ТАРЫХЫ БАЙ КОЛЛЕДЖДЕ МЕМОРИАЛДЫК ТАКТА АЧЫЛДЫ
- 18.10.2023
- 0
И.Бийбосунов атындагы Каракол педагогикалык колледжинин 90 жылдык мааракесинин алкагында окуу жайды бүтүргөн залкар инсандардын мемориалдык тактасы ачылды.
— Тарыхка бай окуу жайыбыздын эсебине дагы бир тарыхый күн кошулду. Менин демилгем менен окуу имаратынын короосуна Кыргызстаныбыздын залкар инсандары, биздин окуу жайда окуп бүткөн Кусейин Карасаевдин, Жусуп Абдрахмановдун, Касым Тыныстановдун, Жумагул Алышбаевдин, Бүбүйна Орузбаеванын, Калыйнур Усенбековдун мемориалдык тактасынын ачылышы болду, — дейт колледждин директору С.Молдосанов. — Мемориалдык тактаны ачуунун себеби, окуу жайыбызды бүткөн залкар инсандар тууралуу кеңири маалымат алып, сыймыктануу менен эстеп жүрсүн деген максатты көздөдүк.
Г.А., “КБ”
Комментарийлер