УЛУТТУК ИЛИМДЕР АКАДЕМИЯСЫ БАГЫНДЫРГАН БИЙИКТИКТЕР

  • 28.12.2017
  • 0

 

Өтүп бара жаткан жыл Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы үчүн жаңы багытка карай чечкиндүү кадам таштаган жыл болуп, академиянын башкаруу системасы өзгөрүп, милдеттери жана функциялары такталды.

Быйыл ириде Илимдер академиясынын Мыйзамы, Уставы кабыл алынып, ага ылайык, Президиумунун макамы жана мекеменин президентин шайлоо, академиянын иш жүргүзүүсү боюнча беренелер өзгөрүп, милдеттери жана функциялары такталды. 31-октябрда академиянын президенттигине академик Мурат Садырбекович Жуматаев шайланды. Быйыл Илим күнү дагы жогорку деңгээлде белгиленип, Кыргыз улуттук илимдер академиясына КР премьер-министри Сапар Исаков келип, илимпоздорду жана кызматкерлерди куттуктап, академиянын окумуштууларын Кыргызстандын өнүгүүсүнө зор салым  кошооруна ишенерин жана аларга сөзсүз түрдө кам көрө тургандыгын убада берди. Бир нече жылдардан бери академияга Өкмөттөн  жогорку деңгээлдеги өкүл келбегендигин эске алганда бул чоң окуя болгондугун белгилей кетүү абзел.

Жаңы кабыл алынган Уставдын негизинде 28-ноябрда  КР УИАнын корреспондент-мүчөсү, философия илимдеринин доктору Тогусаков Осмон Асанкулович академиянын вице-президенти, ал эми КР УИАнын президиумунун башкы окумуштуу катчысы болуп биология илимдеринин доктору, профессор Жээнбаев Бекмамат Мурзакматович шайланды. Ошону менен катар төрт бөлүмдүн төрагасы, президиумдун мүчөлөрү да шайланды. Айта кетсек, мурдагыдан өзгөчөлөнүп, президиумдун мүчөлүгүнө академиялык гана чөйрөнүн өкүлдөрү шайланбастан, тармактык илимдер боюнча алдыңкы окумуштуулар, илимдин докторлору да шайланды.

Быйылкы кабыл алынган Мыйзамдын жана Концепциянын “7 кадам: “Из калтырчу илимдин” негизинде приоритеттүү стратегиялык багыттар кабыл алынды.

Ошондой эле 2018-жылга Өкмөттүн “Таза Коом” санариптик программасын трансформациялоо боюнча жана Өкмөттүн «Жаңы Доорго: Кырк Кадам» программасын ишке ашыруу, экономика менен бизнес секторунда реалдуу аракеттенүүнү кеңейтүү жана Илимдер академиясынын окумуштууларынын илимий иштелмелерин жайылтуу  багытындагы алгылыктуу пландар иштелип чыгууда. Анда УИАнын приоритеттүү багыттары катары: инновациялык маалыматтык технологиялар жана математикалык моделдөө, жаңы технологиялар жана материалдарды ойлоп табуу, суу жана энергетикалык ресурстар, Жер жөнүндө илим, тоо кендерин комплекстүү изилдөө жана өздөштүрүү, экология проблемалары, биоресурстарды иштеп чыгуу, биологиялык коопсуздук жана аба-ырайынын өзгөрүүсүнө байланыштуу изилдөөлөр, адам жана коом: ааламдашуу проблемалары каралууда.

Бул жылдын ичинде Өзбек Илимдер академиясы менен илимий кызматташуу жөнүндө келишимге кол коюлуп, Кытай, Түштүк Корея, Аргентина, Франция, Германия, Түркия, Белоруссия, Азербайжан, Тажикстан, Казакстан, Россия илимдер академияларынын өкүлдөрү менен илимий-инновациялык, маданий, экологиялык ж.б. жаатта кызматташуу жөнүндө сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү. Мындан тышкары Азия өлкөлөрүнүн илимий коомчулуктары жана илимдер академиялары ассоциациясы, КМШ Эл аралык нанотехнологиялар инновациялык борбору жана Генетикалык инжиринг жана биотехнологиялар боюнча Эл аралык борбору менен кызматташуулар ишке ашырылды. 2017-жылдын 11-12-октябрында Бишкекте КР УИА менен Азия өлкөлөрүнүн илимий коомчулуктары жана илимдер академиялары ассоциациясы уюштурган семинар өтүп, иш-чаранын негизги темасы жер титирөө коопсуздугу жана анын алдын алуу боюнча биргелешкен иш-аракеттерди көрүү болду.

Учурда КР Улуттук илимдер академиясын оптималдаштыруу боюнча иштер улантылууда.

Ч.Кийизбаева, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер