укмк АКАДЕМИЯСЫ КУРСАНТТАРДЫ КАБЫЛ АЛУУНУ БАШТАДЫ
- 15.11.2024
- 0
УКМКнын Анарбек Бакаев атындагы академиясы 2025-2026-окуу жылына карата курсанттарды кабыл алат.
Бул үчүн талапкердин жашы 17-21ге чейин, бою 170 сантиметрден жогору, салмагы кеминде 60 килограмм болушу керек. Толук орто билими жөнүндө аттестатында окуудагы жетишкендиктери боюнча орточо баллы 4 упай болушу шарт. Ошондой эле өзү, жакын туугандары сот жообуна тартылбашы, өзү, жакын туугандары чет мамлекеттин жараны болбошу керек.
Аңгемелешүүдөн кийин талапкер дарыгерлерден, IQ-тесттен өтүп, дене тарбия даярдыгы боюнча нормативдерди тапшырат.
Бишкек шаары боюнча: Жибек Жолу көчөсү, №322 үй, тел.: 0 (312) 66-04-75;
Чүй облусу боюнча: Бишкек ш., Кийизбаев көчөсү, №206 үй, тел.: 0 (312) 54-07-19;
Ош шаары жана Ош облусу боюнча: Ош ш., Баялинов көчөсү, №5 үй, тел.: 0 (3222) 7-32-32;
Жалал-Абад облусу боюнча: Жалал-Абад шаары, Байзаков көчөсү, №53 үй, тел: 0 (3722) 5-60-49;
Баткен облусу боюнча: Баткен ш., Курманжан датка көчөсү, №15/2 үй, тел.: 0 (3622) 5-00-33;
Талас облусу боюнча: Талас шаары, Карл Маркс көчөсү, №27 үй, тел.: 0 (3422) 5-20-43;
Нарын облусу боюнча: Нарын шаары, Ленин көчөсү, №86 үй, тел.: 0 (3522) 5-04-19;
Ысык-Көл облусу боюнча: Каракол шаары, Кутманалиев көч., №148 үй, тел.: 0(3922) 5-11-80.
Комментарийлер