ТОҢ РАЙОНУНДА 350 ОРУНДУУ МЕКТЕП АЧЫЛДЫ
- 20.11.2023
- 0
2023-жылдын 18-ноябрында Тоң районунун Кара-Коо айылында Рашит Жангазиев атындагы 350 орундуу орто мектеп ачылды.
Мектептин салтанаттуу ачылышына Жогорку Кеӊештин депутаттары Балбак Түлөбаев, Арсланбек Малиев, Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева, Министрлер Кабинетинин алдындагы Архитектура, курулуш жана турак-жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Нурдан Орунтаев жана Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Айнура Султанбаева катышты.
Мектептин курулушу 2015-жылы республикалык бюджеттин эсебинен башталган. Ушул тапта орто мектепте 720 окуучу билим алып, 48 мугалим, 12 техникалык кызматкер эмгектенет.
Р.Жангазиев атындагы орто мектептин 1-корпусу 1953-жылы курулуп, 2005-жылы авариялык абалда деп табылган. 2007-жылы 150 окуучуга ылайыкталган мектептин 2-корпусу курулган. Бирок окуучулар батпагандыктан алар авариялык абалдагы эски мектепте окууга мажбур болуп келишкен.
Комментарийлер