ТУРМУШТУК КӨНДҮМДӨР ЖАНА МАДАНИЙ БААЛУУЛУКТАР
- 19.12.2024
- 0
Бишкек шаарындагы «Креатив-Таалим» Билим берүү комплексинде билим берүүдөн тышкары кулинария, финансылык сабаттуулук жана кыргыз элинин салт-санаасын окутуу боюнча сабактар өтүлүп, окуучуларга турмуштук көндүмдөр, маданий баалуулуктар жана финансылык жоопкерчилик боюнча түшүнүктөр берилет.
Маалыматка таянсак, мындай багыт – окуучулар үчүн өзгөчө пайдалуу.
— Мисалы, кыргыз элинин салт-санаасын үйрөтүү аркылуу окуучулар улуттук маданиятты жана каада-салттарыбызды терең түшүнө башташат. Ата-бабалардан мурасталып келе жаткан нарк-насилди сактоону, аны улантуунун маанилүүлүгүн сезишет. Ал эми кулинария ийрими — балдарды өз алдынча тамак жасоого, туура тамактануу боюнча билимдерин өркүндөтөт. Мындан тышкары тамак жасоо процессинде окуучулар бири-бири менен кызматташып, жамаат менен иштөө жана социалдык көндүмдөрүн өнүктүрүшөт. Ошондой эле ар кандай тамактарды жасоо — чыгармачылыкты жана өз алдынча эксперимент жүргүзүү жөндөмдөрүн өстүрмөкчү, — деп жазылат маалыматта.
“Креатив-Таалим” Билим берүү комплексинде окуучуларга финансылык сабаттуулук боюнча дагы сабактар уюштурулат. Бул сабактарда балдар акчаны туура башкарууну үйрөнүшөт. Ошондой эле окуучуларга каражат коротууда ар бир чечимге жоопкерчилик менен мамиле жасоого, бюджетти түзүү, бөлүштүрүү, сактоо жана инвестициялоо боюнча баштапкы түшүнүктөр берилет.
Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”
Комментарийлер