Ар бир чет өлкөлүк студент – инвестор

  • 23.05.2024
  • 0

Өткөн жумада Бишкекте кыргыз жарандары менен чет өлкөлүк студенттердин ортосунда пикир келишпестик орун алган. Анда бир нече жаран жаракат алып, алар жашаган жай талап-тонолгон.

Коопсуздукту камсыздоо максатында Билим берүү жана илим министрлиги тез арада буйрук чыгарып, студенттерди онлайн окууга өткөрдү. Министрлер Кабинетинин төрагасынын  орун басары Эдил Байсалов болсо жабыркаган студенттер менен жолугуп, келтирилген чыгымдар төлөнүп берилерин билдирди.

КР Президенти Садыр Жапаров да бул окуяга көңүл буруп, элге кайрылуу жасады. Анда ал өлкөгө келген чет элдиктердин дагы Ата мекени бар экенин, алар билим алып, иштеген ишинен пайда тапкандан кийин өз мекенине кетерин  унутпоого чакырды.

“Чет өлкөлүктөр Кыргызстандын билим берүүсүн баалап, кызыгып келип, акысын төлөп окуп жатат. Биз аларга сый мамиле кылышыбыз керек. Бизде иштеген чет өлкөлүктөрдүн кызматынан ушул эле биздин кыргызстандыктар пайда көрүп жатканын баарыбыз туура түшүнөлү. Эгерде мындан ары ушундай окуя кайталанса, укук коргоо органдары дароо күч менен таркатып, чет элдик студенттерди сабагандар жазага тартылат», — деп убада кылды.

Ар бир чет өлкөлүк студент – инвестор

Чет мамлекеттен Кыргызстанга көпчүлүгү медициналык билим алуу үчүн келет. Билим экспорту жогорку окуу жайлардын гана негизги булагы болбостон, мамлекеттин экономикасынын өсүшүнө дагы олуттуу салым кошкон тармак.

Эл аралык жогорку медициналык университетинин ректору Сталбек Ахунбаев учурдагы кырдаалды “билим экспортуна сокку катары кабыл алышыбыз керек” деп эсептейт. Ал 20 жылдан ашык иш тажрыйбасында мындай учурга биринчи жолу туш болгон.

Ар бир чет өлкөлүк студент – инвестор

– Кыргызстан коңшу өлкөлөрдүн арасынан өзүнүн толеранттуулугу менен айырмаланат. Биз ошонубуздан жазбай, имиджибизди сактап калышыбыз керек. Кыргызстанды башка чет өлкөдө жакшы таанышат. Бир эле Индияда бизден окуп кеткен 6000ден ашык студент мыкты адис болуп, коомдо ордун тапкан. Ал жакта биздин билимди баалап, сыйлашат. Биз барганда студенттердин ата-энелери, билим тармагына тийиштүү органдардын өкүлдөрү ыраазычылыгын билдирип, жакшы тосуп алышкан. Бул биздин билимдин эл аралык деңгээлде беделинин жогору экенинен кабар берет, — деди ректор.

Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматы боюнча, учурда Кыргызстанда 58600 чет элдик студент окуйт. Алардын ичинен 29 051 адам медициналык багытта билим алат. Басымдуу бөлүгүн Индия, Пакистан жана Бангладештен келген студенттер түзөт. Эң көбү Ош мамлекеттик университетинде окуйт. Кийинки сапта Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы жана Жалал-Абад мамлекеттик университети турат. Ал эми жеке менчик окуу жайларынын арасынан Эл аралык жогорку медициналык мектеби, Кыргызстан эл аралык университети, Азиялык медициналык институту жана Эл аралык медицина университети көп кабыл алган.

Ош мамлекеттик университетинин эл аралык медицина факультетинде учурда 3 551 чет элдик студент окуйт. Университеттин ректору Кудайберди Кожобеков Бишкекте болгон окуядан кийин чет элдик студенттер менен жолугушуп, ыкчам штаб түзүлгөндүгүн билдирди.

Ар бир чет өлкөлүк студент – инвестор

– Университет жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, Ички иштер министрлиги, Коопсуздук кызматы менен биргеликте иш алып барууда. Студенттер менен психологдор иштеп жатат. Билим берүү жана илим министрлигинин буйругунун негизинде окуулар онлайнга өткөн. Университетте төрт аймакка колл-центр уюштурулуп, бардык каалоочулар суроолорго жооп алып жатышат. Социалдык тармактарда студенттер түзүлгөн шарттарга, камкордукка ыраазычылыгын билдирүүдө, — деди ректор.

Кудайберди Кожобеков чет элдик студенттер бир эле университеттин казынасына пайда алып келип жатат деп айтуу туура эмес, алар шаардын экономикасына, жергиликтүү элдин өзүнө чоң пайда алып келип жатканын баса белгилейт.

– Студенттер жашаган аймагындагы дүкөндөрдөн соода кылат, тамак жасап саткан жайлардын, такси кызматын колдонушат, андан сырткары Кыргызстандын кооз жерлерин кыдырып, туризм тармагына да салым кошууда, — деди ректор.

Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында дагы Индия жана Пакистандан келген студенттер арбын. Алардын эсебинен түшкөн каражатка университет инфраструктурасын бир топ жакшыртып алган. Индира Кудайбергенованын айтымында, Медакадемия бюджетинин 20% гана мамлекеттен алат, калган 80% чет элдик студенттердин каражатынан түптөлөт.

Ар бир чет өлкөлүк студент – инвестор

– Окуйм деп келген жаштарга бөгөт койбой, тескерисинче, сүйүнүшүбүз керек. Себеби бул Кыргызстандагы медициналык билим берүүнүн деңгээли алда канча жогору экендигинен кабар берет. Университеттеги студенттер үчүн түзүлгөн бардык шарттар, билим сапаты ошол чет элдик студенттердин каражатына алынууда, — деген ректор медициналык билим берген окуу жайларда чет элдик студенттер үч миң доллардан, ал эми жергиликтүү студенттер 60 миң сомдон кем эмес акча каражатын төлөй тургандыгын белгиледи.

Жогорудагы окуядан кийин 1200дөн ашык студент мекенине кайтты. Алардын көбү 1-2-курстун студенттери. Билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу өлкөдөн чыгып кетүүгө камынган студенттердин жайкы экзамендерин белгилүү бир мөөнөткө жылдыруу зарылдыгы караларын билдирди.

Чет өлкөлүк студенттердин басымдуу бөлүгү медициналык билимди тандашат. Төмөнкү инфографикада Кыргызстандагы эң көп студент билим алып жаткан жогорку окуу жайлардын санын көрсөттүк.

Ар бир чет өлкөлүк студент – инвестор

Жалал-Абад мамлекеттик университети:

Индия – 1693

Пакистан – 604

Бангладеш – 26

Башка өлкөлөр – 3

Жалпы – 2326

Кыргыз мамлекеттик медициналык академия:

Индия – 1396

Пакистан – 1170

Бангладеш – 0

Башка өлкөлөр – 186

Жалпы – 2752

Ош мамлекеттик университети:

Индия – 3366

Пакистан – 125

Бангладеш – 0

Башка өлкөлөр – 52

Жалпы – 3543

Ар бир чет өлкөлүк студент – инвестор

Азиялык медициналык институт:

Индия – 2519

Пакистан – 1815

Бангладеш – 2

Башка өлкөлөр – 5

Жалпы – 4341

Кыргызстан эл аралык университети:

Индия – 29

Пакистан – 2995

Бангладеш – 97

Башка өлкөлөр – 55

Жалпы – 3176

Эл аралык медицина университети:

Индия – 201

Пакистан – 1457

Бангладеш – 0

Башка өлкөлөр – 197

Жалпы – 1855

Эл аралык жогорку медициналык мектеп:

Индия – 3589

Пакистан – 589

Бангладеш – 0

Башка өлкөлөр – 10

Жалпы – 4188

Учурда Кыргызстанда жалпы 58600 чет элдик студент билим алууда. Алардын ичинен 29 051 медициналык багытта билим алат.

Жергиликтүү кыргыздардын арасынан дос тапкан, ынтымакта эриш-аркак жашаган чет элдик студенттердин жашоосун чагылдырган макаланы бул жерден окуңуз.

Эльвира Какиева, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер