“УЛУТТАР БИРИМДИГИ“ КОЛЛЕКЦИЯСЫНЫН КӨРГӨЗМӨСҮ

  • 05.06.2024
  • 0

Б.Сыдыков атындагы Кыргыз –Өзбек Эл аралык университетиинин 30-жылдыгына карата инженердик–технологиялык факультетинин колдонмо механика жана дизайн кафедрасы тарабынан “Жыл модасы 2024” аталышындагы сынак болуп өттү.

“УЛУТТАР БИРИМДИГИ“ КОЛЛЕКЦИЯСЫНЫН КӨРГӨЗМӨСҮ

Иш-чарага окуу жайдын ректору, экономика илимдеринин доктору, профессор Абдилбает Мамасыдыков, инженердик-технологиялык факультеттин деканы Ильязбек Исаев, Кыргызпатенттин өкүлү Дамира Түлөбердиева, Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетине караштуу Интеллектуалдык  менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин алдындагы Интеллектуалдык менчик мамлекеттик  фондунун чыгармачылык демилгелерди шыктандыруу бөлүмүнүн башчысы жана Ош шаарындагы белгилүү дизайнерлер катышып, жаш адистердин жасаган эмгектерине эң жакшы деген бааларын беришти.

“УЛУТТАР БИРИМДИГИ“ КОЛЛЕКЦИЯСЫНЫН КӨРГӨЗМӨСҮ

Соңунда сынактын катышуучуларына университеттин, бириккен профсоюз уюмунун жана Кыргызпатенттин дипломдору, акчалай сыйлыктары тапшырылды.

Белгилей кетсек, бул сынак студенттердин теориялык билимин практикалык жактан бекемдөө максатында жыл сайын өткөрүлүп келет.

Бөлүшүү

Комментарийлер