«ТАЙНА МАЛЕНЬКОГО ЗЕРНЫШКА» ИЗИЛДӨӨ ДОЛБООРУ, 1-КЛАССТЫН ОКУУЧУЛАРЫ, БИШКЕК ШААРЫ, №90 ТОЛУК ЭМЕС ОРТО МЕКТЕБИ

  • 13.06.2022
  • 0

Кароо-сынакта окуучулардын жаш өзгөчөлүгү эске алынып, үч багыттагы темалардын алкагында иштөө сунушталды. 1-2-класстардын окуучулары үчүн “Мен жана менин дүйнөм” багытында, 3-4-класстын окуучулары үчүн “Кыргызстан элдеринин маданияты” багытында, ал эми 5-6-класстардын окуучулары үчүн “Жер шарынын биосфералык ар түрдүүлүгүн сактайлы!” багытындагы теманы тандап алуу мүмкүнчүлүгү берилди. Ушуга ылайык катышуучулар өздөрүн кызыктырган, түйшөлткөн теманы тандап алып, гипотезаны белгилеп, аны чечүү максатында көптөгөн адабияттарды, маалымат булактарын издеп таап, окуп, изилдеп, аларды анализдеп чыгышты. Ошол гипотезаны далилдеп же тескерисинче, четке кагуу максатында изилдөө долбоорлорунун дагы бир өзөктүү түзүмү болгон изилдөөлөрдүн ыкмаларын (интервью, анкета жүргүзүү, байкоо, эксперимент аркылуу ж.б.) колдонушту.

Кароо-сынактын алдын ала даярдалган Жобосуна ылайык, сынак эң алгач мектептерде уюштурулуп, мыкты делген изилдөө долбоорлору райондук, шаардык калыстар тобунун кароосуна келип түштү. Изилдөө долбоорлору боюнча мындай кароо-сынак өлкөнүн мектептеринде биринчи жолу өткөрүлүп жатканына карабастан, 1 600гө жакын мектеп катышып, эки миңдей изилдөө долбоору даярдалган. Райондордун жана шаарлардын жеңүүчүлөрү облустук деңгээлде каралып, андагы “эң мыкты” деп аталган 29 изилдөө долбоору республикалык калыстар тобуна келип түштү.

 

ОблустарМектептик турРайондук турОблустук турРеспубликалык тур
Талас132246153
Ысык-Көл126235214
Нарын100146193
Баткен231231263
Жалал-Абад 350 358 21 3
Ош144144193
Чүй346340363
Ош шаары564693
Бишкек шаары842016364
Бардыгы1569 1927 202 29

 

Кароо-сынакка келип түшкөн ар бир изилдөө долбоорун калыстар тобу сынактын Жобосунда белгиленген критерийлердин негизинде карап чыкты:

— презентацияда шилтеме берилген маалымат булактарынын саны жана сапаты (китептер, энциклопедиялар жана башка булактар);

— изилдөө долбоорунун идеясынын актуалдуулугу;

— долбоордун мазмунунун берилген структурага шайкештиги;

— катышуучулардын изилдөө көндүмдөрүн көрсөтүүсү: көйгөйлөрдү, гипотезаларды, колдонулган изилдөө ыкмаларын түзүү, корутундулардын негиздүүлүгү;

— иштин жасалгасы (дизайны);

— натыйжаларды/продукцияны көрсөтүүнүн сапаты.

Бири-биринен өткөн кызыктуу долбоорлор өтө көп болгондуктан калыстар тобуна жеңүүчүлөрдү аныктоо кыйын болду. Ошого карабастан “мыктылардын мыктысы” деп республика боюнча ар бир багыттан үчтөн жеңүүчү аныкталды. Жеңүүчүлөрдүн тизмесин төмөнкү таблицадан көрө аласыздар:

 

1-2-класстар арасында “Мен жана менин дүйнөм” багытындагы изилдөө долбоорлорунун жеңүүчүлөрү

 

Ээлеген орунуМектептин аты, району/шаары, облусуЖеңүүчүнүн

аты-жөнү

Изилдөө долбоорунун темасыДолбоордун жетекчисиЖалпы баллы
1-орунБишкек шаары, №26 орто мектебиПак София,

Сачковский Максим,

Жолдошбекова Арууке

“Что нужно есть, чтобы быть здоровым?”Иващенко Лариса15,0
2-орунЧүй облусу, Москва району, Бажан атындагы орто мектебиАманжанов Ислам

 

“Микробы вокруг нас”Султанбекова Зайнура14,6
3-орунБаткен облусу, Баткен району, Т.Мурзапаров орто мектеби

 

Рахманалиева Нурайым,

Кыдырова Буайша,

Айдаралиева Раяна,

Рысбаев Айбек

“Өрүк – Кыргызстандын бренди”Каразакова Курбанжан13,8
3-орунБишкек шаары, №90 толук эмес мектебиМыктыбеков Рамзан,

Жолдошалиева Айбийке,

Атамалиева Аяра,

Алимбекова Алима

“Тайна маленького зернышка”Мажитова Салтанат13,8
3-орунЖалал-Абад облусу, Ала-Бука району, Орозалиев атындагы орто мектебиАбылкасымова Алина,

Мураталиева Алия,

Кутубекова Раяна,

Аширбекова Арууке

“Чудесное превращение гусеницы в бабочку”Юлдашева Гульназ13,8

 

3-4-класстар арасында “Кыргызстан элдеринин маданияты” багытындагы  изилдөө долбоорлорунун жеңүүчүлөрү

 

Ээлеген орунуМектептин аты, району/шаары, облусуЖеңүүчүнүн

аты-жөнү

Изилдөө долбоорунун темасыДолбоордун жетекчисиЖалпы баллы
1-орунБаткен облусу, Кадамжай району, С. Баюми атындагы орто мектебиЖенишбекова Айдангуль,

Иматова Айткан,

Токсонбаева Бузейнеп,

Эргешова

Элдана

“Ыңгайлуу жашоо боз үйдө”Микарамова Бактыгуль13,8
2-орунБишкек шаары, №96 орто мектеби

 

Темирбеков Даниел,

Ишеналиева Амина,

Сулпукарова Нурзада,

Ашымкулова Рабига

“Боз үй”Дуулатбек кызы Мира

 

13,2
3-орунЧүй облусу, Аламүдүн району, К. Табалдинов орто мектебиНамазбеков Ариет

 

“Ат жабдыктары”Байбекова Алтынкуль

 

12,4

 

 

5-6-класстар арасында “Жер шарынын биосфералык ар түрдүүлүгүн сактайлы!” багытындагы изилдөө долбоорлорунун жеңүүчүлөрү

 

Ээлеген орунуМектептин аты, району/шаары, облусуЖеңүүчүнүн аты-жөнүИзилдөө долбоорунун темасыДолбоордун жетекчисиЖалпы баллы
1-орунТалас шаары, №2 Рысакова атындагы орто мектебиКенжалиева Саадат,

Мамырова Алия,

Хицко Ксения

“Антропогенное воздействие на биоразнообразие”Бортникова Елена15,8
2-орунБаткен облусу, №12 Юсупов атындагы Жошук орто мектебиТойгонбаева Нестан,

Мазмудова Алтынай,

Ахунжанова Асема,

Курсанбаева Нурайым

“Булганыч суу — оорунун булагы”Орозбаева Динара14,8
3-орунЖалал-Абад шаары, №21 Болотов атындагы орто мектебиАйтбаева Сезим,

Кудайбердиева Гульназ,

Абакиров Кутман

 

“Таза азык алуу жана кайра иштетүү”Мониева Акмарал14,6

 

 

Мындан тышкары калыстар тобу тарабынан төрт изилдөө долбооруна төмөндөгүдөй номинациялар ыйгарылды:

 

НоминацияМектептин аты, району/шаары, облусуЖеңүүчүнүн

аты-жөнү

Изилдөө долбоорунун темасыДолбоордун жетекчиси
“Чыгармачыл долбоор”Талас шаары, Дарданов атындагы орто мектебиТулебердиева Саида

 

“Мой друг пластилин”Бишель Елена
“Экологиялык долбоор”Нарын облусу, Жутакеев атындагы орто мектебиЭсенова Аэлита,

Жекшенбаева Элиза,

Орозалиева Асема,

Бейшекова Айназик

“Табиятты табият менен сактайлы”Эркинбек уулу Дастан
“Маданий көп түрдүүлүктү колдоо”Ысык-Көл облусу, Ак-Суу району, Калиев атындагы орто мектебиТалипова Акнур,

Бейшенбекова Айелина,

Карыпжанова Назима,

Эсентурова Набиля,

Догдурбекова Арууке,

Акматова Нурайым,

Муканбетова Аэлита

“Жүндү кайра иштетүүдө табигый түстөрдү алуу”Осконбаева Кымбат
“Илимий долбоор”

 

Ош шаары, №23 мектеп-гимназиясыМирзаев Абдуллох

 

“Солнечная система”Киргизова Хамида

 

 

 

Кароо-сынактын бардык жеңүүчүлөрүнө жана алардын жетекчилерине Билим берүү жана илим министрилиги жана USAIDдин «Окуу керемет!» долбоору тарабынан 1-2-3-даражадагы дипломдор, “Раритет” китеп дүкөнүнөн китеп сатып алууга 3 000, 2 000, 1 500, 1 000 сомдук сертификаттар жана башка көптөгөн кызыктыруучу сыйлыктар тапшырылды.

Республикалык турга келип түшкөн изилдөө долбоорлору тууралуу ойлорду жыйынтыктап жатып, долбоорлордун артыкчылыктарын айткыбыз келди. Көпчүлүк изилдөө долбоорлору улуттук-маданий ар түрдүүлүктү, Кыргызстандагы экологиялык көйгөйлөрдү жана биологиялык өзгөчөлүктөрдү камтып, кызыктуу жана пайдалуу экенине калыстар тобу күбө болду. Катышуучулар изилдөө долбоорлорун анын структурасына ылайык иштеп чыгууну үйрөнгөндөрүн байкадык: көйгөйлөрдү аныктап, гипотезаны белгилеп, изилдөөнүн ыкмаларын тандап (байкоо, интервью, эксперимент, анкета жүргүзүү ж.б.), керектүү маалыматтарды чогултуп жана аларды туура анализдеп, алардын негизинде жыйынтыктарды чыгарышып, изилдөө долбоорунун максатын ишке ашырууга аябай чоң аракеттерди көрүшүптүр. Ошондой эле алар презентация, видео жасап, аларды монтаждоо боюнча да жакшы көндүмдөргө ээ болушту.

Долбоордун жетекчилери — мугалимдер изилдөө долбоорлоруна катышкан окуучуларын жигердүү колдоп, өз командаларын даярдап, эң жогорку деңгээлдеги жумуштарды жасаганын көрүүгө болот.

Кээ бир аймактарда, мисалы, Таласта, кароо-сынак мэрдин колдоосуна татыктуу болду.

Кароо-сынак социалдык тармактарда кенен жайылтылды, Республикалык деңгээлдеги жыйынтыктары «Окуу керемет!» долбоорунун Инстаграм жана Фейсбук баракчаларына жарыяланып, жакшы комментарийлерге ээ болду.

КИЙИНКИ СЫНАКТА ЭСКЕ АЛА ТУРГАНДАР

Республикалык “Окуйбуз, жасайбыз, изилдейбиз!” кароо-сынагы министрлик тарабынан жыл сайын өткөрүлөт, ошондуктан эмки окуу жылында изилдөө долбоорлорун даярдоодо төмөнкү пункттарга көңүл буруп, жакшыртуу керек:

Конкурстун структурасы жана мазмуну боюнча жакшы сценарийдеги класстан тышкаркы иш-чарага дал келген жана бир нерсени жасоо боюнча мастер-класстарга ылайык келген жумуштар көп түштү. Бирок булар изилдөө долбоорунун максатына жана структурасына дал келбейт. Мисалы, аларда гипотеза аныкталган эмес, изилдөө ыкмалары белгисиз. Ошондуктан алардын кооздугуна жана көрсөтмөлүүлүгүнө карабастан мындай жумуштар жогорку балл ала алган жок.

Көптөгөн изилдөө долбоорлору маалыматтык гана нукта болуп калды.

Жумуштарды жасалгалоодо көптөгөн грамматикалык жана орфографиялык каталарга көңүл бурулган эмес.

Мындан тышкары изилдөө долбоорлору боюнча кароо-сынакка даярдык көрүүдө райондук, шаардык жана облустук деңгээлдеги уюштуруучуларга төмөнкүдөй сунуштарды берет элек:

  1. Уюштуруучулар кароо-сынактын жобосу менен жакшылап таанышып чыгып, тапшырылган видеоматериалдарды YouTube каналынан карап чыгуу;
  2. Изилдөө долбоорлорун кантип жүргүзүү боюнча методикалык колдонмолор менен таанышып чыгуу;
  3. Кароо-сынакка даярдануу көп убакытты талап кылгандыктан, 2023-жылдын январь айынан баштап эле даярдык көрүү;
  4. Темалардын диапозонун кеңейтүү: финансылык сабаттуулук, экономикалык, көркөм, эстетикалык жактарды да эске алуу;
  5. Кароо-сынактык иштерди баалоо учурунда жободо берилген талаптарды (критерийлерди) райондук, шаардык жана облустук деңгээлде катуу сактоо;
  6. Кыргыз билим берүү академиясына изилдөө долбоорлорун өткөрүү боюнча методикалык нускама иштеп чыгып, мектептерге таратуу, аларды август кеңешмелеринде талкуулап чыгууну сунуштоо;
  7. РПККЖ жана ПД институтуна башталгыч класстардын мугалимдеринин кесиптик чеберчилигин жогорулатуу программаларына жана райондук, шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн адистерин окутуу программаларына дагы изилдөө долбоорлору тууралуу маалыматтарды киргизип, ушул өңүттө иш алып барууну сунуштоо.

Изилдөө долбоорлоруна катышуу окуучулардын сынчыл ой жүгүртүүсүн, изилдөө ыкмаларын, материалдарды анализдөө, божомолдоо жана корутунду чыгаруу, аудитория астында презентация кылуу көндүмдөрүн өнүктүрөт. Бул көндүмдөр окуучулардын мектептен кийинки жашоосуна жардам болуп, өлкөнүн мыкты жарандарын өстүрүүгө салымын кошот.

Бекайым Торогельдиева,
USAIDдин «Окуу керемет!» долбоорунун инклюзия жана коомчулук менен иштөө боюнча адиси

 

Бөлүшүү

Комментарийлер