Улуттук илимдер академиясынын капиталдык ремонт иштери аяктап калды
- 18.12.2024
- 0
17-декабрда Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөн имаратын көрдү.
Улуттук илимдер академиясынын вице-президенти, академик Чолпонкул Арабаев академиянын жаңыланган имараты менен тааныштырып, быйыл түзүлгөнүнө 70 жыл болгонун, башкы имараты 60 жыл мурда курулуп, ошол убактан бери бир да жолу капиталдык ремонттон өтпөгөндүгүн айтып өттү. Ошондой эле, бул жылы бюджеттен акча бөлүнүп, башкы имараттын капиталдык ремонт иштери аяктап калганын белгилеп кетти.
Бөлүшүү
Комментарийлер