УЛУТ НАРКЫ МАДАНИЯТ – ЖҮЗҮБҮЗ, БИЛИМ, ТАРБИЯ, МЕКЕНЧИЛИДИК — КҮЧҮБҮЗ
- 26.03.2025
- 0
Ат-Башы районундагы Боогачы атындагы Ак-Муз орто мектебинин мугалими Байыш Абдыбеков “Улут наркы маданият – жүзүбүз, билим, тарбия, мекенчилидик – күчүбүз” аталышындагы облустук деңгээлде окуучуларга тарбия саат өттү.
Иш-чарага Нарын облусунун жалпы билим берүү мекемелеринин жетекчилери, мугалимдер жана чакырылган коноктор катышты. Сабак улуттук баалуулуктарды көрсөтүү менен башталып, катышуучуларды мекенчилдик жана улуттук тарбиянын маанилүүлүгүнө чакырышты.
Сабактын алкагында «XXI кылымда билим берүүдө китеп зарыл эмес» темасында дебат уюштурулуп, ар тараптуу пикирлер айтылды. Андан соң Бексултан Жакиевдин «Атанын тагдыры» драмасы сахналаштырылып, катышуучуларга күчтүү эмоциялар тартууланды. Ошондой эле, «Көгүчкөн» театрлашкан форуму көрсөтүлүп, катышкан педагогдор жогорку баасын беришти.
Аталган иш-чара Улуу Ата мекендик согуштун 80 жылдыгына карата уюштурулуп, максаты — улуттук тарбиянын маңызын жеткирүү, жаштарды мекенчилдикке тарбиялоо болуп саналат.
— Семинардын максаттарынын бири — буга чейин өтүлгөн тарбиялык сааттардын жыйындысы жана жалпылоо болсо, түпкү маңызы — окуучулардын келечегине эң керектүү болгон адеп-ахлак, улуттук баалуулуктардын, нарк-насилдин уңгусун тереңирээк ачып берүү болуп саналат. Азыркы учурдун талабына ылайык, заманбап технология жана жасалма интеллект, виртуалдык жашоо образы жашообузга өтө тездик менен сүңгүп баратат. Ошону менен бирге эле тилибиздин, нарк-насил, каада-салтыбыздын, улуттук баалуулуктардын орду такыр башкача нукка бурулуп бараткандай. Биздин мугалимдердин эң башкы милдети — агартуу жаатында гана эмес, окуучунун сабатын жашоо турмуштук агымга да туура багыттоо жана мекенчилдик мүнөзүн калыптап, тарбиялоо экенин баарыбыз эле жакшы билебиз. Биз, мугалимдер жаңы технологиянын жана интернет айдыңынын өнүгүүсүндөгү оң жана терс тараптарын таамай талдап, заманбап технология жана улуттук баалуулуктардын маңызын бирдей жеткирип, окуучулуларыбызды бир ортолукка чакыруучу методдорду колдонсок деген максатта мектепте өтүлүп жүргөн тажрыйбаларыбыз менен облустук деңгээлге алып чыгып, тааныштырдык, — дейт элеттик мугалим.
Мындан сырткары 21-кылымда билим берүүгө китеп зарыл эмес деген темада дебат өтсө, окуучулар арасында курч маселе болгон рэкетчиликтин алдын алуу максатында “Көгүчкөн” аттуу форум театр ж.б. маанилүү темаларга кайрылды.
Семинардын сонунда алдыңкы он жеңүүчүгө демөөрчүлөр тарабынан сыйлыктар тапшырылды.
Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут билим”
Комментарийлер