Тэнсай Олимпиадасы – билим таразасы
- 20.12.2024
- 0
Элчибек Нишанов 2016-жылдан тарта билим берүү тармагында эмгектенип келет. Биринчи онлайн билим берүү Upgrade.kg платформасын, Билим булагы, Билим борбору, ЖРТ даярдык мекемелерин негиздөөчүлөрүнүн бири. Ал 2018-жылы Баткен жергесине келип, “Тэнсай-Багыт билим берүү комплекси” мектебин негиздеген. ЖРТга даярдык, тил курстары, менталдык арифметика боюнча курстарды уюштурган. 2018-2022-жылдар аралыгында Баткен облусунун 5000ге чукул окуучусуна көмөкчү курстарды, сабактарды уюштуруп, КРнын алдыңкы университеттерине өтүүсүнө салым кошкон. 2022-жылдан бери “Тэнсай-Багыт билим берүү комплекси” мектебин негиздеп иштеп келе жатат. Бүгүнкү убакытта 250гө чукул окуучу жеке мектепте билим алат. Башка мектептердин окуучулары да ЖРТ курстарын окуп жүрүшөт. Элчибек мырза менен учурдагы билим берүү тармагындагы ишмердиги, алардын демилгеси менен уюштурулуп жаткан республикалык Тэнсай олимпиадасынын өзгөчөлүктөрү тууралуу маектештик.
— Билим берүү тармагында кандай демилгелерди көтөрүп жатасыздар?
— Азыркы учурда үч багытта иш алып барабыз. Биринчи багыт – мектеп программасы (Тэнсай-Багыт ББК) мектеби 1-4-класстар англис тилин тереңдетилген программада окуйт. 5-8-класстар үчүн информатика, математика, англис тилин тереңдетип окутуу программасы. 9-10-11-класстар үч багытта билим алат. IT класстар (физика, англис тили, математика, программалоонун флаттер тилин тереңдетип окуйт). Гуманитардык класстар (англис, орус, кыргыз тилдерин тереңдетип окуйт). Медицинага даярдоо классы (химия, биология, орус тили предметтери тереңдетип окулат). Максатыбыз – Баткен жергесиндеги мектеп окуучуларынын дүйнөлүк деңгээлде билим алуусуна шарт түзүү.
Экинчи багытыбыз – курстар. Бул жерде башка мектептерден келген окуучулар ЖРТ, англис тили, орус тили сыяктуу предметтерден кошумча билим алууга мүмкүнчүлүктөрү бар.
Ал эми үчүнчү багытыбыз – Тэнсай олимпиадалары. Бул демилге 2023-жылы Баткен шаарында башталган.2 жолу шаардык, облустук деңгээлде уюштуруп, 2023-2024-окуу жылында республикалык деңгээлге Тэнсай олимпиада – I наамы менен старт бердик. Тэнсай олимпиада — I үч миңге чукул окуучу катышып, 2-10-класстар арасында уюшулду. Ар бир жаш категорияга ылайык кылып мыкты конкурс уюштура алдык. Конкурс 10 предметтен уюшулуп, биздин мекеменин атынан байгелүү орундарга жеткен окуучуларга баалуу сыйлыктар ыйгарылды. 2024-2025-окуу жылына Тэнсай олимпиада-II старт берилди. Буюрса 22-декабрда Ош, Баткен, Кадамжай, Раззаков шаарларында офлайн, башка аймактар үчүн онлайн форматта олимпиада өткөрүлөт.
— Тэнсай олимпиадасынын өзгөчөлүктөрү, башкалардан айырмачылыктары эмнеде?
— Негизги өзгөчөлүгү Тэнсай олимпиада-II бир предметтен эмес, 4-5 предметтен чогуу жарышуу тибинде болот. Мисалы: 2-класстын окуучусу математика, орус тили, кыргыз тили, мекен таануу сыяктуу негизги предмет болгон 4 предметтен ат салышат. Жыйынтыктары чыгарылып, биз тараптан атайын сыйлыктар ыйгарылат. Ошентип отуруп, 2-класстан баштап 10-класстарга чейин ар бир класс өзүнүн окуп жаткан программасы боюнча билим сыноосунан өтүп, ар бир класстарда мыктылары аныкталат.
— Элчибек мырза, кандай максат менен республикалык деңгээлде олимпиада уюштуруп жатасыздар?
— Максатыбыз келечегибиз болгон окуучуларыбызды эл аралык деңгээлге алып чыгуу. Мисалы, мектеп окуучуларынын республикалык олимпиадасы болот эмеспи. Ал олимпиадага окуучулардын 0,5% гана катыша алат. Ал эми дүйнөлүк практикада көрүп жатабыз, Эл аралык олимпиадалар мисалы: IMО (эл аралык математика олимпиадасы), ICHO (эл аралык химия олимпиадасы), IBО (Эл аралык биология олимпиадасы) ж.б. бар. Аларга Кыргызстандын атынан алтыдан гана окуучу жылына катышып келет. Так илимдер боюнча эл аралык беш олимпиадага эгемендүүлүк алгандан бери жылына 30 окуучу жиберип келген болсок ( 30 жылда 900), алардын арасынан бешке жетпеген алтын, 20нын тегерегинде күмүш, коло сыяктуу медалдарыбыз бар. Дүйнөлүк олимпиаданын өзгөчөлүгү 80% өткөнүнүн баарына – алтын, 60 пайыздан өткөнүнө – күмүш берет. Бизде алтынга татыктуу балдар, аларды чыгарган тренерлер жок болуп жатат. Ал эми биздин олимпиаданын максаты да 5-6 жылда билими күчтүү балдарды топтоо жана дүйнөлүк олимпиадага чыга турган балдарды таптап даярдоо болмокчу. Эми элестетсек мектепте 500 окуучу окуса, райондук, облустук олимпиадага бир же экиден гана окуучу катышып келген. Калганы олимпиада эмне экенин билбей, такыр түшүнүгү да болбой эле жашап жүргөн. Ал эми биз ар бир мектептен олимпиадага катышууну каалаган бардык окуучуларды чакыртып, атайын билим жарышын уюштуруп жатабыз. Баарына олимпиада деген эмне, анда кандай суроолор болот, кандай тартипте өтөт деген сыяктуу өнүгүүгө болгон багыт көрсөтүлүп жатат.
— Ошондо олимпиаданын жеңүүчүлөрүнө кандай байгелер тартууланат?
— Биз да дүйнөлүк олимпиаданын системасына карай, ар бир класстан катышып жаткан мыкты 10-15-20 балага чейин алтын, күмүш, коло медалдар, баалуу белектер: смартфон, акылдуу саат, акылдуу кулакчындарды тартуулап, окуучуну даярдап чыккан мугалимдерге да медаль, баалуу сыйлыктарды ыйгарып жатабыз. 2-класста окуган бала азыртадан олимпиадага даярданып, ал боюнча түшүнүгү пайда болуп, эл аралык сынактарга барса деген гана тилек. Буюрса келечекте эл аралык олимпиададан медаль утуп келген мыкты окуучулар болот деп ишенебиз.
— Сиздер эмне үчүн бир жылда эки олимпиада уюштуруп жатасыздар?
— Ооба, бизден ушинтип көп сурап жатат. Бир жылда эки олимпиада уюштурганыбыздын себеби, кышында өтүүчү олимпиада бардык предметтерден сынак болсо, жазында өтүүчү олимпиада бир гана предметтен болот.
Биз уюштуруп жаткан олимпиаданын өзгөчөлүгү да ушунда болуп жатат. Кээ бир окуучулар олимпиада бир эле предметтен экен десе, башка сабактарын калтырып, ошол предмет боюнча гана даярдана баштайт экен. Ал эми биз мектеп стандарттарын толук окусун деп, ушул декабрь айында өтүүчү олимпиаданы бардык предметтен өткөрүп жатабыз. Март айында өтүүчү олимпиадага окуучу бир гана өзү каалаган предметтен катыша алат. Азыркы учуда бардык предметтен өтүүчү олимпиадага кызуу даярдык болуп жаткан кези.
— Сиздер уюштуруп жаткан олимпиада калыс өтөбү? Окуучулардын билимдерин кимдер таразалайт, суроолорду кимдер түзөт?
— Кээ бир ата-энелер олимпиаданын жүрүшү боюнча кызыгып, калыс, адилеттүү өтөбү деген суроо менен кайрылышат. Бул боюнча алар эч камсанабай койсо болот. Мисалы, биздин олимпиада уюштурууда үч топ иштейт.
Биринчи топ – эксперттер. Алар мектеп программасын мыкты билген мамлекетибиздин ар кайсы аймактарындагы мектептерде балдар менен иштеген кесипкөй адистер. Алардын аты-жөнү ачыкталбайт, келишимдин негизинде иштеген билим берүү тармагында эмгеги, иши менен таанылган адамдар. Эксперттердин кызматы олимпиадага түзүлгөн суроолорду талдап, тактап чыгып, жарайт, жарабайт, мектеп программасына туура келет же келбейт деп талдап берүү. Бүгүнкү учурда бизде он бешке чукул эксперт эмгектенет.
Экинчи топ – суроо түзүүчү адистер. Суроолорду да атайын топ даярдайт. Алар деле кесипкөй мугалимдер. Мамлекетибиздин ар бурчунда жашап, иштеп, биз менен да кызматташкан, билим берүүгө салым кошкон адистер.
Алардын ар бири 100дөн, 500дөн суроо даярдап, биздин суроо банкабызга салып жиберишет. Эксперттер болсо талдап чыгып, жакшы, кызыктуу түзүлгөн суроолорду балдарга, олимпиадага сунуштайт. Мисалы, азыркы учурда биздин суроо банкабызда ар бир предмет боюнча 5000ден ашуун суроо турат. Мисалы, Асан деген суроо түзүүчүбүздүн суроолорун биздин эксперттер жактырган болсо, анын суроолорун олимпиадада колдонобуз. Олимпиада бүткөндөн кийин Асанга байланышка чыгып, ага калем акы катары келишимдин негизинде акчасын төлөп беребиз. Кызыгы, эксперттер да, суроо түзүүчү кишилер да бири-бирин тааныбайт. Алар болгону биздин кеңсе менен гана байланышып иштеп барат.
Үчүнчү топ – уюштуруу тобу. Булар администраторлор деп аталат. Алар олимпиаданын өтүүсүн толук көзөмөлгө алып, иш алып барышат.Кыскача олимпиаданын жүрүшү ушундай форматта өтөт. Андан кийин каалоочу бардык ата-энелер, мугалимдер байкоочу катары олимпиаданын өтүүсүнө көз салса болот.
— Элчибек мырза, жакшы демилгелерди баштап жатканыңыздар кубандырат. Алдыга дагы кандай максаттарды коюп жатасыздар?
— Билим берүү тармагында көп жаңылыктарды киргизип, эл аралык тажрыйбаларды жайылтсак деп тилек кылуудабыз. Буюрса, жакынкы аралыкта мектеп окуучулары үчүн олимпиалык резерв жатак-мектебин уюштурууну пландап жатабыз. Мисалы үчүн спорт тармагы боюнча жатаканасы, бардык шарттары менен республикалык олимпиадалык резерв окуу жайы бар. Ушул окуу жайдан Кыргызстанды дүйнөгө тааныткан чемпиондор Канат Бегалиев, Руслан Түмөнбаев, Данияр Көбөнов, Акжол Махмудов, Айсулуу Тыныбекова, Мээрим Жуманазарова жана башка даңазалуу балбандардын баары таалим-тарбия алып, өсүп жетилди. Алар дүйнөлүк деңгээлдеги эң мыкты спортчулар болуп саналат. Биз дагы билим берүү боюнча ошол сыяктуу олимпиадалык резерв мектебин куруубуз керек. Ошондо гана келечекте дүйнө жүзү менен билим жаатында тең тайлаша алабыз. Себеби спорт бир адамдын жашоосун оңдойт. Ал эми билимдүүлөр бардык мамлекетти оңдоп, өнүктүрө алат.
Кабыл Макешов,
“Кут Билим”
Комментарийлер