ТУУРА ТАНДОО ЖАНА ӨЖӨРЛҮК – ИЙГИЛИККЕ ӨБӨЛГӨ

  • 09.07.2024
  • 0

АМЕРИКАНЫН ДЬЮК УНИВЕРСИТЕТИНЕН 400 МИҢ ДОЛЛАРГА ЖАКЫН ГРАНТ АЛГАН СУЛАЙМАН КЫДЫР УУЛУ

ТУУРА ТАНДОО ЖАНА ӨЖӨРЛҮК – ИЙГИЛИККЕ ӨБӨЛГӨДүйнө жүзүндөгү билим берүүнүн учурдагы күрө тамырын баамдап, сапаттуу билимге умтулган жаш муун өсүп келе жатканы кубандырат. Алар башка айрым курбуларындай убактыларын бекер өткөрүп ойноп-күлбөй күнү-түнү сынактарга даярдык көрүшүп, келечегин терең ойлоп, дүйнөнүн алдыңкы окуу жайларынын студенти болууга бардык аракеттерин көрүп келишүүдө.
Алардын бири АКШнын жогорку окуу жайына акысыз билим алууга грант утуп алып,  июль айынын аягында аттанып жаткан, өжөрлүгү жана мээнеткечтиги менен айырмаланган токмоктук Сулайман Кыдыр уулу.

Токмок шаарында карапайым устанын үй-бүлөсүндө 2005-жылы туулуп-өскөн Кыдыр уулу Сулайман келечекте алдыңкы программист болууну каалаган жаштарыбыздын бири. Ал Токмоктогу №3  орто мектепти былтыр аяктаган. 19 жашта болсо да Сулайман билим жаатында бир катар ийгиликтерге жетишкен. Ал мектепте окуп жүргөн учурунда Флекс алмашуу программасынан өтүп, бир жыл Америкада окуп келген. Эми ал Американын алдыңкы окуу жайларынын бири болгон Дьюк университетине  395 000 $ өлчөмүндөгү стипендия менен кабыл алынып, программалоо багытында билим алуу үчүн  жакында АКШга учуп кетүү алдында турат. Мындан сырткары окуу жай ага жаңы компьютер, кийим, кошумча курстар, изилдөө иштери, кышкы каникул үчүн да каражат бөлөт. Учак билеттерин, медициналык камсыздандырууну да университет каржылап жатат.

СТУУРА ТАНДОО ЖАНА ӨЖӨРЛҮК – ИЙГИЛИККЕ ӨБӨЛГӨулайман үй-бүлөдө 4 бир туугандын үчүнчүсү. “Аганы көрүп, ини өсөт” дегендей, агалары Сулайманга үлгү, өрнөк болуп келет. Улуу агасы Жээнбек 9-классты бүтөрү менен И.Арабаев универсиеттинин колледжинен 2 жыл билим алып, андан соң өзүнүн аракети менен БААУ (АУЦА) университетине программалоо жагына толук грант менен билим алган. Учурда окуусун ийгиликтүү аяктап, грин карта утуп алуу менен Америка өлкөсүндө программист болуп иштеп, инилерине кеп-кеңештерини айтып, жол көрсөтүп, каржы жагынан дагы колдоого алып жүрөт.

Кийинки байкеси Сыймык да гранттык программа менен Тайвань өлкөсүндө бизнес багытында билим алууда. Сулаймандан кийинки 8 жаштагы иниси Дастан мектеп окуучусу.

-Мен өткөн Дьюк университети АКШ боюнча рейтингде  7-орунда турат. Университет тандоодо эң алдыңкы университеттерди гана карадым. Анткени алдыңкы университеттер гана мага гранттык колдоо көрсөтмөк. Ошондуктан мен Йель, Дьюк сыяктуу университеттерди карагам. Дьюк университетинин программасы абдан күчтүү болчу. Ал университеттин computer science департаменти Америка боюнча 10-орунда турат, Силикон өрөөнүндөгү эң популярдуу 10 университеттин бирине кирет.  Мага бул университет гана толук стипендия берди. Жалпы 8 университетке табыштама жөнөткөм, алардын экөөсү мени wait list (күтүүгө) коюп койду. Калган беши менин табыштамамды reject — четке какты.  Ошондуктан Дьюк университетине тандоом түштү. Университет мага жылына 98 000 $ өлчөмүндө стипендия бөлдү. Бул сумма жалпы 4 жылга 395 000 $ болот. Стипендиядан тышкары жаңы компьютер, тышкы кийим, кошумча курстар үчүн да каражат бөлөт.

