ТАЙИР АШИРБАЙДАН ПОЭМА!

  • 17.08.2021
  • 0

Кыска-нуска саптардын дыйканы лейлектик акын мугалим Тайир Аширбай «Жоомарт» поэмасын жазып бүттү.

Чыгармачылык менен изденип иштеген мугалим 2017-жылы «Кут Билим» гезити уюштурган «Жоомарт — мекенчил акын» мыкты иштелмелер сынагынын жеңүүчүсү болгон.

— Сыйлык тапшыруу аземинин алдында биз, сынактын жеңүүчүлөрү, таланттуу акындын Ала-Арча көрүстөнүндөгү жана Эркиндик бульварындагы эстелигине гүл койдук. Акын тууралуу тартылган фильмди көрдүк. Абдан таасирлендик, — дейт акын мугалим.

Ушундан көп өтпөй ал Жоомарт Бөкөнбаев тууралуу поэмасын жаза баштаган.

— Поэмада жалындай жаш курагында кайтыш болгон тубаса акындын чындык, адилеттүүлүк үчүн күрөшкөнүн, анын башкалардан айырмаланган жоомарт жан дүйнөсүн ачып бергенге аракет кылдым.
Китеп болуп жарык көрсө, окурмандар өздөрү баалап алат деген ойдомун, — дейт жаңы жазылган поэманын автору.

А. Алибеков, «Кут Билим»

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер