УЛУТТУК НАРККА АРНАЛГАН СЕМИНАР
- 18.10.2024
- 0
2024-жылдын 17-октябрында шаарыбыздагы Д.Шопоков атындагы №4 орто мектебинин жалпы жамааты КРнын Президентинин «Улуттук нарк» жөнүндө 2022-жылдын 30-майындагы №157 жарлыгын ишке ашыруу максатында, шаардык билим берүү бөлүмүнүн алдындагы окуу-усулдук кабинети тарабынан жарыяланган «Башталгыч класстардын бир айлыгынын» алкагында «Улуттук нарк — урпактардын канаты» аттуу областтык семинар өткөрүштү.
Семинардын максаты башталгыч класстын чыгармачыл мугалими Жолоева Нурсита Асанбековнанын ишмердүүлүгүн областтык деңгээлде жайылтуу аркылуу улуттук нарк- насилди урпактарга жеткирүү болду.
Нурсита Асанбековна 26 жылдык педагогикалык иш-тажрыйбасы менен бөлүшүп, «Чакан да болсо көлөмү, кыргыздын сонун өнөрү» деген темада ачык сабак өтүп берди.
Көчмөн кыргыз салтын улап, боз үйдүн түндүгүн көтөрүп, керегесин керилте жайып, өргөөнүн төрүндө «Жээн табак тартуу аземин» даңазалап, жоголуп бара жаткан салтты көрсөтүштү. Жалпы келген конокторду жаш манасчылар манас айтып тосуп алышты.
Салтанатты ачуу үчүн шаарыбыздын вице—мэри Тажимырзаев Эдил Садырбекович, шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Кыргызбай кызы Гүлназира, мектептин директору Маматова Махабат Мурзамидиновна жана областтык усулдук борбордун методисти Жолдошова Жамийла Колдошовна чыгып сүйлөп, семинардын ишине ийгиликтерди каалашты.
Салтка айланган семинар тренингде берилүүчү кофе брейкте- кыргыздын курма чайын, ысык жармасын, кымызы, калама нан, токоч, жупка, чабети, каттама, чөбөгө, сары май, сүзмө менен берилди.
Семинардын экинчи бөлүгүндө мектептин үч фойесинде коюлган каада-салттан элементтер көрсөтүлүп, музейдин буюмдары коюлуп, Нурсита Асанбековнанын ишмердүүлүгүнө арналган жарманкелерге саякат жасалды.
Семинардын жүрүшүндө башталгыч класстардын мугалимдери Амеджанова Сайкал «Сүт азыктарынан жасалган тамак аштар», Бопошова Асел «Улуттук кийимдер» деген темада ачык сабактарды өтүп беришти.
Семинардын үчүнчү бөлүгүндө тегерек стол уюштурулду. Аны областтык усулдук борборунун методисти Жолдошова Жамийла Колдошовна алып барды
Бул күнкү семинарга Жалал-Абад областынын район, шаарларынан, Жалал -Абад, Сузак, Майлуу -Суу, Таш-Көмүр, Токтогулдан жана шаардык мектептерден 200гө жакын коноктор келишип, билим куржундарын толтуруп кайтышты.
Тилен ОРОЗОВА, Кара-Көл шаары
Комментарийлер