УЛУТТУК БААЛУУЛУКТАРГА, РУХАНИЙ МАДАНИЯТКА БАСЫМ ЖАСАГАН ӨМҮРКҮЛ ЭЖЕЙ
- 29.01.2025
- 0
“Дарак бир жерден көгөрөт” демекчи, жакында эле 2024-жылы 23-декабрда Президент Садыр Нургожоевичтин колунан “Кыргыз Республикасына эмгек сиңирген мугалим” деген ардак наам алган Карачева Өмүргүл Сулаймановна 51 жылдан бери Ысык-Көл обулусунун Балыкчы шаарындагы З.Исаева атындагы № 4 мектеп- гимназияда тарых, адам жана коом мугалими болуп иштеп, улуттук баалуулуктарга басым жасап келет. Себеби, жолдошу, маркум Аман Батырканов өз учурунда чыгармачыл мугалимдердин жаңычыл ыкмаларын пайдаланып келген.
Союз учурунда ал Украинанын Донецк шаарындагы таанымал математик мугалим В. Шаталовго барып, анын “Таяныч белгилерин сабакка пайдалануу” ыкмасын үйрөнүп, сабактарына катышып, таяныч белгилерин тарых сабагына колдонуу ыкмасын республикада биринчи колдонуп, Кыргызстандагы чыгармачыл мугалимдердин слетунда кыргыз окумуштуулардын, чыгармачыл мугалимдердин катышуусунда сабак өтүп, көп ийгиликтерге жеткен. Өзү иштеген № 4 орто мектебин жаңы типтеги гимназия-мектеп болушуна зор салымын кошкон. Эки түгөй сабак өтүүдөгү жаңычыл ыкмаларды колдонуу боюнча алдыларына көптөгөн максаттарды коюп келишкен. Жолдошу каза болгондон кийин Өмүргүл эжей белин бекем бууп, төрт уулун чоңойтуп, алдыга койгон максаттарын аткарууну өз колуна алган. Өмүргүл Сулаймановна чыгармачыл, изденүүчүлүк менен эмгектенген устат мугалим катары Балыкчы шаарындагы тарых мугалимдеринин методикалык бирикмесин 1995-жылдан бери жетектеп, аларга методикалык жардам көрсөтүп келүүдө. Жаңы технологияларды колдонуп, мугалимдерге ар тараптан жардам берип, илим менен техниканын заманында заманбап техникалык каражаттарды сабакта пайдалана билүүсүнө түрткү берип келет. Мектеп 1991-жылы “Сорос Кыргызстан” фондусунун пилоттук мектеби болгон күндөн баштап, “Граждандуулукту таануу” боюнча окуу программасынын долбоору боюнча жогорку класстын окуучуларынан “Лидер” клубун уюштуруп, мектеп парламенттин түзгөн. 2007-2008-окуу жылында “Айылдык билим берүү” долбооруна катышып, “ Мугалим- мастер” сертификатын алган.
— Учурда өлкөбүздөгү улуттук билим берүүнүн жаңы моделин түзүү демилгесин ар тараптан колдоого алып, салым кошуубуз зарыл. Себеби, башка өнүккөн өлкөлөрдүн билим берүүсүндөгү артыкчылыктарын улуттук баалуулуктарыбыз менен айкалыштырып, аларды туурабай өз жолубузду аныктоо аракети көрүлүп жатканы кубандырат. Жакында эле Президентибиз кол койгон «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» уңгужолу жөнүндөгү жарлыгы билим берүүбүздүн өзөгү болушу керек. Айрым балдар учурда коомдон оолактап, роботтой болуп, мекенчилдик сезими жок, улуттук баалуулуктарды билбей калып баратканы өкүндүрөт. Мектепте айрым кесиптештерибиз сабак өтүү менен гана чектелип, таалим-тарбияга басым жасалбай, ата-энелер дагы үйдө балдарын турмуш, шартка жөндөмдүү кылып тарбиялоого көңүл бурбай калган жагдайлар орун алууда, — деди Өмүргүл эжей.
Ошондуктан элибиздин үрп – адаты, каада – салты, руханий маданияты боюнча өзү өткөн тарых сабагында эле эмес, сабактан тышкаркы иштерде да, окуучуларга тереңирээк үйрөтүү максатында “ Мурас “ автордук программасын мурда эле түзгөн. Программанын максаты: элдик педагогиканын негизинде кылымдарды карыткан улуу нарк-насилибизди, салтыбызды, тилибизди, тарыхыбызды, маданиятыбызды сактоо менен аны жаңылатып өстүрүп-өркүндөтүп муундарыбызга өткөрүп берүү. Жолдошу Аман Батыркановдун демилгеси менен мектепте тарыхый-этнографиялык музей түзүлгөн. Бүгүнкү күндө музейди Өмүргүл эжей жетектеп келе жатат. Музейдеги иштерди такай жүргүзүү максатында Өмүргүл эжей “МУРАС” автордук программасын түзүп, анын негизинде “Мурас” илимий тобун уюштурган. Бул программасы 1996-жылы облустук мугалимдердин билимин өркүндөтүү институтунда жактырылып, облустагы мектептер ийримдерине, тарбия сааттарына колдонуп келет. 35 жыл аралыгында илимий топтун мүчөлөрү кыргыз элинин көөнөргүс мурастарын, кыргыз элинен чыккан чыгаан инсандардын өмүр жолун изилдешип, өздөрүнүн чакан илимий иштери менен 1 – 11- класстар арасында тарбия сааттарын, жолугушуу кечелерин өтүшүп, шаардык, облустук, республикалык деңгээлдеги конференцияларга, сынактарга катышып турушат. 2011-жылдан бери Кыргыз Билим берүү академиясынын социалдык-гуманитардык предметтер лабораториясы менен тыгыз байланышта кызматташып келүүдө. 2011- жылы республикада өткөрүлгөн педагогикалык окууга катышып, “ Мурас “ илимий тобунун иш тажырыйбасы жөнүндөгү доклады жогору бааланып, экинчи даражадагы диплом менен сыйланган. 2017-жылы мартта өзү иштеген Балыкчы шаарындагы № 4 гимназия мектебинде Кыргыз билим берүү академиясы менен бирдикте өткөрүлгөн түрк тилдүү мамлекеттердин жалпы билим берүүчү уюмдарынын (мектеп, гимназия, лицей) окуучуларынын жана мугалимдеринин, окумуштуу педагогдордун “ Түрк дүйнөсү: Дүйнөлүк көркөм маданият” аттуу эл аралык илимий-практикалык конференцияны өткөрүүнүн демилгечиси жана уюштуруучусу болгон.
Балыкчы шаарынын 60 жылдыгына арналган “Ысык-Көл куту Балыкчы” аттуу тарыхый-хронологиялык китептин 1-бөлүмүнө анын шаардын тарыхы жөнүндөгү изилдөө иши киргизилген.
Өмүргүл Сулаймановна окуучуларга билим берүү менен эле чектелбестен, коомдук иштердин да активдүү катышуучусу. Шаарда болуучу иш –чараларга такай катышып турат. 1995-жылдан бери мектепте кесиптик кошундар уюмунун төрайымы болуп иштеп келет. Мугалимдердин укугун коргоодо мектеп жетекчилиги менен түзгөн келишимдин негизинде алардын көптөгөн чечилбеген маселелерди чечүүдө бир катар иштерди аткарды. Ошондой эле мугалимдер үчүн эс алуу бөлмөсүн уюштуруп, алардын сабактан тышкары эс алуусуна шарттарды түздү. 2015-жылы шаардагы ардагер мугалимдерден түзүлгөн “Айым эне” фольклордук-этнографиялык топту уюштуруу менен жаштар арасында кыргыз элинин каада-салтын, руханий маданиятын жайылтуу максатын койгон. Он жыл аралыгында “Айым-эне” тобу шаар, облус, республикалык, дүйнөлүк кароо-сынактарга катышып келишет. Мисалы, 2022-жылы Түркиянын Фидьхие шаарында өткөн “Дүйнө элдеринин маданияты”, 2023-жылы Болгариянын Монтана шаарында өткөн “Эл аралык фольклор” фестивалдарына катышып келишти. 2016,2018-жылдары өткөрүлгөн II,III Дүйнөлүк көчмөндөр оюнун уюштурууга жигердүү катышкандыгы үчүн КР Өкмөтүнүн “Ыраазычылык каты” менен сыйланган. Өзүнүн иш тажрыйбасы жөнүндө “Мугалимдин ийгилиги окуучусунун турмуштан татыктуу орун алышы” аттуу китеп жазып, бет ачаары да болгон. Ысык-Көл облустук билим берүү институтунун илимий-методикалык кеңешинин чечими менен Ө.Карачеванын “Эмгектен жаралган ийгиликтүү тажрыйбалар” аттуу усулдук колдомосу бекитилип, иш тажрыйбасы облустагы мугалимдер арасында жайылтылган.
2020-2021-жылдары COVID-19 пандемияга байланыштуу карантин учурунда дистанттык окуунун жүрүшүндө тарых, адам жана коом сабактары боюнча 80 жакын видео-сабактарды даярдап, Ютуб каналына жайгаштырган. Анын видео-сабактарын өлкөбүздөгү тарых мугалимдери өздөрүнун сабактарында пайдаланып жүрүшөт. Азыркы учурда Кыргыз Билим берүү академиясынын социалдык-гуманитардык предметтер лабораториясы менен бирдикте 5-11-класстарга карата “Адам жана коом” сабагы боюнча электрондук китепке видео-сабактарды даярдап, Ютуб каналына жайгаштырып келүүдө.
2024-жылы Билим берүү жана илим министирлиги, Кыргыз билим берүү академиясынын окумуштуулар кеңеши тарабынан № 02.38 (10) токтомунун негизинде Ө.Карачева эженин “Мурас” автордук программасы КР жалпы орто билим берүү уюмдары (мектеп, гимназия, лицей) үчүн тарыхый билимдерди өздөштүрүү боюнча ийримдик иштерде жана тарбиялык сааттарда кошумча окуу колдонмосу катары сунушталган.
Өмүркүл Сулаймановна 9-11-класстары үчүн “Адам жана коом” окуу китебин жазган авторлорунун бири. Бул окуу китептери 2023-2024-окуу жылында республикадагы мектептердеги окуучуларга пайдаланууга таркатылды. “Жаштарды өнүктүрүү” институту тарабынан “Адам жана коом” предметинин мазмунун калыптандыруу боюнча эксперттик комиссиянын мүчөсү. Бишкек шаарындагы Манас таануу Академиясынын мүчөсү.
-Мен келечекте журналист болсом деп ойлочумун. Айылыбыздан чыккан Дүйшөбүбү Жамансартова деген эжебиз мен мектепте окуп жүргөн мезгилде “Кыргызстан пионери” гезитинде иштечи. Жолугуп калган учурда “мектептеги жаңылыктарды гезитке жазбайсыңбы”- деп калды. Мен адабият жана тарых сабактарын жакшы көрчүмүн. Дүйшөбүбү эжеме мектеп жөнүндө жазган кабарларым жагып, гезит беттерине чыгарып жүрдү. “Кыргызстан пионери” гезитинин сырткы кабарчысы деген күбөлүк да беришти. Эжебиз “сенден жакшы журналист чыгат, журналистикага тапшыр” дечү. Мен мектепти бүткөн мезгилде университеттин филология факультетинде журналистика бөлүмү жабылып калып, тарых факультетине тапшыргам. Ал жерден өмүрлүк жолдошум Аманды таптым. Аман өзү Балыкчы шаарынан болчу. Төрт уулду болдук. Азыр төрт уулум үйлөнүп-жайланып, турмуштан орундарын таап өз уул-кыздарынын келечеги жөнүндө кам көрүп жаткан учуру. 15 неберем бар,-дейт Өмүркүл эжей.
Азыркы күндө да эжей сүйүктүү мугалимдик кесибин улантып, келечек муундарды окутууда жана тарбиялоодо, билим берүүгө чоң салым кошуп, өзүнүн кесибинин чыныгы кесипкөйү жана жаштардын насаачысына айланып, урмат-сыйдын ээси.
Кабыл Макешов, “Кут Билим”
Комментарийлер