БОЛОЧОК МУГАЛИМ ТЫНЫМСЫЗ ӨЗГӨРҮҮЛӨРГӨ даярбы?

  • 04.03.2025
  • 0

Улуттук билим берүү моделин ишке киргизүүнүн алкагында педагогикалык окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрү бала бакча жана мектептерге тартылат.  И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университеттинин Тарых жана социалдык-укуктук билим берүү институтунун 4-курсунун студенти Таалайбек кызы Гүлайым бул сунушту колдойт. Себеби өзү 3-курсунан бери мектепте иштеп, теориялык билимин практика жүзүндө чыңдап, тажрыйба топтоодо.

БОЛОЧОК МУГАЛИМ ТЫНЫМСЫЗ ӨЗГӨРҮҮЛӨРГӨ даярбы?

Жаш мугалим алгач Орок орто мектебинде ишмердүүлүгүн баштаса, быйылкы окуу жылынан тартып Бишкек шаарындагы №52 орто мектебинде ишин улантууда.

Гүлайым Таалайбек кызынын айтымында, азыркы технологиянын өнүккөн доорунда тарбияланган балдар үчүн бир калыпта өтүлгөн сабактар кызыксыз. Ошондуктан окууга кызыктыруу чоң эмгекти талап кылган процесс. Дайым жаңы ыкмаларды колдонуп, чыгармачылык менен иштөө — заман талабы. Интерактивдүү методдорду колдонуу үчүн 2-3 күн мурда, ал эми кеңири темалар үчүн 5-6 күнгө чейин даярданууга туура келет.

—  12 жылдык билим берүүгө өтүү – учурда коом жана билим берүү системасы үчүн өтө маанилүү баскыч болуп эсептелет. Ар бирибиз бул өзгөрүүгө даярдык көрүп жаткан учур. Бул процесс бир гана мугалимдерден эмес, ата-эне жана окуучулардан да чоң даярдыкты талап кылат. Мугалимдер үчүн негизги даярдык көбүнчө 11-12-класс профилдик окууга багытталгандыктан, биз өзүбүздүн предметибизди жана сабак берүү методикабызды мурдагыдан да тереңдетип, окуучуларга туура багыт көрсөтүүгө аракет кылуубуз керек, — деген ойдо.

БОЛОЧОК МУГАЛИМ ТЫНЫМСЫЗ ӨЗГӨРҮҮЛӨРГӨ даярбы?

Студент үчүн мугалимдик кесипти алып кетүүдө эң чоң кыйынчылык — окуучулар менен иштөө жана алардын сый-урматына ээ болуу болгон. Анткени жогорку класстын окуучулары өздөрүнө теңтуш көрүп, мугалимине олутуу караган эмес. Бирок жаш мугалимди окуучулардын мындай мамилеси сындырган эмес. Окуучулардан көп нерсени билерин, билими терең экендигин көрсөтүш үчүн күнү-түнү даярданып, ар бир сабакка катуу даярдыкта барып турган. Ошентип бара-бара өзү тууралуу жакшы ойду калыптандыра алган.

—  Окуучулар менен иш алып баруу кылдаттыкты жана жогорку деңгээлдеги даярдыкты талап кылат. Өзгөчө алар менен тил табышуу татаал процесс. 45 мүнөттүн ичинде отуздан ашык окуучу менен иштешүүгө туура келет. Ар биринин мүнөзү, кызыгуусу, кабыл алуу деңгээли ар түрдүү, ар бири уникалдуу. Окуучулар менен тил табышуу үчүн алардын кызыгууларын билүү өтө маанилүү. Аларды билүү менен сабакта интерактивдүү методдорду жана ар кандай оюн элементтерин колдонууга чоң мүмкүнчүлүк ачылат. Мисалы, алардын ойной турган оюндарындагы персонаждардын сүрөттөрүн чыгарып, “Эгерде силер жакшы жооп берсеңер, силердин оюндагы сыйлыктарды берем” деп мотивация берсе болот. Бул – окуучулар менен тил табышуунун эң жакшы ыкмаларынын бири деп эсептейм.  Мугалимдин окуучуларды колдоп, алардын аракетин баалап турушу тил табышууну жеңилдетет, — дейт мугалим.

Ал эми билим алып жаткан окуу жайында бүтүрүүчү-студенттерди даярдоо үчүн бир топ даярдыктар көрүлүп жатканын айтат. Алсак, семинарларда маалымат алмашуу жүрүүдө. Методисттер студенттерге жана мугалимдерге интерактивдүү жана эффективдүү методдорду үйрөтүп, жаңы усулдарды колдонуу боюнча иш алып барууда. Окуучуларга кандай методдорду колдонуп эффективдүү билим берсе болот же алардын өз алдынча иштөөсүн кантип жакшыртууга болот деген маселелер талкууланууда. Ошондой эле “Сабак өтүүнүн ыкмасы” сабагында окутуучулар жаңы методдорду колдонууга басым жасап, студенттерди заманбап усулдарды үйрөтүп жатышат.

Бүтүрүүчү улуттук билим берүү моделине өтүүдө бир гана билим берүү уюмдарыын  даярдыгы аздык кылат, ар бир мугалим өз алдынча аракет кылып, даярданышы керек деп эсептейт. Бул максатта ар кандай илимий чөйрөлөр менен байланыш түзүп, конок лекцияларга катышып, тажрыйбалуу адистердин ой-пикирлерин угат. Ошондой эле азыркы учурда жасалма интеллектти жардамчы катары колдонсо жакшы жыйынтык болорун айтат.

 

БОЛОЧОК МУГАЛИМ ТЫНЫМСЫЗ ӨЗГӨРҮҮЛӨРГӨ даярбы?

Институттун аракеттери

Мектепке чейинки жана башталгыч билим берүү тармагындагы адистерди, тактап айтканда, мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын тарбиячыларын, башталгыч класстардын мугалимдерин, музыка, дене тарбия жана англис тили мугалимдерин жана IT адистерин даярдаган Т.Эрматов атындагы Бишкек музыкалык-педагогикалык институту да улуттук билим берүү моделине өтүүгө, тактап айтканда, ушул жылдын сентябрь айында бала бакча, мектептерге барып, жаңы система боюнча билим берүүгө даярдыкты кызуу башташты. Бүгүнкү күндүн студенттерине замандын талаптарына ылайык кантип бала бакчадагы балдардын жаш өзгөчөлүгүнө жараша компетенттүүлүгүн өнүктүрүшүбүз керек, кандай ыкмалар аркылуу аларды келечектеги коом менен бирге жашаганды, кичинекей балдарга улуттук баалуулуктарды сиӊирип, Кыргыз жаранымын деген философияны калыптандыруу керек экенин окутуучулар үйрөтүп, сабак учурунда студенттер менен талкулашууда. Ошондой эле институттун окутуучулары жаӊы талаптарга жооп берген стандарттарды иштеп чыгууга да активдүү катышууда.

 

  • Өлкөдө билим берүү трансформациясы жүрүп жаткан кезде, албетте, биз студент-келечектеги мугалимибизди кесиптик ишмердүүлүккө даярдашыбыз керек. Келечектеги мугалимди даярдоодогу негизги милдет – студенттердин кесиптик билимдерин жана көндүмдөрүн гана эмес, өзгөрүп жаткан билим берүү чөйрөсүндө натыйжалуу иштөө үчүн зарыл болгон жеке сапаттарды да өнүктүрүүгө мүмкүндүк берүүчү шарттарды түзүү. Болочок мугалим билим берүү системасындагы тынымсыз өзгөрүүлөргө даяр болушу, жаңы талаптарга ыңгайлашуусу, инновациялык методдорду жана технологияларды ишке киргизе алуусу, окуучулардын түрдүү категориялары менен иштөөсү маанилүү. Институттун негизги миссиясы — келечектеги мугалимдердин компетенттүүлүгүн өнүктүрүү жана аларга билим берүү, — дейт Улан Мамбетакунов.

БОЛОЧОК МУГАЛИМ ТЫНЫМСЫЗ ӨЗГӨРҮҮЛӨРГӨ даярбы?

Ошондой эле директор билим берүүдөгү жаӊылыктардан артта калбай, мамлекетибиздин реформаларына салым кошолу деген максатта окуу жайда чет элдин тажрыйбасы үйрөнүп жатканын айтат. Мисалы, институттагы жапон волонтер-мугалими аркылуу Жапониянын тажрыйбасын өздөштүрүүдө. Мындан сырткары, Россия менен да кызматташтыгын арттырууда. Москванын мектепке чейинки эл аралык академиясынын өкүлдөрү институтка келип, студенттерге жана бала бакчанын тарбиячыларына балдарды эрте өнүктүрүүдөгү өзгөчөлүктөр боюнча эки күндүк семинар-тренинг өтүшкөн.

Мектептерде педагогикалык кадрлардын жетишсиздиги маселесин чечүү максатында институт орто кесиптик билимдин базасында студенттер үчүн педагогикалык практикага өзгөчө көңүл бурат. Практика студенттерге теориялык билимди бекемдөө үчүн гана эмес, балдар менен иштөөдө маанилүү көндүмдөрдү алуу, ошондой эле окутуунун жана тарбиялоонун заманбап ыкмаларын өздөштүрүү үчүн уникалдуу мүмкүнчүлүк берет.

Практика учурунда студенттер окуу процессинин реалдуу шарттары менен таанышып, анын өзгөчөлүктөрүн талдап, ошондой эле педагогикалык маселелерди чечүүдө өздөрүнүн чыгармачылык жана кесиптик жөндөмдүүлүктөрүн көрсөтө алышат. Бул тажрыйба өзүнө болгон ишенимди арттырууга жана келечектеги билим берүү тармагындагы карьерага даярданууга жардам берет.

 

АЙГЕРИМ ТОКТОБАЕВА, “КУТ БИЛИМ”

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер