УЛУТТУК АККРЕДИТАЦИЯЛЫК КЕҢЕШТИН МҮЧӨЛҮГҮНӨ ЖУМУШ БЕРҮҮЧҮЛӨРДҮН ЖАНА АЛАРДЫН КЕСИПТИК БИРИКМЕЛЕРИНИН МҮЧӨЛӨРҮ ҮЧҮН АЧЫК КОНКУРС
- 09.03.2023
- 0
Билим берүү жана илим министрлиги Улуттук аккредитациялык кеңештин мүчөлүгүнө жумуш берүүчүлөрдүн жана алардын кесиптик бирикмелеринин мүчөлөрү үчүн ачык конкурс жарыялайт.
Документтерди кабыл алуунун мөөнөт 2023-жылдын 10-мартынан 15-мартына чейин саат 18.00.
Тандоого катышуу үчүн төмөндөгү документтер керектелет:
— жеке арызы;
— резюме (электрондук даректи көрсөтүү менен);
— нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн билими жөнүндө документтин көчүрмөсү;
— нотариустан же иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү;
— жумуш берүүчүнүн жана алардын кесиптик бирикмесинин сунуштамасы;
— паспорттун көчүрмөсү.
Кошумча маалымат алуу үчүн: (0312) 62-10-46, 0705155844
Бөлүшүү
Комментарийлер