ТРАНСПОРТ КЫЗМАТКЕРЛЕРИНИН КЕСИПТИК МАЙРАМЫ БЕЛГИЛЕНДИ

  • 01.11.2023
  • 0

Ош технологиялык университетинде автомобиль транспорту жана жол чарба кызматкерлеринин күнүнө карата иш-чара болуп өттү. Аны гуманитардык-технологиялык колледжинин Автоунаа кафедрасы уюштурду.

ТРАНСПОРТ КЫЗМАТКЕРЛЕРИНИН КЕСИПТИК МАЙРАМЫ БЕЛГИЛЕНДИ

Ош шаары боюнча автомектептердин ассоциациясынын, Ош шаардык муниципалдык автоунаа мекемесинин, Ош облустук жол коопсуздук көзөмөлдөө бөлүмүнүн, “Автопрофи” техникалык-тейлөө станциясынын, Ош ОИИБнын КИБнин өкүлдөрү, бүтүрүүчүлөр, окутуучулар жана студенттер катышкан салтанаттуу иш-чаранын ачылышында университеттин окуу иштери боюнча проректору У.Мамытов кесип ээлерин куттуктап, ыраазычылык билдирди.

ТРАНСПОРТ КЫЗМАТКЕРЛЕРИНИН КЕСИПТИК МАЙРАМЫ БЕЛГИЛЕНДИ

Иш-чаранын жүрүшүндө университетти аяктап, өз кесиби менен ийгиликтүү эмгектенип жатышкан бүтүрүүчүлөр студенттерге бүгүнкү күндөгү өлкөбүздүн социалдык-экономикалык абалында бул багытты тандаган адистердин негизги ишмердүүлүгү тууралуу кеңири маалыматтарды беришти. Студенттер өздөрү кызыккан суроолорго жооп алышып, келечекте өз кесибинин мыкты ээси болууну максат коюп жатышкандыгын белгилешти.

Салтанатты окуу жайдын таланттуу студенттеринин  концерттик программасы коштоп, майрамдык маанай тартуулады.

Бөлүшүү

Комментарийлер