ТАТЫКТУУЛАРГА ЖОЛ АЧКАН ТАНДОО

  • 09.03.2021
  • 0

Венгрия менен Кытайдын жогорку окуу жайларына тандоо сынактары аягына чыгып, сунуштала турган талапкерлердин болжолдуу тизмеси такталды.

ТАНДООНУН ЖҮРҮШҮ ЖАНА ӨЗГӨЧӨЛҮГҮ

Венгриянын жогорку окуу жайларына быйыл 150 орун бөлүнүп, ага 305 талапкер ат салышса, Кытай тарап бөлгөн 18 орунга 72 талапкер сынактан өттү.

Билим берүү жана илим министрлиги чет мамлекеттик жогорку окуу жайларга талапкерлерди тандоо процессин, механизмин жакшыртууну жылдан жылга өркүндөтүп келет. Быйыл ушул максатта Өкмөттүн алдындагы Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети тарабынан документтерди кабыл алуу үчүн атайын онлайн платформа иштелип чыгып, ал 24 саат бою талапкерлер үчүн кызмат кылды. Тандоо процесси болсо былтыркыдан айырмаланып, үч этап менен өттү.

– Быйыл Венгриянын квоталык орундары эки эсе көбөйгөндүгүнө байланыштуу тандоону сапаттуу жана акыйкат өткөрүү үчүн кабыл алууну үч этапта өткөрдүк. Биринчи этапта документтер кабыл алынып, анын толуктугу техникалык кароодон өтсө, экинчи этабында бакалавриат программасына талапкерлер тест тапшырып, магистратура жана докторантурага бара жаткандар жазган изилдөө планын комиссияга тапшырышкан. 3-этапта баардык талапкерлер менен аңгемелешүү болду. Анда англис тилин билүү деңгээлине басым жасалып, билими, жөндөмү, максаты, тандаган адистигинин Кыргызстанга зарылчылыгы, чет мамлекетте жашоого даярдыгы жана психологиялык туруктуулугу да бааланды. Себеби алар англис тилинде окушат. Былтыркы кабыл алуу комиссиясынын сунушу боюнча бакалавриат программасына талапкерлер үчүн аңгемелешүү быйыл биринчи жолу болуп жатат. Себеби бир эле тестирлөө менен талапкердин билимин, деңгээлин, жөндөмүн баалоо мүмкүн эмес экен, — дейт Билим берүү жана илим министрлигинин эл аралык кызматташтык жана инвестицияларды тартуу бөлүмүнүн башчысы Чынара Мааткеримова.

ТАТЫКТУУЛАРГА ЖОЛ АЧКАН ТАНДОО

САНАРИП ОНЛАЙН ТЕСТ

Быйыл чет мамлекеттик жогорку окуу жайларга тапшырып жаткандар биринчи жолу санарип онлайн тест сынагынан өттү. Аны Билим берүүнүн сапатын баалоо жана маалымат технологияларынын улуттук борбору өткөрдү. Санарип онлайн тест дегенди да туура түшүнүү керек. Айрымдар аны аралыктан берилген тест деп түшүнүшү мүмкүн. Бирок андай эмес. Мында тесттердин варианттарын компьютер өзү түзүп, интернет аркылуу талапкерге өзү чыгарып берет. Тесттер Билим берүүнүн сапатын баалоо жана маалымат технологияларынын улуттук борбору тарабынан түзүлдү. Тесттер эки жолу экспертизадан өткөрүлдү.

– Бизде эл аралык окуулардан өткөн кырктай мугалим бар. Тестти ошолор түздү. Алар тесттердин кимге, эмнеге, каякка түзүлүп жатканын билишпейт. Абсолюттук түрдө жашыруун болот. Алар менен купуялуулук боюнча келишимге кол койдуруп алабыз. Бир да тест эч жакка чыкпайт жана бекем сакталат. Тест түзүүчүлөрдүн ар биринин компьютеринде жана тесттик тапшырмаларында пароль турат. Керек болсо мен дагы кандай тест иштелип чыгып, кайсы тест каякка кетип жатканын, кимге кандай варианты туш келгенин билбейм. Эгерде тесттер тууралуу маалымат чыгып кете турган болсо, ар бир методист жоопкерчиликке тартылат. 2000 ашык тесттик суроолордон турган чоң база бар. Ал интернетке байланган. Тест тапшыруучу логин, паролу менен кирери менен ага интернет өзү автоматтык түрдө тесттин вариантын түзүп, жүктөп берет. Ал үчүн болгону интернет жакшы иштеши керек. Мисалы, мен азыр отурсам бир вариант чыгат, беш мүнөттөн кийин кайра кирсем башка вариант чыгат. Кээ бир учурда бир эле суроо эки кишиден чыгышы мүмкүн, бирок жооптун варианты эки башка сапта болот. Менде туура жооп “а” болсо, башканы “г” болот. Программа атайын ушундай жасалган. Биз тест тапшыра турган балдардын дагы ким экенин билген жокпуз. Билим берүү жана илим министрлигинин эл аралык кызматташтык жана инвестицияларды тартуу бөлүмү бизге балдардын аты-жөнү жашырылган шифрди эле берди. Биз талапкерлердин компьютерге кирип, өзүнүн предметин табышы үчүн ал шифрге тандап алган адистигине жараша логин, паролдорду гана бердик. Ал пароль менен логин талапкерлердин колуна тест тапшыруу үчүн компьютердик класска кирип бара жатканда гана берилди, — дейт Билим берүүнүн сапатын баалоо жана маалымат технологияларынын улуттук борборунун директору Бактыгүл Шамшидинова.

Ар бир талапкер өзү тандаган адистиги боюнча үч предметтен тест тапшырды. Негизги предмети англис тили, калганы профилге жараша. Тест тапшыруу учурунда адам фактору абсолюттук түрдө болгон жок. Анткени абитуриент порталга киргенден кийин гана тесттин варианттарын компьютер өзү автоматтык түрдө түзүп, студенттин алдына чыгарып берди. Башкача айтканда, ар бир талапкердин өзүнүн варианты болду. Үч предметке эки саат 30 мүнөт берилди. Электрондук портал 60 суроого жооп берип бүткөндөн кийин кайра башынан баштап дагы бир сыйра карап чыкканга мүмкүнчүлүк бергидей болуп түзүлгөн. Акыркы жыйынтыкты алуу деген кнопканы баскандан кийин гана жыйынтыгы чыгарылып, дароо протокол түзүлүп, маалыматтар автоматтык түрдө жазылып жатты. Керек болсо протокол түзгөнгө дагы адам фактору катышкан жок. Ошондуктан быйыл тест сынагы өтө тынч өттү. Бир да кишиден аппеляциялык арыз түшкөн жок.

– Суроолор туура-так түзүлгөн. Талапкерлердин билимин баалоодо төрт форматтагы тесттик тапшырмалар колдонулду. Анткени баарыбызга белгилүү болгон бир суроо төрт жообу менен берилген формат баланын билим деңгээлин толук баалай албайт. Ошондуктан тесттин жообун тандоодо: ыраттуулукту аныктоо, дал келтирүү жана ачык түрдө кыска жообу менен берилген тапшырмалар форматы колдонулду. Бул тапшырмалар ой жүгүртүүнү, шайкештикти талап кылат. Талапкердин билимин гана эмес, чеберчилигин жана шыгын кошо текшерет. Мындай тесттер талапкерлер үчүн жаңылык деле эмес, анткени аларга алдын ала даярдануу үчүн ар бир предмет боюнча сайтка сыноочу тесттер салынган, — дейт Бактыгүл Шамшидинова.

АҢГЕМЕЛЕШҮҮ – АЧЫК ТАНДООНУН ЖОЛУ

Жогоруда айтылгандай, чет өлкөгө окууга кете турган талапкерлердин баардыгы аңгемелешүүдөн өттү. Албетте, буга нааразы болгондор да болду. Бирок эксперттер айткандай, тандоонун мындай түрү сөзсүз керек. Анткени биринчиден, жалгыз тестирлөө менен талапкердин билимин, жөндөмүн, максатын толук кандуу баалоо мүмкүн эмес. Экинчиден, Венгрия тарап сунушталган талапкерлер менен дагы бир жолу маектешип, анан акыркы чечимди чыгарат. Дагы белгилеп кетчү нерсе, магистратурага тапшырып жаткандардын арасынан аңгемелешүү учурунда изилдөө планын өздөрү даярдабагандыгы аныкталды.

– Биз ал жакка дагы уят болуп калбаш үчүн англисче билген, оюн түшүндүрүп бере ала турган, билимдүү балдарды жөнөтүшүбүз керек. О ш о н д у кт а н маектешүү этабында академиялык чынчылдыкка жана англис тилине көбүрөөк басым жасадык. Баарыбызга эле белгилүү болгондой, бизде, Кыргызстанда, Орто Азияда академиялык чынчылдык чоң көйгөйлөрдүн бири. Себеби студент изилдөө долбоорун, мотивациялык катын ж.б. өздөрү жазышпайт. Былтыр англис тилин жогорку деңгээлде билгендигин тастыктаган тойфл сертификаты бар, бирок англисче билбегендер, маектешүүдөн баш тарткандар болгон. Ушундан улам бул жылы бакалавриатка тапшырып жаткандарды да маектешүүдөн өткөрүүнү туура көрдүк. Талапкерлердин арасында өзү жазган изилдөө планы, мотивациялык катынын негизинде суроо берсең, жооп бере албаган учурлар көп катталды. Бул аларга түздөн-түз бирөөлөр жардам берген дегенди билдирет. Ошол эле учурда көпчүлүк балдардын тесттен жогорку балл алып, бирок келечектеги кесибине карата так, анык максатынын жоктугу бизди кейитти. Ал эми сүйүндүргөн жагы англис тилин мыкты билип, өлкөбүздүн өнүгүшүнө салым кошобуз дегендердин көп болгондугу болду, — дейт комиссиянын төрагасынын орун басары, Борбордук Азиядагы Америка университетинин ага окутуучусу Карабаев Данияр.

Комиссиянын мүчөсү, “Перемена” коомдук фондунун Мамлекеттик саясатты талдоо борборунун директору Алмаз Тажыбай дагы быйылкы тандоо абдан жогорку деңгээлде, ачыкайкын өткөндүгүн, тесттен жогорку балл алып, бирок аңгемелешүүдөн төмөн балл алып калгандарды комиссиянын чечимин туура түшүнүүгө чакырды. Себеби англис тилин жакшы билбегендер, оюн жеткиликтүү түшүндүрүп бере албагандар Венгрия тараптын маектешүүсүнөн өтпөй калышы мүмкүн. Алар биринчиден, мамлекетти, экинчиден, өздөрүн уят кылышат жана башка билимдүү балдардын жолун байлашат.

– Мага түрдүү пикирлерди айткандар болуп жатат. Айрымдары паракор дагы кылып жиберишти. Биз тескерисинче, тандоонун ачык-айкын өтүшүн камсыздоо үчүн аракет кылып жатабыз. Болбосо убактыбызды коротуп эмне кылабыз? Көбүнө аңгемелешүүнүн кирип калганы жакпай калды. Биз муну атайын сунуштаганбыз. Анткени алардын келечектеги максатын дагы билишибиз керек болчу. Алар менен үч тараптуу келишим түзүлөт. Окууну бүткөндөн кийин кайра келип мамлекетке эки жыл иштеп бериши керек болот. Талапкерлердин көбү болсо мамлекет үчүн эмес, өзүм үчүн иштейм, ишкердик менен алектенем же ата-энемдин бизнесин улап кетем деген жоопторду беришти. Бул гранттык орундар мамлекет тарабынан берилип жаткандан кийин алар кайра мамлекеттин кызыкчылыгын көздөшү керек, — дейт Алмаз Тажыбай.

Социалдык тармактарда чет мамлекеттердин окуу жайларына кабыл алуу боюнча маалыматтар коомчулукка жетиштүү таратылган жок деп нааразы болгондор да болду. Бирок министрлик Венгрияга кабыл алуу башталгандыгы боюнча расмий сайтында, социалдык тармактарда, массалык маалымат каражаттарында 10-декабрдан баштап эле жарыялай баштаган. Кабыл алуу ортолоп калган кезде маалымат жыйынын өткөрүп, аяктап жатканда документтерди толуктоо боюнча эскертүүлөрдү да беришкен.

КОМИССИЯНЫН КУРАМЫ

Тандоону таза жана акыйкат өткөрүү үчүн академиялык чөрөдөн жана жарандык коомдон турган көз карандысыз Уюштуруу комиссиясы түзүлгөн. Анын курамы тууралуу маалымат купуя сакталып, тандоо жүрүп жаткан кезде эч кимге айтылган жок. Тандоо экзамендери аяктап, рейтинг чыгарылгандан кийин гана коомчулукка маалымдалды.

Комиссияны жарандык коомдун өкүлү, Кыргыз Республикасынын Ата мекендик өндүрүүчүлөр ассоциациясынын төрагасы Дегенбаев Бакыт жетектеди. Орун басарлык милдетти Борбордук Азиядагы Америка университетинин либералдык искусство жана илимдер факультетинин деканы Карабаев Данияр аткарды. Мамлекеттик саясатты талдоо борборунун директору Алмаз Тажыбай, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Экономика жана башкаруу институтунун доценти, экономика илимдеринин кандидаты Джумабаева Марина, AFEWКыргызстан долбоорунун менеджери Кобошова Гүлзат комиссияга мүчөлүк кылды. Ал эми тандоонун башынан баштап аягына чейин Венгриянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Е.П.Шандор Дороги байкоочу болду.

 

 Чолпон Кийизбаева, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер