ТАРЫХЫЙ ИНСАНДАРГА АРНАЛГАН ИЛИМИЙ КОНФЕРЕНЦИЯ
- 22.12.2021
- 0
И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде Президенттин “Жусуп Абдрахмановдун туулган күнүнүн 120 жылдыгын белгилөө жөнүндөгү” жарлыгына ылайык, ошондой эле Ахматбек Суюмбаевдин 100 жылдыгына карата “Эл баатырлары: Жусуп Абдрахманов жана Ахматбек Суюмбаевдин ишмердүүлүгү, учурдагы саясий процесс” аттуу илимий-практикалык конференция өттү.
Иш-чарада Ж.Абдрахманов жана А.Суюмбаевдин совет мезгилинде кыргыз Совет мамлекетинин түптөлүшүнө жана калыптанышына, элдин мамлекеттүүлүүккө ээ болушуна, Кыргыз Советтик Социалисттик Республикасынын (Кыргыз ССРи) өнүгүүсүнө, республиканын саясий түзүлүшүнүн жана экономикасынын калыптанышына, улуттук кадрларды даярдоого кошкон салымы жөнүндө баяндамалар окулуп, Ж.Абдрахманов жана А.Суюмбаевдин ишмердүүлүгү, анын жекече адамдык сапаттары жана келечекке карай көз караштары боюнча пикир алышуулар болуп, жаңыча сунуштар айтылды.
- Сөз сүйлөгөн З.Курманов Ж.Абдрахмановдун мурда жарыяланбаган эмгектеринин табылганы тууралуу кызыктуу маалымат берди. Өзгөчө, А.Касымованын изилдөө иштери ЖАбдрахмановдун саясий ишмердүүлүгүнө арналган изилдөөлөрү конференциянын катышуучуларынын көңүлүн бурду. Ж.Абдрахманов 1926-жылдары эле келечектеги Кыргызстандын өнүгүшүн, эл чарбасынын багытын негиздегендигин анын “Кыргызстан” деген эмгегинде баса белгиленгендиги айтылды. Бүгүнкү күндө дагы эл чарбасынын бул тармагы мамлекетибиздин бюджетин толтурууга чоң көмөк көрсөтүп жаткандыгы талашсыз, — дейт ФжСИ кафедрасынын башчысы А.Акунов.
Комментарийлер