УКМК мектеп директорлоруна жыйын өткөрдү

  • 24.02.2025
  • 0

УКМК Каракол шаарында мектеп директорлорунун катышуусунда жыйын өткөрдү. Анын негизги максаты – билим берүү системасындагы көйгөйлөрдү талкуулоо жана корупцияга каршы күрөштү күчөтүү, мектеп окуучулары арасындагы рэкетчиликти жоюу, синтетикалык баңгизатка каршы күрөшүү жана түшүндүрүү иштерин колго алуу болуп саналат.

УКМК мектеп директорлоруна жыйын өткөрдү
Жыйында мектептеги коррупцияны алдын алуу жана билим сапатын жогорулатуу боюнча бир катар маселелер талкууланды.

Иш-чаранын жүрүшүндө Каракол шаардык билим берүү бөлүмү формалдуу отчетторго ээ болгону менен, иш жүзүндө мектеп окуучуларынын натыйжалуу жетишкендиктери болгон эместиги сынга алынды. Алсак, шаардык, облустук, республикалык предметтик олимпиадаларда тыянактуу жыйынтыктар чыкпай жаткандыгы, билим берүүнүн сапатынын эң төмөнкү абалга жеткендигинен кабар берет. Аны менен катар, Ысык-Көл облусунда «Алтын тамга» атестатына ээ болгон окуучулар жок. Андыктан, мектептерде коррупцияга каршы аракеттерди күчөтүү, балдардын укуктарын коргоо жана билим берүүнүн сапатын жакшыртуу боюнча конкреттүү кадамдар белгиленди.

УКМК мектеп директорлоруна жыйын өткөрдү

Расмий маалымат боюнча Ысык-Көл облусунун аймагында 190 мектеп бар. Анда 100 179 окуучу билим алат. Мугалимдердин саны 7150. Бир мугалимге 14 окуучудан туура келет. Кадр тартыштыгы бар, 57 педагог жетишпейт. Облуста 31 мектеп бир нөөмөт менен билим берет. Ал эми 154 мектеп 2 нөөмөт менен иштесе, дагы 5 мектепте окуу процесси 3 нөөмөт менен жүрөт.

Айдана МАМАТБЕРДИЕВА,

«Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер