ТИЛ — УЛУТТУК МАДАНИЯТ, УЛУТТУК БАЙЛЫК, УЛУТТУК МУРАС
- 18.10.2024
- 0
Талас облусунун Манас районуна караштуу И.Отунбаев атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинде «Тил — улуттук маданият, улуттук байлык, улуттук мурас» аттуу кыргыз тили жана адабияты сабагынын мугалимдери үчүн облустук семинары өтүлдү.
Семинардын башкы максаты — мамлекеттик тилдин 35 жылдыгына карата кыргыз тилинин баалуулуктарын, улуттук руханий мурастарын жайылтуу.
— Семинардын алкагында жасалма интеллект боюнча сабак эң мыкты деңгээлде өтүлдү. Облус аймагындагы педагогдордун тажрыйба алмашуу семинарлары байма-бай өз убагында өтүлөт. Райондук, шаардык билим берүү бөлүмдөрүнө жана мектеп жамаатына терең ыраазычылык билдиребиз. Бул да болсо педагогдордун кесиптик чеберчилигин жогорулатууда чоң өбөлгө түзөт, — дейт Талас билим берүү усулдук борборунун директору Салтанат Бейшенова.
Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”
Комментарийлер