УЛУТТУК КААДА-САЛТТАРДЫ УНУТПАЙЛЫ
- 20.11.2024
- 0
Ош технологиялык университетинин архитектура жана курулуш институтунда “Улуттук каада-салтты барктайлы” аттуу майрамдык иш-чара өттү.
Окуу жайдын басма сөз кызматынын маалыматында айтылгандай, аталган иш-чара улуттук каада-салтты даңазалоого жана сактоого арналды. Ага окуу жайдын жетекчилиги, окутуучулар жана студенттер катышты. Маданий кечеде «Манас» эпосу, кыргыз бийлери, нускалуу макал-лакаптар, элдик ырлар жана ошондой эле кыргыздын каада-салттары аткарылып, этти устукандоо сырлары, жаштарга жайылтуучу тарбиялык мааниси терең ырым-жырымдар жана улуттук оюндар көрсөтүлдү.
Аталган иш-чара Кара кыргыз автоном облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына жана Мамлекеттик тил мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 35 жылдыгына арналды.
Айнагүл КАШЫБАЕВА,
“Кут Билим”
Комментарийлер