ӨТКѲНДҮН ѲРНѲГҮ МЕНЕН КЕЛЕЧЕККЕ

  • 01.12.2017
  • 0

Традициялык кыргыз үй-бүлөсүнүн баалуулуктарын камтыган үлгүлүү үй-бүлөсү менен, өзүнүн жүрүм-туруму, ыйманы, билими, маданияты менен өз заманына  өрнөк болгон, билим берүү тармагына 40 жылдан ашык кызмат  өтүп, далай педагогикалык адистерге насаатчылык кылып, далай жаш муундарга таалим-тарбия берип, барандуу эмгеги менен коомдо из калтырган, Талас жергесинде биринчилерден болуп “ Эмгек сиңирген мугалими “ наамына татыктуу болгон  Сагын Абдуллаевдин жаркын  элесине  арналат.

ӨТКѲНДҮН ѲРНѲГҮ МЕНЕН КЕЛЕЧЕККЕ

Архивдик маалыматтарга ылайык, Сагын Абдуллаев 1910-жылы Талас районунун Көпүрө айылында дыйкандын үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Ата-энесинен эрте ажырап, чоң энесинин колунда чоңойгон.Башталгыч  билимди айылдык мектептен алып, кийин Фрунзе шаарынын  мектебинде окуп уланткан (№5мект.). 1931-жылы Фрунзе шаарынын  педагогикалык техникумун  бүтүрүп, алгачкы  эмгек жолун Ош облусунун  Кара-Суу  районунун  Савай совхозуна караштуу мектепте башталгыч классынын мугалими болуп баштаган.

1931-1934-жылдары Өзбекистандын Фергана шаарындагы педагогикалык институттун  агропедагогикалык  факультетин окуп  бүтүрүп,1934-1938-жылдары Кочкор районунун жети жылдык мектебинде окуу бөлүмүнүн башчысы болуп, кийин 1938-жылы Агартуу министрлигинин буйругу менен Ош облусунун Өзгөн районундагы Ак-Жар айылына караштуу Калинин атындагы  жети жылдык мектебине барып окуу бөлүмүнүн башчысы, 1939-жылы Өзгөн райондук билим берүү бөлүмүнүн ага инспектору болуп эмгектенген.1941-1946- жылдарга чейин  Мырза-Аке айылынын “Ак-Жар” орто мектебинде директор болуп, 1946-1948-жылдары  Фрунзе облусунун Кызыл-Аскер районунун Орто-Алыш айлына караштуу “Орто-Алыш” орто мектебинде мугалим жана окуу  бөлүмүнүн  башчысы,1948-1951- жылдары ошол эле  мектептин директору,1951-1957-жылдары Талас облусунун Киров районунун Бейшеке айылына караштуу “Бейшеке” орто мектебинде  биология  мугалими,1957-1960- жылдары ошол эле мектептин директору,1960-жылы Талас шаарынын №1-мектеп-интернатында мугалим болуп эмгектенип келген. 1957-жылы Кыргыз Мамлекеттик университетти сырттан окуп бүтүргөн. 1972-жылы ардактуу пенсияга чыккан.Төрт уул,төрт кызды чоңойтуп жогорку билимге ээ кылган.

Билим берүү тармагындагы көп жылдык үзүрлүү эмгеги үчүн Кыргыз CCРинин Жогорку Советинин Ардак грамоталары жана “Эл агартуусунун отличниги” төш белгиси ,1957-жылы “Кыргыз CCРнин эмгек сиңирген мугалими “наамы  менен сыйланган,1999-жылы Талас шаарынын шаардык Кенешинин чечими менен (№ 3  21.05) Талас шаарынын №6 мектебине Сагын  Абдуллаевдин наамы ыйгарылган.  Эмгек жолунда,кайсы жерде,кайсы кызматта болбосун өзүнүн жогорку адамдык сапаты, даанышмандыгы,  мээнеткечтиги  менен элден  айырмаланып  жогорку  абройго ээ болуп келген .

2016-жылы мектептин 60 жылдыгы, мектепке Абдуллаев Сагындын ысымы ыйгарылганына 17- жыл толгонуна карата Талас областынын Мамлекеттик  администрациясынын жетекчилиги астында, коомчулуктун, ветеран мугалимдердин, депутаттардын, окуткан окуучуларынын катышуусунда юбилейлик конференция уюштурулуп өткөрулгөн. Бүгүнкү күнү мектептин базасында С.Абдуллаевдин музеи жабдылып, жаш муундарга  көрсөтмөлүү  маалыматтарды берип келүүдө.

Нурлан Исманова                

         

                                            

АРДАКТУУ АСЫЛДАРЫМ

 

ӨТКѲНДҮН ѲРНѲГҮ МЕНЕН КЕЛЕЧЕККЕ 

Биздин  ата- энебиз өз  доорундагы  саясый талапка жараша чыгаан, таза, чынчыл, патриот интеллигенттердин  катарын толуктаган жаш үй-бүлөнүн  жана  билимдүү адистердин өкүлү  болгон. Артка  көз  салып,  үйдөгү архивди барактап  жатып саргарган сүрөттөрдүн бирине көңүл бөлдүм. Ал сүрөттө ийиндерин  тийгизе жанаша олтурган эки  жаш — менин атам менен  апам. Кандай керемет  көрүнүш, көздөрүнөн  төгүлгөн нуруна, жарашыктуу  келбетине, сүйкүмдүү, ажарлуу жаш  жүзүнө суктанам. Канча карасам да көзүм тойбойт! Тилекке каршы,  алардын  сүрөткө  түшкөн мезгили, убактысы сүрөттүн арт жагында белгиленбептир. Мен болжол менен эсептесем,  атам 42-45 жашта, апам 30-32 жаштагы курагы болуп чыкты. Сүрөттөгү экөөнүн  жүзүн  көпкө карап  олтуруп, ошол  кездеги биздин  үй-бүлөгө байланыштуу бир кызык окуя эске түшүп, ойдон чыкпай, көңүлүмө бүлүк салды: «эстегенимди  кагаз  бетине  жазсамбы »-деген ой туулду.  “Анда кимисинин элесин биринчи      сүрөттөп баштасам экен, атамдыкынбы же апамдыкынбы?”-деп  чече албай бушайман  болдум. Көрсө,  атам-энемдин башынан чогуу өткөргөн эмгек жана турмуш жолун, өмүрүнүн акырына  чейинки  бирге  түтүн булаткан  тагдырын өз-өзүнчө  бөлүп-жарып, сүрөттөп бериш эч мүмкүн эмес тура!? Кызык, себебин да таптым, ал эң  эле жөнөкөй тура. Алар  ар кайсы аймактарда  төрөлсө да, бири-бирине  куп  жарашкан, билим деңгээли   тең, турмушка  карата  көз караштары окшош, бири-бирин  терең  урматтап, сыр жашырбаган, эгерде биринин намысына тийип, абройуна  шек келтирген  учурга туш келгенде, бири -бирине арка-бел болуп, ак-кара  сөздөн  коргогон, ынтымактуу жубайлар эмес беле. Эми түшүндүм, деп  эстегенимди  шашып, ирети менен  чиймелеп олтурамын.

Сүрөттөгү менин атам менен апам мезгилдин агымында, замандын жана тагдырдын талабына жараша экөө бир  мектепте чогуу иштеген жаш жубайлар жана кесиптеш-адистер болчу. Алар үзүрлүү  эмгегинен  аброй таап:бири  жетекчи, экинчиси ошол эле мектептин парторгу болуп иштеген, белгилүү  инсандардан болушкан.Үлгүлүү үй-бүлө  катары  өздөрүнүн салабаттуу жүрүм-туруму, жогорку маданияттуулугу, адилеттүүлүгү менен айылдаш, кесиптеш, замандаш болгон Бейшекеликтердин арасында зор урмат-сыйга  жана  жылуу мамилеге ээ болушкандыгы азыр да эл арасында  айтылып жүрөт. Айылдын улуу-кичүү  дебей,  жакшылары алардын астынан кыя өтпөй, ызатташып, ийменип, “эже -агай”-деп турушаар эле. Азыр сереп салып көрсөм, жаштыгына карабай, атам менен апам  баралына  жетип, эл башы болуп, толуп турган убактары тура. Ал кезде  атам Киров  районуна  караштуу Бейшеке  орто мектебинин мүдүрү. Апам  болсо башталгыч  класстын  мугалими жана Бейшеке  колхозунун  коммунистери менен бириккен мектеп коммунистеринин партиялык уюмунда парторг, андан тышкары Киров райондук  партбюронун мүчөсү болгон. 

Кызык жери  атам компартиянын катарына өткөн эмес экен. Себеби, атамдын жети атасынын экөөсү (Кожомжар-бий жана анын уулу Шыйкым-бий ) Таластын башындагы “Шумкар”айылынан катталышып, биринчиси ХIХ кылымдын аягында эки  жолу, экинчиси  ХХ кылымдын башында  бир ирет  шайланып, элди  башкарып да, багышып да   турушкан экен. Ага далил болгон  тийиштүү кагаздарды Бишкектеги  Токтогул көчөсүндө жайгашкан Борбордук  Мамлекеттик Архивде  сакталып  турган  далилдерден  тактап   алдык. Менин  божомолумда, Совет бийлигинин доорундагы саясаттын талабынан чочулап, «бийдин тукуму » деген дооматтан сактанып, куугунтукка туш келбес үчүн  коммунисттик партиянын  катарына  өтпөй  койгон  сымал. Эми ойлосом, атам зирек жан, зээндүү  адам  болгон экен, жарыктык!

    Ата-энебиз иштеген  жана биз окуган  мектеп менен  биздин үйдүн  ортосу  4-5 чакырымга барабар эле (учурда ал мектеп Киров суу сактагычынын  астынды калды). Күзгү   жаан-чачында,  өзгөчө  кышкы ызгаардуу суук  күндөрү  жол  өтө эле узарып кеткенсийт.  Колу-бутубуз  көкмөк  болуп  үшүп-тоңуп, араң  дегенде меш жаккан жылуу класска жетебиз. Азыр ойлоп олтурсам: ата-энебиздин  чебер колунан  жаралган үстүбүздөгү  кийген  кийимдер, бутубуздагы  чокой  да   жукараак,  жупуну болгон тура.

Сөзүдү буруп, биздин  үй-бүлөнүн  тагдырына байланыштуу, мен күбө  болгон  бир эле  күндүн,  1958- жылдын  июнь  айынын  башындагы  кызыктуу окуясына  токтолуп   кетсем. Чакчайып төбөдөн куйкалаган  күндөн  корголоп, башың  көлөкөдөн чыкпайт. Биздин  үйдүн  тегереги ажайып көрккө  бөлөнгөн. Жер-жемиштер биринин артынан бири жарыша тегиз бышып, түркүн ак-кызыл, көк- сары гүлдөр жыпарын чачып, табийгаттын кайталангыс  сулуулугун тартуулап өзүнө бурат.

Айрыкча  роза гүлдөрдүн  жыты   буркурап, жанынан кыя өтө албай, рахаттана эңкейе жытын искейсиң.Үйдү тегерете  курчаган дубалдын ичине көз салсаң, жомоктогудай бейиштин багын  көрөсүң. Аны мээнеткеч  атам, бир эле түп  алманын бир нече шагына  ар түрдүү башка сорттогу  алмалардын, шабдалынын, өрүктүн  бүчүрүн кыйыштырып, аны аярлап, бапесте ороп-чулгап, ылай менен үстүн шыбап койгон. Күз мезгили келген  кезде көрсөң  бир бутагында ак, экинчи  бутакта кызыл,  дагы  бир капталында сары алмалар  бышып кызыктырып турат. Кесиби  биолог-зоолог, химик болгону менен, атама: “Мичурин-агай”-деп ат коюп алышкан. Мээнети акталып, атам учурунда республикалык кароо конкурсунун жеңүүчүсү катары  Москва шаарында Бүткүл союздук көргөзмөгө делегат болуп катышып, атайы ыйгарылган медаль  жана Ардак грамоталар менен сыйланып да келген.

Жыйырманчы  кылымдын  башында  мугалимдик  кесип  бийик, абройу жогору, зор  урмат-сыйга ээ болгон адистик экен. Мугалимдер тегиз эмгек отпускасына, окуучулар жайкы каникулга  тараган  мезгил. Мектеп аңгырап бош  болгону менен, келерки  биринчи  сентябрь күнүнө карата даярдык көрүүгө каралашкан жумушчулар анын ичи-тышын актап-сырдап, тегерегин иретке келтирүү менен алек. Отпуска учуруна карабай чарбакер  атам күнүгө жөнөкөй кийинип алып, таң эрте кадимкидей кызматына туруп кетет. Эртеден-кечке  мектептин  карамагындагы  бактардын  өсүшүн  көзөмөлдөйт, аларды сугарат, арыктарды тазалайт жана башка майда  көзгө  көрүнбөгөн  кара жумуштан  жаны тынбайт.

Эсте калган   күндөрдүн бири, эртең менен  биздин үйгө  чабарман бала келип, эшикти такылдатып, шашылыш түрдө  атамдан кат таштап кетти. Катта кыскача:“Шамшы, борбордон уяттуу конок келди, даярдан”-деп кабарлаптыр. Атамдан келген  тапшырма биздин   үйдөгүлөрдүн  баардык  мүчөлөрүнө тегиз  таандык  эле.  Ал кезде биздин үй-бүлөдө  он жети  киши жашоочу: атам, апам, балдары менен-Орозбек, Батма, Жакыпбек, Мырзабек, Эркебек, Бакыт, Алмазбек, Багымкүл; тайэнем Какийбүбү жана тайакелерим: Мэлис, Барктабас, атамдын  Набат деген жесир жеңеси Дүйшенбек, Исраил деген уулдары менен, дагы бир Макеш деген жээни. Андан башка күн алыс айылдан тынымсыз  келип-кетип жардам  сураган туугандар жана алардын балдарын эсепке албаганда. Негизи күнү-түнү эшик жабылбайт эле, үйдүн эшигин   кулпулоо деген жок  болчу. Эми ойлосом, биздин үй-бүлөбүз кароосуз калган, жетим-жесирлерге кайрымдуулук менен соопчулуктун ордосу  болуптур!

Өзгөчө атам менен  апамдын мээрими, боорукердиги, адамкерчилиги  чексиз  болгон тура. Азыркы мезгилдеги турмуш — шартка салыштырып карап, таң кала  беремин. Кыйынчылык шартта, жалаң гана айлыктын көзүн карап, ошончо чоң үй-бүлөнү  ачка калтырбай багыш: аларды кийинтип, кичинекейлерин  бутуна тургузуп, чоңдорун окутуп, улуулата уядан учуруп туруш-кандай гана зор күчтү, түйшүктүү мээнетти талап кылаары,кандай  материалдык чыгымдарды сарпташ  керек  экени  маалымдуу го! Аны түшүнүп, баалап, билгендер  да..жана  билбегендер да бар эле.

Апам  катты окуп бүтүп, көнүмүш  адатындай, «кабагым-кашым»  дебей  келе турган конокторго кам көрө баштады. Сарайдагы ылайыктуу  бир жандыкты сойдуруп, жиликтеп казанга салдырып койду. Өзү кадимки эле айылдын келиндериндей кенен желбиреген  көйнөгүнүн  жеңин  чыканагынан  өйдө түрүп, анан эки өрүм  коюу  чачын  кайчылаштыра  башына ороп, учун  желкесине узатып, ашыгын жоолуктун астына кымтып жашырды да,  мойнуна алжапкычын иле салып, чоң  жез чарага  камыр жууруп, боорсок жана беш бармакка ылайыктап  туурап-кесип, күнгө  жайды. Апамдын баскан-турганы көрктүү, кыймыл  аракети  шамдагай, иреттүү  жана  тыкан болчу. А, мага болсо милдеттүү түрдө  короого суу  сепмей, тегеректи шыпырмай, идиш-аякты ташымай, айтор  алыма жараша майда чарба жумуштар жүктөлчү.

Түш  оой бергенде топ  кишини ээрчите атам  сырттан дарбазанын  эшигин  ачып  “Ой, байбиче, барсызбы?  Үйгө конок келди”- деп үн салып  кирди: Апам  мени шаштыра чуркатты: “Жөнө, балдарды  тигил сырттагы  ашканага өзүң  узатып алып бар. Чыркырашпай  тынч олтурушсун, үйгө  конокко  келгендерге  илешпесин”-деп катуу  дайындады. Өзү көкүрөгүндөгү  фартугун  чечкенге үлгүрө албай калды окшойт, колдорун  шашып  сүлгүгө  арчый салып,  дарбаза тарапка  утурулай  жөнөдү.

Биринчилерден болуп  босогону  бейтааныш адам  аттады. Бир карасам: толмоч келген, бою корто, сейрек чачтары  майланышкан, бырыш баскан  беттери жылтырап көрксүз, жүдөө адам  экен. Үйдүн  ээси катары, аял катары, эркек мүнөз апам: “Келиңиз, кириңиз”-деп  баягы конокко  колун узатты. Тигил шаардык киши  апама колун бербестен ылдыйдан  өйдө акшыя бир карап, анан артка бурула  атамды бир карады да, мурдунун учунан  түшүнүксүз  бир нерсени  кобурап,  корс-корс  эте  аттап -буттап төр жака томолоно  өтүп кетти.

Мындай  осол жорукту  мурда көрбөгөн чогуу келген меймандар опур-топур болуп, ыңгайсыз  абалда  туруп  калышты. Атам болсо эч сыр бербестен:“төргө өтүңүздөр”-деп келгендерден сыпайы  суранып койду. Биринин артынан бири чубап  жигиттер  апама  таазим эте, ийиле саламдаша, өтүп жатышты.  Кошулуп  келген келинчектери  таластыктардын  шартында ийиндерин оңго-солго тийгизе “арыбаңыз  эжеке ”-деп, кучак жая көрүшүп  эркектердин артынан ээрчий  басышты.

Келген  меймандар:“сен өт-мен өт”-деп  орундарын  таап жайгашканча, атам башка бөлмөгө кирип,  өзүн тез эле иретке келтирип  алды. Мен   адаттагыдай  кумгандагы жылуу  сууну  атамын  бети-башына, мойнуна, буттарына чуурутуп куюп, улам-улам чайкаттым. Атам болсо таза сүртүнүп алып, анан апамдын колунан жаралган  украин  үлгүсүндөгү  крест  ыкмасы менен саймаланган  аппак  шайы  көйнөгүн жана дайым-даяр үтүктөлгөн шымын, байпагын     которуп, “Шипрдан”буркурата себинип, коноктордун үстүнө жайдары болуп кирип келди.  Аңгыча, кесиптеш — мугалим   жаш келиндер  өздөрү апамдан суранышып  дасторкондун  үстүн иретке келтирип, тейлеп алышты. Бири шарактата самоорду кайнатып, кызарта инди чайын демдеп, колдорун бооруна  алып узатып турат. Экинчиси  сырттан  боорсок, салаттарды жаңыртып,  кезеги менен  шорпо, самса, куурдак, куйрук-боор, олово, жөргөм, ж.б. кыргыздын  даамдуу тамактарын ташып, ашыкчасын алып кетип жаны тынбайт.

Апам же  колу  бошобой жаттыбы, же келген  шаардык коноктун  тигил жоругуна  иренжий  түшкөнбү, айтор , 1-2  саатча конок   үйгө  кирбей койду.

Ага чейин короодогу  гүлбакчанын ортосундагы тегереги жүзүм жана  түрдүү түстөгү чырмоок  гүлдөргө  оролгон чоң жыгач  беседканын  так ортосундагы  төгөрөк столдун бетине аппак, узун чачыктуу  дасмалды жая салып, үстүнө  түркүн  жемиштер   менен  таттууларды  хрусталь вазаларга  толтуруп, үстүн  атайы  марлиден  тигилген  машакана менен жаап, даярдап койдук.

Күүгүм  талаша, жер салкындай  баштаганда  коноктор  сыртка чакырылды да,бак аралатып, сейилдетип бүткөн соң, колдоруна суу куюлуп, беседкага жайланышты. Андан соң ирети менен сыйлуу  устукандар  келгендердин астына  узатылып  жатты. Конок  каадасын күтүп, шаардык сыйлуу  кишиге  койдун башы менен майлуу  кабыргасы  тартылды, андан кийин  таластыктардын  өзгөчө  күлчөтайы  чоң илегенге сорпосу  менен кошо  келди.  Аңгыча жаш  жигиттер  бешбармактын этин  майдалап, туурап киришти. Тыштан шарап  куйган  чөйчөктөрдү  удаа-удаа  жаңыртып, жаштар “алыңыз-ичиңиз“-деп бири-бирин шаттуу  сүрөп жатышты. Эргий түшкөн  жигиттер комуздун кулагын  толгоп, чертип, күүгө салып, келиндер  үн созуп,сөз талаша көңүлдүү  бака-шака олтурушту. Бир  мезгилде эле күтүүсүз:“Ой, Сагын! Түн  кирип  кетти, ботом аялың  кана?..Чакыр!”-деген  жагымсыз  үн элдин көңүлүң буруп, сөздөрдүн нугун  бузуп жиберди. Атам үн чыккан тараптан  баягы конокту байкады да, макул дегенсип башын  мага буруп, белги берди. Мен тызылдаган бойдон апама жөнөдүм. Чочуп ойгонгон  кишидей эки бутун талтайта столдун астына сунуп жиберип, кош жаздыка чалкалай, улам ыктыта  олтурган шаардык конок дагы бир сыйра өктөмдүү талап кылды: ”Ой, Сакыш! Сенин келинчегиң…  где, а? …Понимаешь”-деп .

Апам болсо  шашпай, күндүзү   кийген көйнөк-жоолугун алмаштырып, чачын төбөсүнө төөнөп, түйүп,  үстүнө ак-шайы  өзбекче тигилген көйнөгүн силкинте  кийип, колуна билерик менен шакек, ортосунда чоктой кызыл ташы бар алтын сөйкөсүн кулагына  илип, мойнуна  көркөмдүү, татына зер буюмдарын жаркылдата тагынып, анан  күзгүгө бир сыйра тегерене каранып алды да, жай  кериле басып, атамдын кашына  келди. Атам кичине өйдө жылып, апама өзүнүн  ордун  бошотуп жатып: “Кел Шаке, эс ал, чарчадың го, эл да сени күтүп калды. Эми сөзүңдү, анан ырыңды  да жаңырт, алтыным ”-деп  байбичесине  күлүмсүрөй  кайрылды.

Атам кызык киши эле: башка эркектерге окшоп арак, вино, бозо  деген ачуу тамактарга  башынан жолобочу, иччү эмес. Мүнөзү жоош, жай,  кыска, аз сүйлөгөн адам эле. Өзү ырдабайт, комуз чертпейт. Бирок, отуруштарда кайта-кайта суранып да,  сүрөп да, байбичесин  сөзсүз сүйлөтөт, ырдатат: анан  өзү  сыймыктана  апамды кубаттап, кыт-кыт күлүп, жыргап олтура берчү. Апам болсо: сөзгө  чебер, чечен десе да болот, ырдаса үнү бийик, шаңдуу да, уккулуктуу да…Бул жолу дагы жаштар  атамды колдоп, апамдан ыр күтүп калышты.

Апам  толкундана   кымыз куйган  аякты  кош колдоп кармап алып, жай, оор-басырыктуу, кадимки эле партиялык жыйында олтургандай жайдары сөзүн баштады:-”Урматтуу  жолдоштор  жана кесиптештер! Куш келиңиздер! Сагын агайыңар экөөбүз  жетине албай кубанып олтурабыз. Тамагыңар даамдуу болсун жана сиздерге кааларым көңүлдүү, шаттуу, куунак эс алып кетиңиздер. Мен болсо ыр-кесени жаңыртып, кулагыңарды  сүйүнтүп  берейин”- деп атамды суроолуу  карады да, кайсы ырдан баштасам  экен  дегендей  ээк какты.

Ошол учурда  шаардык конок  апамдын сөзүнө кулак салбай дагы  орунсуз бакылдады: “Ой…бо-ой, мына сага жаңылык…Кызык-кызык…Эмне эле силердин  директоруңар  келинчегин  эртеден бери жашырып  көрсөтпөй жатат дейм да. Кара- кара муну. Ой, Сакыш! Аялың  айдай сулуу турбайбы ”- деп лапылдады. Анан  күтүүсүздөн  сол колундагы стакандагы  арагын  чайпалта  столдун  үстүнөн  ашыра сунуп, оң  колунун манжаларын  жая силкилдете  улам -улам  алдыга  суна, май куйругун жерден  көтөрө  апамды теше  тиктеп, корулдады:- “Ох-хо…сулуу келин! Кел таанышып алалы, мен 5-6 күнгө  командировкага  келдим.  Атым…Баймат Ташматович”-деп булдурады.  Дагы жөн турбай, кызарган көзүн кыбыңдата:“Ой, сулуу сен кайдан келдиң, асмандан түшкөн  айперисиңби, же ак-куусуңбу? понимаешь,  черт  возьми”- деди…  Апамдын  сырын  билген айылдаш, кесиптештери  үнсүз  бири-бирин  астырта  сыдыра  тиктешип,  дасмалдын   чачыктарын сылай,  саамга  тыныга калышты.

Шыңга бойлуу апамдын жазы маңдайы, ортосу кошулган кап-кара коюу кашы, кичинекей кырдач мурдунун астындагы оймоктой оозу, нур чачып турган балбылдаган көздөрү  сүйкүмдүү  да, сүрдүү  да көрсөтө  бет маңдайындагы адамды  өзүнө магниттей тартып турар эле. Бул ыңгайсыз абалга туш болгон апамдын эки  бетинин оту мандалактай кызарып чыкты, а бирок ал өзүн  жоготкон жок. Анан  айласыз тигил  кишинин карегине тике карап, үнүн бийигирек чыгара, мыйыгынан  күлүп, какшыктай кайрылды.

-“А…а, жолдош  Ташматович!  А сизге  айта турган  сөз таптакыр  башка. Ачыгын айтсам азыркы  сунган  сиздин  колуңузду  кармай албайт экенмин жана таанышкым да келбейт”- деп  кесе  айтты да…сөзүн улантты:- «Сиздин алаканыңызды кыса кармап  саламдашууга биздин алаканабыз ылайыксыз да, теңсиз да деп турабыз.  Айтмакчы,  күндүзү  сиздин одоно жоругуңузду көргөндөр, алдагы  жаныңызда  катарлаш  олтурган бейшекелик туугандар буга тегиз күбө боло алат. Андыктан,  сунган  колуңузду бооруңузга алып, азыркы мен айта турган  сөзүмдү бөлбөй кунт коюп угүңуз. Эмесе түшүнүк берип коеюн, жолдош текшерүүчү. Биринчиден  мен Сары- Өзөн,Чүйдүн кызы болом. Сиз келген  борбордон  мен  дагы жашап,  окуп, өсүп- өнүп келгенмин, орус- кыргыз тилинде так сүйлөйм. Экинчиден сиз төрдө чардап олтурган ардактуу директордун өмүрлүк жары мен болом. Сагын Абдуллаев, республикага “Эмгек сиңирген мугалим” деген наамы бар, бийик даражалуу, эмгекчил, айкөл адам. Кыргыз эли терең урматтаган инсан. Колунан бүтүп кеткен окуучулары азыр Кыргыздын туусун жана  намысын бийик кармап, эл башы болуп, калкты  башкарып борбордо олтурушат. Мисалы: Турдакун Усубалиев, Мукаш Базаркулов, АваТакырбашев, Октябрь Медеровдор жана ондогон, жүздөгөн билимдүү, белгилүү инсандар. Ошондуктан, сизге эскертип  айтарым: кандай элдин арасында, кандай  шартта  жүрбөйүн: коомдобу, жеке  турмушумдабы, менин  өзүмө гана тиешелүү ордум бар. Дагы  белгилеп, тактап айтаарым жүрүм-турум эрежесин  бузбайм, башкаларга да жол бербейм. Эң негизгиси: мен энемин, аялмын, ушул үйдүн кожейкеси болом. Эсиңизге салайын Ташматович! Жана күндүзү  учурашууга  сунган  колумду  чанып, четке  кактыңыз, туурабы? Эми “бетке айткандын  заары  жок эмеспи, сиздин   деңгээлиңиз  бир көргөндө эле белгилүү болгон”… дегенче эле..  тигил..  “конок” кайпалактай, актана, астыга жулкуна сүйлөдү:- «Ой, тобо, ошол  аял  сиз белеңиз?, мен үйдүн кызматында жүргөн жумушчу аял экен деп… адашыпмын да анда…  Ой, өз көзүмө өзүм ишенбей турам, сиз таптакыр  башкача көрүнөсүз азыр, да…а,…понимаешь»-деп, же колун жөндөп  тартып ала албай, же  жанындагылары менен стаканын  кагыштыра албай бир топ бушайман болду да, ойлонбостон  арагын  жалгыз өзү шыпкап жутуп жиберди.

Апам тигинин дөөдүрөгөн сөзүн  улантууга жол бербей, эми менин  сөзүмдү  бузбай  аягына  чейин  угуңуз дегенчилик түрдө  сүрдүү тиктеди  эле, тигил  шаардык  конок… какаган   кишидей  эле оозунан сөзү түшүп, тыйылып калды.

Апам келгендерди бир сыйра сыдыра тиктеп, анан  оң колун өйдө көтөрүп, алаканын жая  жай  сөзүн  улантты, да конокко жүзүн бура кайрылып: «…Ташматович! Сизге маалым катары айтаарым:

Мен ушул колум менен балдарымды эмизем, бешигин терметем, жалаягын жууп, кир-когун арылтамын;

-Мына ушул колум  менен тигил союлган койдун ичеги- карынын  жууп-тазалап,өрүп жөргөм жасайм;

— Алдагы сиздин астыңызга  тартылган боорсок, каттама, күлчатай, беш-бармактын камырын ийлеп, жууруп, кесип, бышырам;

— Тигил  30 сотых  чарбактагы калемпир, пияз, сабиз  ж.б. жашылчалардын чөбүн отойм;

— Короодогу малдын кыгын эзип, бутум  манен  тебелеп, колум менен токочтой тоголоктоп, кайта  дубалдын бооруна  жабыштыра  чампалап, кургатып, кышкыга отун — тезек камдайм;

— Сарайдагы  байланып, өкүрүп турган уйларды  саап, сүт, каймагын  алам;

-Түнкүсүн, бүл-бүл  чырактын жарыгында окуучулардын үй-тапшырмаларын жана дептерлерин  текшерип, баа коюп, билимге  сугарамын;

-Мектептин  кассасынан  таман- акы  маянамды тугөлдөп санап алып, үй -бүлөмө сарптап,  балдарымды багамын;

— Коммунистердин  чогулушунда  кабыл алган чечимдерин, протоколдорун бекитип, сунуш-пикирлерди ЦК Партияга жөнөтөм;

—  Күн сайын  урматтуу директор  агайыңардын жакасын агартып, кызматына узатамын;

— Китептерди барактап окуйм, сайма саям, тор түйөм, балдарыма кийим  тигем, жууркан-төшөк  каптайм, анан дагы толгон токой үй кызматын  өтөйм …» — деп сөзүнүн аягына  чыга электе   шаардык  конок дагы  бир нерсе  айтууга  алдыга умтулду эле, а бирок  капталында   олтурган жигит жактырбагандай чыканагы менен  артка түртүп, түздөп  койду. Ошону менен “коноктун” оозунан сөзү  түшүп , өчтү  да   калды.  Апам  конокко кайрылып, сөзүнүн  аягын мындайча   жыйынтыктады: « Ташматович!  Жогоруда  айтылган  сөздөрдүн  төркүнүнө  түшүнөрсүз, болбосо дагы бирөөнүн  шагын сындырып, ырысына түкүрөрсүз. Ай, ким билет! Менин божомолумда  сөздүн наркын да, баркын да түшүрөрсүз, сизге айткан  кайран гана  сөз.. Азырынча  сизге  бир гана өтүнүч  бар: сыйлуу коногубуз  катары,  каадалуу болуп  олтуруп бериңиз!» -деди.

Апам  сүйлөгөндө, айрыкча  үнүндө  сыйкырдуу  да, кереметтүү  да күч бар эле. Угуп турган  адамга ар бир  айткан сөзү көкүрөгүнө  кыттай кадала, жүрөгүнөн өткөзүп, арбалып,  муюп калчудай  касиети бар болчу.  Апамды кубаттагандай  жергиликтүү  жаштар  шатырата кол чаап, апама: “Эже, биз баарын түшүндүк. Эми ыр кесе сизден улансын”- дешип,  кол  чаап, комуздарын   кылдыратып калышты.

Апам бугун чыгарып алды окшойт, кайрадан боюн түзөп, түштүк жергесинде жашап жүргөндөгү үйрөнгөн  ырынан баштады:-“ Паризат ой, Паризат ой, дарчаңдан  туруп кол узат ой”, андан соң “Ай-нуру бизге  төгүлдү ”-деп, үнүн бийик көтөрө созултуп, кабагым- кашым дебей жадырап-жайнап, ырдын да, сөздүн да кезегин  катардагы комузчу жигитке  узатып жатып  атамды  карап   жаркылдап  күлүп  койду. Кайрадан күлкүлөр шаңдуу  жанданып, олтургандар  бака- шака түшүп, тигил  шаардыкка экинчи эч ким назарын салбай койду эле, чиновник  сөрөй “жинди суунун” азгырыгынан  чыга албай   бир  аздан  соң быш-быш  эте  кош жаздыкты  сүзө жыгылды.

Түн оой бергенде терең ыраазы болгон атайы чакырылган, айылдаштар  шайдоот  үй-үйлөрүнө тарай башташты. Бейшеке  колхозунун Төлөбай аттуу  көсөм  жаш башкармасы:   « Агай, сиз да чарчадыңыз. Эже да эс алсын. Эми  тигил текшерүүчүну бизге  бериңиз, калганын   өзүбүз  таластыкча бапестеп, сыйлап алалы ”- деп купшуңдап  атамдан суранып,    айдоочусуна  жетелетип алып, тигини машинесине жүктөй кетти.

…Эртеси таңга маал  атам күндөгүдөй эле кызматына  чыгып кетти. Ошону менен 2-3 күн тынчып калдык. Төртүнчү күнү  кечки тамактан кийин  апам жаңы эле  каптап  бүтүргөн  көлдөлөңдү  атамдын астына  ырымдап  салып койду. Атам  узунунан  түшүп жамбаштап жата кетти, аңгыча  бири-биринен талаша, жабалактай жарыша  кичинекей инилерим  Жакыпбек, Мырзабек, Эркебек, Алмазбектер  атамдын үстүнө минишип, тебелеп -тепсешип:бири  мойнуна  минип, бири төшүндө, бири  курсагына желип, эң кичинекей  уулу тизесин кучактай жыгыла  эркелешип, алышып-күрөшүп ойноп жатышты. Атам  болсо рахаттана, “айланайын, айланайын кичинекей  бөжөктөрүм, козучактарым”- деп кобурап уулдарынын көкүлүнөн, чекесинен, төбө чачтарынан  жыттап, ар-бирин өз-өзүнчө томолотуп же кытыгылап, жалынып-жалбарып жетине албай жатты. Эми ойлосом атамдын  үй-бүлөсүнө, өзгөчө   апама  жасаган  жылуу мамилеси  менен камкордугу, аталык  мээрими, баласактыгы, кайталангыс  керемет касиет тура.  А бизге болсо бул көнүмүш адаттай  эле сезилчи эле.

Апам болсо атама жанаша баш жагында, бир колу менен кичүү кызы  Багымкүлдүн беши-гин терметип олтурат, калгандарыбыз чоң тегерек столдун четинде: улуулары төрдө, кичүүлөрү аларга  чай сунуп, бапырашып жатабыз.  Бир кезде апам кызыга:- “Ээ, балдардын атасы, сыртта кандай жаңылыктар бар, айтмакчы, баягы  текшерүүчү  кандай жыйынтык чыгарды экен? –деп суроо салды. Атам:-“ Үч күндөн бери текшерүүчүбүз  ишке  келген жок, дайыны да жок. Көңүлүм тынбай  сураштырып колхоздун  правлениясына барсам, тиги Төлөбай деген башкарма:-”Ой агай, ойдо жок нерсе болуп кетти”-деп, бир топ тамашага салып  жатып  анан  “тигинин”  жоруктарын  айтып бериптир.

Көрсө, иш мындай болуптур. Биздин үйдөн  көңүлдөрү  куунак тарашкан  жаштар, “кырк жылкынын” күчү менен  эки  тарап бөлүнүшүп алып, ойун-чындан  шоктонуша мелдеше кетишет да, жеңип алгандары шарт коюшат; анан  жеңилип калган тарап  айыбын  тартып, кызуулук  менен  машинаны  айдатып   Жамбылдын   ресторанына  киргизет.  Албетте,  жаштар да… Дагы  ичимдик заказ калышат. Бир  маалда  нормасын  ченебей ичип алган баягы  Ташматович  эч кимди көзүнө  илбей  тигилерди  сөгүп- сагып,  мазактап, жакалаша…  үйгө кетем дейт… айтор  сөз укпай  аларды убарага салат. Айласы  кеткен жигиттер акылдаша калышып, темир жол вокзалынан поездге  билет сатып алып, тийиштүү  вагонго  араң  жетелеп киргизишип, астыңкы текчеге  жаткызышат. Бутуна араң турган  Ташматович  тарс кулап, бырылдап уктап калат. Жинденген  узатуучулар  казактын  көк  моюн  эки шише арагына закускасын кошуп, тигинин портфелине шыкап салып, башына жаздап коюп, проводниктен  суранышат: “Тигини  Фрунзеге  жеткенде ойготуп, түшүрүп  койгула”-деп катуу  дайындашып,өздөрү  таң  эрте айылга  кайтып кетишет.

Апам  угуп алып чочуп кетти: «Ай, балдар ай, ашыкча тентектик кылышыптыр да. Каап, эми эмне болоор экен? Ушундай да  болобу, Сакыш ? Деги аман-эсен  жетти  бекен шаарга?» — деп кейип калды. Атам токтоо  мүнөз, оор басырыктуу, жоош киши  болсо да, бул жолу  борсулдап  күлүп  алды. Анан  камырабай апамды сооротуп:- «Эч кам санабаңыз, ак-байбиче! Биздин жигиттер да оңойлордон  эмес экенине толук ишендим: акылы тунук, эртеңкисин ойлоно иш жасаган азаматтар  экенине  ынандым. Ошол  үчүн элибизде сөз бар  тура: “Жигит  болсоң шок бол, шок  болбосң жок бол ”-деген. Мен да чоочуладым эле, бирок Төкөбуз  борбордогу  досторуна  алдын ала  телефон  чалып, түшүндуруп,  айтып койгон экен. Алар “тигини” поезден тосуп алып, үйүнө  чейин жеткизип, аялынын колуна  өткөзүп  беришиптир. Эки   күндөн кийин сүйлөшөлүк деп… Ташматовичти сурашса дагы эле  уктап  жатат  имиш » — деди атам.

Анан апамды тамашалады да:“Айдай  сулуу келишкен, кайда  калдың  периштем”- деп түшүндө  сени  көрүп ойгонгусу  келбей жатат окшойт”- деп, кыт-кыт күлдү.  Андан соң  бир азга ойлоно калып, анан апамдын көңүлүн улай: Ал эми чын-чындыгына  келгенде  көпчүлүктүн  арасында  өз  оордун  билбеген  немени  туура эле “мат”  кылып койдуңуз, жолдош  Шамсинур Түркменовна!  Эстүү жан болсо,  эгерде  эле  одоно жоруктарын түшүнсө  ал кишиге туура эле сабак болду, ким билсин, а балким уялып калаар!- деп эңкейип апамдын саамайынан искеп, жүзүнөн сүйүп, эркелете: “Кам санабаңыз, жолдош  парторг, баардыгы ойдогудай, баарысы  жайында  болот.  Кашыңызда   калдайып  мен   турам го,  байбиче! ”-деп апамдын  көңүлүн  тындырып койду.

     Менин жыйынтыктап  айтайын дегеним, элдин эртеңкисин ойлоп, келечекке ишенимдүү караган, эч качан көңүлдөн  өчпөгөн, эмгек жолу  Кыргызстандын тарыхында алтын тамгалар менен жазылып калган, өтөгөн турмушу жана тагдыры дастанга айланган,  бири- бирин көз ирмемден айттырбай  түшүнгөн… бири-бирин терең ызатташып, ынтымактуу, бактылуу жашаган үлгүлүү үй-бүлөнүн ээлери жана таланттуу педагог-тарбиячылар: биздин сыймыгыбыз болгон адамдар, менин атам — Сагын Абдуллаев, апам -Шамсинур Түркменовна Осмоналиева – мына  ушундай турмуш өтөгөн…. деп   мактануу  менен ар дайым  айта  аламын.

  Ардактуу асылдарым!

Жаркын элесиңиздерге таазим этип, арбагыңыздар  ыраазы болсун демекчимин. Жаткан жериңиздер  жайлуу болуп, теңирим  сиздерге бейишинен  орун  берсин деген тилек менен ушул жазган эскерүүмдү  Атам  менен Апама  арнаган гүл дестем  деп  билгизгим келет.

 ӨТКѲНДҮН ѲРНѲГҮ МЕНЕН КЕЛЕЧЕККЕАбдуллаева Батма

 

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер