Тогуз-Торо районунда Саймалуу-Таш мектеби өрттөнүп кетти

  • 16.12.2024
  • 0

15-декабрда Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районундагы №11 Саймалуу-Таш орто мектеби өрттөнүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) кабарлады. Кырсыктан жабыр тарткандар жок.

Тогуз-Торо районунда Саймалуу-Таш мектеби өрттөнүп кетти

Мекеменин маалыматына ылайык, тилсиз жоо 22:30дар чамасында толук өчүрүлүп, куткаруучулар мектепке улай салынган ашкананы өрттөн сактап калышкан.

Жергиликтүү элдин көмөгү менен китеп, парталар жана башка эмеректер сыртка чыгарылды. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өрт эмнеден чыкканын жана келтирилген материалдык чыгымды тактап жатат.

Бөлүшүү

Комментарийлер