ТУУРА ТАНДОО ЖАНА ӨЖӨРЛҮК – ИЙГИЛИККЕ ӨБӨЛГӨ Андан тышкары internship (такшалмадан өтүү) же research (изилдөө) кылсам, мунун баардыгына университет каржылык кылат.  Эгер Дьюк университетиенен тышкары башка университеттерге да алмашуу программасына тапшырып өтө турган болсом, Дьюк ошол университеттеги окуу чыгымдарынын баарын өзү төлөйт. winter break (кышкы каникул) чөнтөк акчасын берет. Мындан тышкары ар айлык стипендия да бар, анын көлөмүн айтпай эле коеюн. Учактарымдын билетин, медициналык камсыздандыруумду да университет каржылайт,-дейт Сулайман Кыдыр уулу.

Сулаймандын атасы уста. Ал жыгачтан эшик, терезе жана башка буюм, эмеректерди жасап, үй куруп устачылык кылып келген. 10-15 жылдан бери такси айдоочу болуп, калкты тейлөө кызматында. Ал эми апасы Ырыскүл Жаркулова үй тиричилиги менен алектенип, уулдарына камкордук кылып келет. Алар уулдарын келечекте жакшы кесиптерди аркалаган мекенчил инсан болушсун деген тилекте чет  тилдерин үйрөнүүгө үгүттөшүп, жашоодо кандай канчалык кыйынчылыктар болсо дагы, балдарын татыктуу тарбиялоого  убакыт бөлүп, акыл насааттарын, кеп-кеңештерин айтып,  керектүү китептерди сатып берип,  терең жана жакшы билим алууну ар дайым биринчи орунга коюп келишет. Алар жердиги Тажикстандагы жергеталдык кыргыздар болуп, совет доору ыдыраган учурда Кыргызстанга көчүп келишкен. ТУУРА ТАНДОО ЖАНА ӨЖӨРЛҮК – ИЙГИЛИККЕ ӨБӨЛГӨ

Алгачкы 2 жыл кыргыз мектебинде окуганмын. Андан соң, 3-классымда ортончу байкем Сыймык экөөбүздү ата-энебиз орус мектепке которушту. Башынан кыргыз тилдүү мектепте окугандыктан, орус мектеп бизди кабыл алгысы келген эмес. Бирок аракет кылып окуп, кийинки жылы, 4-классымда орус тили сабагынан шаардык олимпиадада биринчи орун алгам. Мени математика, орус тили сабактары өзгөчө кызыктырчу. Математикадан шаардык олимпиадаларда алдыңкы орундарга ээ болуп келдим. Ал эми орус тилинен мугалимибиз абдан жакшы окутчу жана ал менин эң сүйүктүү мугалимим эле. Сабактарды мыкты түшүндүргөн сонун эжей болчу, -деп окуучулук күндөрүн эскерип отурду Сулайман.

Мен 2020-жылы 9-класс кезимде Флекс программасына тапшырып, 3 турунан тең ийгиликтүү өтүп, бул программага кабыл алындым. Ошентип, 2021-жыл август айында Америкага аталган алмашуу программасы менен окууга кеттим. Түндүк Каролина штатынадагы Роли шаарына түшүп, америкалык Крузинин  үй-бүлө менен бир жыл жашадым. Мен абдан жакшы үй-бүлөөгө туш болуп, бул бир жыл мен үчүн өзгөчө тажрыйбаларга бай жыл болду. Алар менен учурда дагы байланышып, достукка көпүрө болуп турам. Башка өлкөнү, башка улутту, башка салтты, башка элдин-аң сезимин көргөндө, өзүңдү салыштырып байкайт экенсиң. Америкалыктардын бири-бирине орой сүйлөбөгөн, дайыма жылмаюну унутпаган жана тазалыкты сактап жүргөн сапаттарын өзүмө сиңирип алдым. Жакшы достор таптым, -деди Сулайман.ТУУРА ТАНДОО ЖАНА ӨЖӨРЛҮК – ИЙГИЛИККЕ ӨБӨЛГӨ
-Америкадагы билим берүүнүн айырмачылыктарын алсак, АКШда мектептер ар кандай системада окушат. Мисалы, 1-класстан 4-класска чейин өзүнчө мектепте, 5-класстан 8-класска чейин бөлөк мектеп, анан 9-класстан 12-класска чейин өздөрүнүн high school (жогорку мектеп) мектептерине барышат. Билим берүүдө мектептер материалдык жагынан мыкты жабдылган, ар бир студентке компьютер берилет. Аны өзүң тандап аласың, колдонуп үйгө берилген тапшырмаларды, окууларыңды жасай аласың. Күнүнө 2 маал тамак берилет, мектеп автобустар менен үйгө жана мектепке жеткирип турушат. Ошондой эле, спортко да жакшы көңүл бурушат. Мен Токмокто футбол ойноп жүргөн болсом, ал жактан теннис ойноп, жеңил атлетика менен машыктым. Ага бут кийимден баштап, бардык керектелүүчү формаларды мектеп өзү каржылайт,-деп айырмачылыктарды белгиледи Сулайман.

 Флекс программасына  өтүү үчүн жакшы эссе жаза билүү менен жактырган жазуучулардын китептерине, жазуу стилине көңүл буруу керектигин, орус тилиненби, англис тилиненби эч айырмасы жоктугун, кийин университетке тапшырууда деле эссе жаза билүү пайдасын берээрин, англис тилин жакшы окуткан курстар өтө эле кымбат болоорун, ошондуктан көбүнчө self-study (өз алдынча даярдык) кылганын, китептерди англис тилинде окуп, сөздөрү жаттап, даярданганын, коомдук иштерге да активдүү катышып, гезиттерге англис тилинен кыргыз, орус тилдерине котормо менен алектенген, алдыга бийик максаттарды коюу зарылдыгын Сулайман айтып берди.

ТУУРА ТАНДОО ЖАНА ӨЖӨРЛҮК – ИЙГИЛИККЕ ӨБӨЛГӨ Бала кезимден бери математика илимине кызыгуумдан, программалоо деле мага жакын болду. Програмалоодо бардык маселелер логика аркылуу чечилет. Ал физикалык жумуштарга караганда жеңил. Ошондой эле өзүңдүн компьютериңде отуруп алып жазган код бүт дүйнө жүзүнө жетет. Айтып өткөндөй, улуу агам Жээнбек программист. Ал да бул кесипти тандоомо түрткү болду окшойт. Жогорку окуу жайга тапшырууда документерди сайтка жайгаштыруу аракеттеринде нассатчылардын же менторлордун жардамы да болду. Ошондуктан мен чет элдик алдыңкы университетке өтүп, окуп жаткан студенттерден жардам сурадым. Алар менен сүйлөшүп, кеңеш алдым.   Стэнфорд университетинин студенти, өзбекстандык Фаранис аттуу кыздан бир айлык SAT курсун алган элем. Курс бүткөндөн кийин аны менен сүйлөшүп калдык, ал табыштаманы кантип толутуруу, кайсы документтерди киргизүү керектигин түшүндүрдү. Андан тышкары өзүмдүн эсселеримди жазып бүтүп калганда, Джон Хопкинс университетинде окуган Бобуржан Бахтияров деген жигит эсселеримди окуп чыккан соң, кеңештерин берди. Ошондуктан чет өлкөлүк окуу жайларга тапшырууну көздөгөн окуучуларга онлайн досторду тапканга кеңеш берет элем.

ТУУРА ТАНДОО ЖАНА ӨЖӨРЛҮК – ИЙГИЛИККЕ ӨБӨЛГӨЧет өлкөдөгү окуу жайларга тапшыруу үчүн биринчиден, адам өзүнүн коммуникациясын жогорулатуусу керек. Кайсы өлкөгө табыштаманы жөнөтпөсүн, адам өзү жалгыз жөнөтө албайт. Адамга — адам керек, бир баштан эки баш акылдуу дегендей, жакшылыктын чынжырын үзбөшү зарыл. Ошондуктан айтып өткөндөй, адамдар менен мамиле түзө билүүнү үйрөнүп, алардан суроо сурап, кеңеш алуу да жакшы болот,-деди Сулайман.

-Мен турмуш шартка байланыштуу жогорку билимге ээ боло албай, арманда калдым. Ошондуктан уулдарым мен жетпеген бийиктиктерге жетип, жогорку билимдүү, эл керегине жараган инсандар болсо деп тилек кылдым. Алгач устачылык менен алектендим. Техникага да жакынмын. ТУУРА ТАНДОО ЖАНА ӨЖӨРЛҮК – ИЙГИЛИККЕ ӨБӨЛГӨАвтоунаамды өзүм эле оңдоп алам. Мектепте физика, математика сабактарын жакшы окучу элем. Физик болсом дечүмүн. Анан маданиятка да жакынмын.Таякелерим музыкант болуп, аккордеонду мыкты ойнойт. Мен дагы аккордеон ойноп, ырдап калам. Улуу балабыз инилерине жол көрсөтүп, кеп-кеңештерин айтып, колдоп келүүдө. Эми Сулайманды 28-июлда АКШга окууга жөнөтүп жатабыз, деди атасы Кыдыр.

Ушундай билимге умтулган уулдарды тарбиялап өстүргөн Кыдыр мырзанын үй-бүлөсүнө терең ыраазычылык билдирип, АКШга аттанып жаткан Сулайманга ак жол, ийгиликтерди каалайбыз!  

Кабыл Макешов, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер