ТАТЫКТУУЛАР ТАНДАЛУУГА ТИЙИШ

  • 29.03.2021
  • 0

Өткөн аптада билим берүү тармагында чечкиндүү өзгөрүүлөрдү жасоого камынган билим берүү министри  Алмазбек Бейшеналиев Бишкек шаарында эле 27 жылдан бери директор болуп турган атуулдар бар экенин айтып чыкты.  Министр мырзанын бул билдирүүсү коомчулукта, анын ичинде соцтармактарда кызуу талкууну жаратты.

ТАТЫКТУУЛАР ТАНДАЛУУГА  ТИЙИШ

Артка кылчайып карасак, билим берүү тармагынын ар бир жаңы жетекчиси, өз ишин дал ушул мектеп директорлоруна тиешелүү иштерден баштоого белсенгени менен, буга чейин акыр аягы маселе ошол бойдон чечилбей кала берчү. Эгемендүүлүк жылдар аралыгында бул тармакта канча өзгөрүү, канча реформа жүрдү дейсиз, бирок биринин да мектеп директоруна тиешеси жок болгону карандай чындык.

Ошентип, Кыргызстан эгемендүү өнүгүү жолуна түшкөн отуз жылга чукул аралыкта мектеп директорлору кол тийбес кастага айланды. Кайсы бир жылы жаңыдан дайындалган министр: «Иштеги кемчилиги үчүн мектеп директорун жумуштан ала албасам, эмнем министр!» деп кейиген экен.
Анткени, жумуштан алайын десе, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу тууралуу мыйзам жол бербей, көз жумуп коёюн десе, ыйманы жол бербей, бир тарапта ата-энелерден түшкөн эсепсиз акчаны жеди деген коомчулук, экинчи жагында мектептин кемтигин бүтөгөнгө   жетип-жетпеген бюджеттин чакталуу акчасы турчу. Маселенин төркүнүн жакшы түшүнгөн жаңы министр билим берүү мекемелеринин жетекчилерин аттестациялоо ишин тиешелүү мыйзамдан баштоого кам урду. Анын айтуусунда, мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин бир канча депутаттары демилгелеп, 2003-жылдагы мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталып жатат.
«Ал мыйзамга билим берүү мекемелеринин жетекчилерин аттестациялоо кирбей калган. Аттестациядан өтүүгө тийиш болгондордун арасында мектептердин эле директорлору  эмес, бала бакчалардын, кесиптик-техникалык окуу жайлардын жана колледждердин жетекчилери да бар. Бизде 4200дөй билим берүү тармагынын жетекчилерин аттестациядан өткөрүү маселеси турат. Бул абдан актуалдуу жана керек маселе. Бул — коомдун талабы», — деди министр «Марал» радиосуна берген маегинде.
Министр белгилегендей, көрүлүп жаткан аракеттер көп жылдан бери иштеп жаткан адамдарды кетирүү үчүн эмес,  натыйжасыз иштеген жетекчилерден арылуу үчүн жүргүзүлгөнү жатат.
Албетте, «беш кол тең эмес» дегендей, азыркы мектеп директорлорунун арасында билим берүү тармагынын жетекчиси туура баамдагандай, нече жыл жамаат башкарса да, өз үстүнөн иштебей деградация болгону, жетекчилик деңгээл жагынан аксаганы, өз ишине тиешелүү административдик-ченемдик укуктук актыларды билбегени болушу мүмкүн.
«Ушул тобокелчиликтерди жоюу максатында биз аттестацияны колдоп жатабыз. Муну өткөрө турган болсок, абдан позитивдүү пайдасы тиет деген ишеничтемин. Анткени мектептер аккредитациядан өтүп жатат, категория алыш үчүн мугалимдер аттестациядан өтүп жатышат, а эмне үчүн мектеп директорлору менен бала бакча жетекчилери аттестациядан өтпөшү керек?», — деп түз айтты министр.
Жогорку Кеңештин кароосунда турган мыйзамда мындан ары мектеп же бала бакча жетекчилерин сынактык негизде дайындоо сунушталууда.
«Министрликке «Директорлорду шайлоо жолу менен алып келбейсиңерби» деген сунуштар да түшүп жатат. Мисалы, бир айылда бир мектеп, эки уруу бар дейли. Кыргыздар — уруу-урууга бөлүнгөндү жакшы билген элбиз. Элестеткиле, ошол кичинекей айылда шайлоо өткөрүп жатканыбызды…Эки уруу өз өкүлдөрүн алып чыгышат, анан бир айылдын ынтымагы ыдырашы мүмкүн. Андыктан, андай болбойт. Директорлорду профессионалдык чеберчиликке багыттаган сынактын негизинде дайындайлы деп жатабыз», — деди Алмазбек Бейшеналиев.

Билим берүү тармагынын азыркы жетекчисинин сөзүнө караганда, бир орунда 20 жылдан ашуун отурган директорлордун саны өлкөдө орто эсеп менен 25-30%ды түзөт.
«Менин директорлорго эч каршылыгым жок. Аттестациядан өтүшсө, ишин уланта беришсин. Эгер өздөрүнө ишенип жатса, анда эмнеге биздин демилгеге каршы болуп жатышат? Айрыкча, Бишкек шаарындагы директорлор уюшуп алып, акча чогултуп, министрликке каршы саясат жүргүзүп жатышат. Эң жогорку деңгээлдеги чиновниктерге чейин чыгып, ушул мыйзамга жолтоо болгонго аракет кылышууда. Анткени Бишкектеги мектептерде ата-энелерден чогулган акчадан директорлордун чоң үлүшү бар. Мындан эч ким кол жууп калгысы келбейт. Бишкектеги же маанилүү мектептердин директору болуу аким же мэр болуудан өйдө турат. Ушул көз караштарды жоюу үчүн аттестация керек. Биз министрлик тараптан бирдиктүү аттестация өтсүн деп жатабыз», — дейт өз оюн ачыктап билим берүү министри.
Ал арада министрдин айткандары интернет колдоочуларда жапырт колдоо тапты. Бул директорлорго байланыштуу маселе бүгүн эле чыга калбастан, жылдап каралбай, чечилбей келгенинен кабар берет.

«Алмаз, айтканыңдан кайтпа! Директорлорду сөзсүз алмаштырыш керек. Акча чогултса, терминал, банк аркылуу чогултуш керек. Айлык аз дегени менен салган үйлөрүн көрчү, минген машинелерин көр! 30 жыл отурган, бирок эч өзгөрүү киргизбеген директордон эмнени күтүүгө болот?»
(Фатима Джаманбаева)

«Ооба, директорлор сөзсүз аттестациядан өтүшү керек  деп ойлойм. Азыр билими тайкы, акчасы бар, билим берүү жөнүндө эч түшүнүгү жок мектеп директорлору көп»
(Салкын Оморова)

«Фондду жой, министр! Ошондо директорлор жаштарга өздөрү жаштарга өз орундарын бошотуп беришет»
(Самат Амираев)

«Шаардын директорлору жылдап бир орунда отурушат. Себеби чогулган акчаны каалагандай өз пайдасына колдонушчу жана горОНО, райОНОлор менен бөлүшүшчү.
Бекер акчадан кур калгылары келбей, ошон үчүн Новиковго кайрылып жатышат»
(Patriots Kg)

«Азаматсыз, коркушса  кызматын тапшырып кете беришсин, азыр пара албай калышты, ошондон коркуп жатышат да»
(Алина Мамасалиева)

Чындыгында жогорудагы комменттерде жазылгандай, мектептеги балээнин баары ушул ата-энелерден жыйналган акчадан башталды. Алгач айына 50 сомдон чогултула баштаса, кийинчерээк «ыктыярдуу» сумма 100, 200 сомго, ал эми борбор шаарыбыздын доор менен жарышып, мектеп-гимназияга, окуу-тарбия комплексине айланган  көзгө басар мектептеринде бул сумма 500 сомго чейин өсүп жеткени белгилүү. Кийинчерээк айрым мектептер айына төлөнүүчү мектеп фондунан тышкары, класстык фонд, оңдоп-түзөө иштерине, коопсуздук кызматына атайын төлөмдөрдү ойлоп-тапканы аз келгенсип, биринчи класска катталууга ата-энеден «ыктыярдуу» түрдөгү 1000 сомдон 5000, 10 000 сомго чейинки кошумча төлөмдөрдү алып келишти. Борбордогу элиталык деп көкүрөк каккан лицей-гимназияларда «ыктыярдуу» кошумча төлөмдөр сом менен эмес, доллар менен төлөнүп жүргөнүнөн баарыбыздын кабарыбыз бар. Ал эми борбордун бала бакчаларында орноштуруу акысы 10 000 сом экенин балдарын бакчага бергендер айтып калышчу. Ата-эненин салымы ушуну менен бүтсө гана! Бакчага баласын бергендер жата турган төшөнчө, керебетин, идиш-аягын, идиш, кир жуучу каражаттарын, оюнчугун да сатып беришчү.
Мен мектепке, бала бакчага жардам бербеш керек деген ойдон алысмын. Албетте, мектепке көмөктөшүү керек. Бирок ата-энелер берүүчү жардамдын суммасы так көрсөтүлүп, мыйзамда же жободо белгилениши абзел. Мектепти өнүктүрүүгө ар бир ата-эне ай сайын 100 сомун аябайт деп ойлойм. Бул сумма
да баарына бирдей болбошу керек. Төлөөгө мүмкүнчүлүгү жоктор албетте акысыз окууга тийиш.
Мектеп жетекчилерине карата  нааразылыктар бир гана мектеп фондуна түшкөн акчага байланышкан жок. Акча суммасынын ачык эместиги, акчаны натыйжасыз пайдалануу, булар албетте, коомчулуктун орундуу тынчсыздануусун жаратып жатат. Муну менен кошо жер-жерлерде иштеген мугалимдер мектептеги стимфонддун, сааттардын туура эмес бөлүштүрүшүнө нааразы болуп келишти.
Арасында мектеп директорунун адилетсиз мамилесинен, чечиминен запкы жегендери да учурады.
Азыр деле мектеп директорунун жетекчи катары калыс мамилесине, адилеттүү чечимине муктаж мектептер бар.
«Бүгүнкү күндө бир гана мектеп директору болуу жетишсиз. Мектеп директору баарынан мурун менеджер, стратег, лидер, коммуникатор болушу керек. Муну менен бирге учурдун санариптештирүү талабын, мектептин келечегин билүүгө тийиш», — деп айтат билим берүү ишинин дасыккан лидери Доктуркүл Кендирбаева.
Жогорудагы алгы ойго кошумча, азыркы доордун директору көз карашы боюнча гуманист, ал эми жетекчилик стили боюнча демократ болууга тийиш деп ойлойм.
Тилекке каршы, биздеги мектеп директорлорунун басымдуу бөлүгү мамилешүүдө чоң-кичине дебей баарына бирдей, авторитардык стилди карманышат. Башкаруунун демократиялык стили адамдарга бири-бирин түшүнүүгө көпүрө болуп берерин билишсе, авторитардык стилди түк карманышмак эмес.
Бир сапар «Билимкана» мектеби Таласта жаңыдан ачылганда барып калдым. Директору бөлмөсүндө жок экен. Издеп барсам, иш-чара өтүүчү жайга окуучулар менен окуучу болуп, отургуч ташып жүрүптүр. Анын жүзүнөн балдар менен бирге алдыдагы концерттик программанын ийгиликтүү өтүшүнө толкундануу сезилип турду. Ушул эле учурда башка мугалимдер өз иштери менен алек болуп жүрүшкөнүн байкадым.
Ааламдашуу доорунда бизге ушундай демилгелүү иштерде мугалим менен мугалим болуп, окуучу менен окуучу болуп, өзүнүн директор экенин унутуп койгон, жөнөкөй, бирок калыстыктан эч тайбаган, билимдүү, сабырдуу, маданияттуу, кесиптештеринин арасында сабак берүү, мамилешүү жагынан алдына киши салбаган, бирок ошол эле учурда башкалардын да кесиптик өсүп-өнүгүүсүн, өз ишинде ийгилик жаратышын колдой билген билим берүүнүн нукура лидери керек.
Мындай сапаттагы мектеп жетекчилери бизде аз эмес санда деп ойлойм.

А. Алибеков, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер