ТИЛ ЯПОНИЯГА ЖЕТКИРЕТ
- 30.01.2025
- 0
Б. Кыдыкова атындагы Ат-Башы райондук моделдик-инновациялык китепканасында япон тили курсунун башталышы — аймактын тургундары үчүн коомдук жана билим берүү мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүдө маанилүү кадам.
Маалыматка ылайык, япон тилин үйрөнүүсү эл аралык мамилелерди, маданий алмашууну жана кесиптик өнүгүүнү колдоого гана эмес, ошондой эле жаңы билимдер жана көз караштар ачууга да мүмкүндүк берет.
Курстун максаты — катышуучуларга япон тилинин негиздерин, грамматикасын, сөз көрөңгөсүн жана маданиятын үйрөтүү болуп саналат. Бул аракет китепкананын инновациялык мүмкүнчүлүктөрүн колдонуу менен аймактык билим берүүнүн деңгээлин жогорулатууга жардам берет.
Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”
Комментарийлер