12 ЖЫЛДЫК БИЛИМ САПАТЫН ЖАКШЫРТАБЫ?

  • 12.02.2025
  • 0

2018-жылдан бери ары түйшүктүү, ары сыймыктуу кесипти аркалап келем. Жоопкерчилик жана ар дайым өнүгүүнү талап кылган мугалимдик жолумда окуткан окуучуларым дүйнөнү жаңыча көз караш менен карап, заман талабына жараша билим алууну каалап жаткандыгы көрүнүп турат. Анткени, азыркы окуучулар алар менен заман тилинде баарлашууну самашат. Өзүмдүн көп эмес иш тажрыйбамда дуушар болгон ар кандай кырдаалдарга байланыштуу, азыркы учурда ишке киришем деп турган “12 жылдык мектеп” жөнүндө өз оюмду бөлүшүүнү туура көрдүм.

12 ЖЫЛДЫК БИЛИМ САПАТЫН ЖАКШЫРТАБЫ?

Эл аралык практикада 12 жылдык билим берүүгө өтүү бир канча жылды талап кылган, жаңы стандарттарды, программаларды иштеп чыгууну, мугалимдерди кайра даярдоону, окуу материалдарын, каражаттарын камсыздоону, баалоо системасын кайра иштеп чыгууну өз ичине камтыган концепция экени маалым. Изилдөөлөргө таянып 2024-2028-жылдарга карата мектептик билим берүүнүн он эки жылдык түзүмүн этап-этабы менен киргизүү боюнча иш-аракеттер планын Министрлер Кабинети бекиткен. Дал ушул он эки жылдык окуу иш жүзүнө аша турган болсо, билим сапаты жакшырабы? Менин оюмча, албетте, жакшырат. Анын бир канча жолдоруна токтолуп кетели.

Биринчи —  алты жаштан мектепке барган бала үчүн айлана-чөйрө өнүгүүнүн булагы болот. Башкача айтканда, бала чоң кишилерден белгилүү билимдерди гана албастан, дүйнөнү таануунун, аракеттенүүнүн ыктарын өздөштүрөт. Психологияда алты жаштагы бала коомдук баалуу иш-аракеттерге умтулуу менен жаңы түшүнүктөрдү,  оюн иш-аракетин калыптандырат. Демек, он эки жылдык билим берүү планында көрсөтүлгөндөй, балдар оюн аркылуу коомго аралашып, билимге деген кызыгуулары пайда болот. Андыктан алты жаштан баланын мектептен билим алуусу көп мүмкүнчүлүктөргө жол ачат деп ойлоймун. Экинчи — 7-9-класста окуучулар турмуштук кырдаалды чечүүгө, жөндөмүн, билимин өнүктүрүшөт. Башкача айтканда, бул класста балдар алган билимдерин турмуш менен байланыштырып, аны жашоодо колдонууга көнүгүшөт. Ал үчүн мугалимдер өз билимин өркүндөтүү менен окутуунун жаңы ыкмаларын өздөштүрүп, окутуунун 5Е моделин колдонуу аркылуу STEM максаттарга таянып сабак өтүшөт. Бул окуучу үчүн кызыктуу жана натыйжалуу болот деп ишенем.  Үчүнчү — 10-12-класста болсо окуучуларды кесипке багыттап окутуу улантылат. Бул келечек муун үчүн өтө маанилүү. Анткени окуучулардын көпчүлүгү мектепте үйрөнгөндөрүн турмушта колдонууда кыйналышат. Кесипке багыттап окутууда  ар бир окуучу өзүнүн шык жөндөмүнө, кызыгуусуна карап  сүйгөн кесиби боюнча билим алышат. Бул, албетте, окуучу үчүн да, мамлекетибиздин эртеңи үчүн да пайдалуу. Ошондо гана мектеп адамдагы эң чоң жөндөм-шыктардын бири болгон кызыгууну ойготуу менен жакшы жетишкендиктерге жетише алат.

Дал ушул натыйжалуу билимди окуучуларга жеткирүүдө мугалимдер окутуунун кандай моделин колдонобуз. Ириде Кэмбридждин окуу стандарттарын жана баалоо системасы (менимче, тилдерди өздөштүрүүдө колдонобуз) жана Сингапурдун педагогикалык тажрыйбалары (табигый илимдер үчүн окутуу модели).

Табигый илимдер боюнча Сингапурдун окуу планынын модели өз ичине төмөнкүлөрдү камтыйт.

12 ЖЫЛДЫК БИЛИМ САПАТЫН ЖАКШЫРТАБЫ?

Окутуунун бул модели ар бир сабакты оңой, тез, жеткиликтүү түшүндүрүү көндүмдөрүн, процесстерди камтыйт. Окуучунун алган билими турмушта колдонууга ыңгайлуу жана коом үчүн пайдалуу бир ойлоп табуулардын, изилдөөлөрдүн негизи болушу керек. Мында окуучу баалуулуктарды сактап, этика жана мамиле курууга үйрөнүп, өзөктүү идеяларды ойлоп таап, тажрыйбаларды жүргүзүүгө жөндөмдүү болот. Натыйжада, изилдөөлөрдү жүргүзүү аркылуу, өз алдынча чечимдерди кабыл алууга көнүгөт. Бул жетишкендиктерге бала  сабак учурунда байкоо жүргүзүү, предметтерди салыштыруу,  мамиле түзүү,  ар кандай каражаттарды колдонуу, божомолдоп жыйынтык чыгаруу, талдоо, баалоо көндүмдөрүн өнүктүрүү аркылуу жетишет. Ар бир сабагыбызда жогоруда айтылган көндүмдөрдү калыптандырууга аракет кылсак окуучуларыбыз алган билимин турмушта кеңири пайдалануу менен өз алдынча изилдөөлөдү жүргүзүүгө, чечимдерди кабыл алууга көнүгөт. Албетте, практика жүзүндө ишке ашыруу бул оңойго турбайт, мугалим дагы окуучу дагы көнүгүүсү үчүн бир канча убакыт кетет. Бирок натыйжасы жаман болбойт деп ишенем. Анткени, азыркы учурда илим, техника өнүккөн заманда билим алган балдарыбызды дүйнөлүк аренада көргүбүз келсе билим берүүдө жаңы тепкичтерди басуубуз керек. Башкача айтканда, заман талабына жараша модернизациялоого ылайыкташа билүү адамга кагаз бетиндеги билимге караганда жакшыраак жана көбүрөөк кызмат кылат. 12 жылдык билим берүү да биздин келечек муундун жакшы билим алуусуна өбөлгө түзүү деп кабыл алуу менен мугалимдик жолубузду уланта берели. Мектепти аяктаган ар бир окуучубуз өз алдынча билим ала билген, өзүнө ишенген, коомго активдүү салым кошуучу болуп чоңойсо биздин утушубуз деп билем.

Келечегибиз кең болуп, өлкөбүздүн билим берүү тармагы өнүгүп-өсүп, түйшүктүү ишти аркалаган ар бир кесиптешим аман болсун!

Бактыгүл САГЫНАЛЫ кызы,  Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Д.Жороев атындагы мектебинин математика, физика мугалими

Бөлүшүү

Комментарийлер