УЛУТ АРАЛЫК ЫНТЫМАКТЫ ДАҢАЗАЛАГАН ОКУУ ЖАЙ

  • 23.05.2024
  • 0

И. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиянын дарылоо факультетинде билим алып жаткан 4-курстун студенти Абубакар Пакистандан келген. Ал башка чет өлкөлүк студенттерге окшоп өз мекенине кайтууга шашкан жок. Себеби Кыргызстандагы кырдаал социалдык тармактарда жазылып жаткандай оор эмес.

УЛУТ АРАЛЫК ЫНТЫМАКТЫ ДАҢАЗАЛАГАН ОКУУ ЖАЙ

Студенттин айтымында, жаман улут болбойт, жаман адам болот.  Кыргызстанда билим алууну мусулман өлкө болгону үчүн тандап алган. Анүстүнө, Кыргызстанда жашоо кыйын эмес, эркин жүрүүгө болот. Жергиликтүү кыргыз студенттеринин арасында достору көп болгондуктан,  алар абалын сурап, байма-бай кабар алып турушат.

  • Менин кыргыз досторум өз окуу жайымда да, башка ЖОЖдордо да көп. Алардан дайыма колдоо табам. Бул кырдаалда да бизге жардам беришти. Окуянын 1-2-күндөрү жатаканада болдук, ошондо азык-түлүк алып келип берип жатышты. Азыр кырдаал нормалдуу. Ошентсе да дагы деле жатаканада окуубузду улантып жатабыз, себеби онлайн. Сейилдегенге чыксак да дайыма жаныбызда. Азыр кыргыз студенттери менен биргеликте кыйынчылыкка кабылгандарга көмөк көрсөтүүдөбүз. Жаңылыктарда берип жаткандай коркунучтуу эмес, — дейт Абубакар.

УЛУТ АРАЛЫК ЫНТЫМАКТЫ ДАҢАЗАЛАГАН ОКУУ ЖАЙ

Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында жалпы 3607 чет элдик студент билим алса, анын 2812 алыскы, 795 студент жакынкы өлкөлөрдөн келгендер. 18-майга караган түндөгү чет элдик студенттер менен жергиликтүү жаштардын ортосундагы жаңжалдан кийин окуу жайда окуган чет элдик студенттердин арасында өлкөсүнө өз жолу менен кеткендер аз санда. Бирок окуу жайдан чыгууга атайын арыз менен кайрылгандар каттала элек.

УЛУТ АРАЛЫК ЫНТЫМАКТЫ ДАҢАЗАЛАГАН ОКУУ ЖАЙ

Окуу жайдын англис тилинде окутуу жүргүзгөн №1 дарылоо факультетинин деканы Бактыгүл Омокееванын айтымында, кечки саат 10-11лер чамасында окуя башталганда эле студенттерди колдоого алган. Себеби социалдык тармактардагы ар кандай жалган маалыматтар  WhatsApp группаларга тарап жаткандыктан студенттер тынчсызданып, окутуучуларына жазып, чала баштаган. Окуу жайдын администрациясы түнкү саат экиде ыкчам түрдө чогулуш өткөрүп, ар бир жатакана, студенттер жашаган батирлердин алдына нөөмөткө турган. Ошентип чет элдик студенттер окуу жайдын жамаатынын коргоосунда болду. Мамлекет да дароо реакция жасап, тиешелүү кызматтар курчоого алган. Азыркы учурда кырдаал тынч. Чет элдик студенттер эч кандай дүрбөлөңсүз жатаканаларында, окуу жайда.

  • Студенттердин басымдуу бөлүгү жатаканада жашайт, өз алдынча батирде тургандар да жок эмес. Ал күнү студенттер «алып кетиңиз» деп көп кайрылышкан. Ошондуктан эки күн бою окуу жайдын ректору Индира Кудайбергенова баш болгон жалпы жамаат шаардын бардык аймактарынан студенттерди чогултуп, жатаканаларга алып келип карадык. Ар бири менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздүк. Студенттердин көзүндө коркуу сезими болду. Батирлерде жашаган студенттер эшиктин алдынан жергиликтүү калкты көрсө эле «Бул жерде жергиликтүү балдар чогулуп жатат» деп чалып жатышты. Бирок Кыргызстандан чыгып кеткендер аз. Өлкөдөн кеткендердин көбү атайын борт уюштурулган пакистандык жарандар. Азырынча так санын билбейбиз. Себеби «Манас» аэропортунда бомба бар деген маалымат тарагандан кийин кимиси кетүүгө жетишкенин, ким кете албай калганын билбейбиз. Аэропортто калган студенттердин баарын алып келдик, — дейт окуу жайдын деканы.

УЛУТ АРАЛЫК ЫНТЫМАКТЫ ДАҢАЗАЛАГАН ОКУУ ЖАЙ

Медакадемиянын окутуучулук курамы эле эмес, студенттери да өз алдынча ыктыярчылар тобун түзүп, тамак-аш менен камсыз кылып, коомдук жайларда жүрүүсү үчүн шарт түзүп, чет элдик студенттерге колдоо көрсөтүүдө. Окуу жайдын дарылоо иши факультетинин 4-курсунун студенти, студенттик сенаттын төрагасы Алмазбек Шадыбековдун айтымында, окуя болгондо дароо эле жакындан достошуп калган курсташтарынан кабар алган. Алгач 20 студент эки жатаканага бөлүнүп, дүкөнгө чыга албаган студенттердин керектүү азык-түлүк, буюмдарын алып келип жатышкан. “Атайын ыктыярчылар” деген WhatsApp группасына учурда миңден ашык студент катталды.

  • Биз эч күтпөгөн жагымсыз кырдаал орун алды. Бул үчүн алгач биздин дос болуп калган чет элдик студенттерден кечирим сурагым келет. Муну алдын ала көрө албадык. Биз чет элдик студенттер менен абдан жакшы мамиледебиз. Студенттик сенаттын курамында чет өлкөлүк да студенттер бар. Биргеликте иш-чараларды уюштурабыз. Алар кыргыздын улуттук майрамдарына активдүү катышат. Биз да алардын холи сыяктуу майрамдарын чогуу майрамдайбыз. Бири-бирибиздин маданиятыбыз менен таанышуу бизге кызыктуу. Ар бир иш-чараны ынтымактуу, шаңдуу өткөрөбүз. Мындан ары деле бирге иштей беребиз. Чет элдик студенттер башында бир аз коркуп жатканын айтышкан. Бирок азыр ортодо провокация болуп кеткенин түшүнүп жатышат. Чет элдик студенттердин жарымы онлайн окууга өткөн. Чоң курстар офлайн форматта окуусун улантууда.  Үйдөгүлөр бир жакка барыш керек болсо, унаасы бар студенттер ташып же жанында коштоп жүрүүдөбүз. Ыктыярчылар жатакананын биринчи кабатында отурушат. Кимге, эмне керек болсо, улам алып келип турушат. Азыр абал тынч, — дейт студент.

УЛУТ АРАЛЫК ЫНТЫМАКТЫ ДАҢАЗАЛАГАН ОКУУ ЖАЙ

Медакадемиядан башка чет өлкөлүк студенттерге билим берген окуу жайлар да моралдык, материалдык колдоосун көрсөтүүдө. Мисалы, Ош мамлекеттик университетинде чет элдик студенттер үчүн ыкчам штаб түзүлүп, аны окуу жайдын ректору Кудайберди Кожобеков өзү жетектеди. Атайын иш план түзүлүп, ага ылайык жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, Ички иштер министрлиги, коопсуздук кызматы менен биргеликте иш алып барылып жатат. Нөөмөт графиги бекитилип, студенттер менен психологдор иштешүүдө, андан сырткары окуу жайдын клиникасы да тартылган. Алар 24 саат бою студенттер менен байланышта болуп, керектүү тамак-аш азыктарын жеткирүүдө. Окуу жайда төрт аймакка колл-центр уюштурулуп, ал ачылган биринчи күндө эле миңден ашуун чет элдик студент кайрылган. ОшМУнун эле эмес, Бишкек шаарындагы ЖОЖдордун студенттеринен да суроолор келип түшкөн. Студенттер жылуу камкордук үчүн ыраазычылыгын социалдык тармактар аркылуу билдиришүүдө.

Мамлекет жетекчилигинин тапшырмасы менен Министрлер кабинети жабыркаган чет элдик студенттерге келтирилген чыгымды төлөп берүү маселесин кароодо. Ал үчүн атайын комиссия түзүлдү. Компенсация кандай формада жана кандай мөөнөттө жүргүзүлөрү кошумча жарыяланат.

Эң көп чет өлкөлүк студент окууга тапшырган ЖОЖдордун тизмесин төмөнкү материалдан окуй аласыз.

Айгерим Токтобаева, «Кут Билим»

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер