ТРАК АЙДООЧУЛАРДЫ ДАЯРДАГАН КУРС АЧЫЛАТ

  • 06.06.2024
  • 0

Учурда суроо-талап жогору болуп жаткан трак айдоочуларды даярдаган эки айлык курс иштелип чыкты.

Бул тууралуу билим берүү жана илим министрлигинин башталгыч кесиптик билим берүү башкармалыгынын башчысы Гүлнур Мамырова билдирди. Азыр лицензия алуу, трак айдоочуларды даярдоодо керектелген техникалык жабдууларын камсыздоо иштери жүрүүдө.

Анын айтымында, мындай заман талабына шайкеш кесиптерди окутуучу кыска мөөнөттүү курстарды ачуу жумушсуздукту кыскартуу жана жарандарга жаңы квалификация берүү максатын көздөйт.

Кыска курстар айрыкча кыска мөөнөттө жаңы кесипке үйрөнүү жана мурдагы кесибин алмаштырып, башка кесипти үйрөнгүсү келген жашы улуулар үчүн актуалдуу болууда. Актуалдуулугу жогору болуп жаткан дагы онлайн курсун ачуу жагы колго алынып, 18 онлайн курсу иштелип чыкты. Анда финансылык сабаттуулук, ишкердүүлүк боюнча эң негизги көндүмдөргө ээ болушат. Онлайн курстардын өзгөчөлүгү — 24 саат, 7 күн иштеген электрондук насаатчы-бот бар. Ал аркылуу кайтарым байланыш түзүлүп, суроо-жооп алса болот.

А.Кашыбаева,

“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер