. Абдигапарова Аймончок — Ош шаарындагы Курманжан Датка лицейи, 11-класс
  5. Рыспекова Жаннат – Нарын шаарындагы Чолпонбаев мектеби
  6. Юсупов Муслимбек – Ош облусунун Кара-Суу районундагы Азия –Старт мектеби

Информатика – 3-орун

 

  1. Джамалов Тенгиз Мелисович — Каракол шаарындагы  Х.Карасаева атындагы лицейи
  2. Абдуллахан Абдирасулов — Ош шаарындагы “Сема” лицейи
  3. Карыпжанов Нурислам Болотович — Талас шаарындагы «Манас Ата» лицейи
  4. Канатбеков Адиль Дастанович — “Газпром Кыргызстан” мектеби
  5. Садирбеков Санжар — Жалал-Абад шаарындагы Курманбек баатыр атындагы лицейи, 10-класс
  6. Алымбеков Сабыр — Бишкек шаарында №61 Якир атындагы мектеп,8-класс.

Биология — 3-орун

  1. Ишеналиев Арген — Бишкек шаарындагы №24 А.Токомбаев атындагы мектеп, 11-класс
  2. Акматалиев Нурбол — Бишкек шаарындагы American Europan school мектеби, 10-класс
  3. Абдылдаев Алмамбет — Ысык-Ата районундагы Д.П.Зубков атындагы мектеп, 11-класс
  4. Русланбеков Омурбек — Бишкек шаарындагы Ч.Айтматов атындагы лицей, 10-класс
  5. Абдылдаев Азим — Каракол шаарындагы Х.Карасаева атындагы лицейи, 10-класс
  1. Анарбаев Атабек — Ош облусунун Алай районундагы Отунчиев атындагы №2 мектеп, 11-класс.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер