ТАРЫХЫ БАЙ КОЛЛЕДЖ – 90 ЖАШТА!

  • 20.10.2023
  • 0

Каракол шаарындагы И.Бийбосунов атындагы педагогикалык колледжинин 90 жылдык мааракесине арналган илимий-практикалык конференцияда окуу жайдын тарыхы, билим берүү системасындагы маалыматтык технологиялар жана кесипкөй адистерди даярдоодогу инновациялык ыкмалар тууралуу кеп болду.

ТАРЫХЫ БАЙ КОЛЛЕДЖ –  90 ЖАШТА!

Акыркы он жылдагы жетишкендик

Колледжде 700 чукул студентке 65 мугалим билим берет. Облустун бардык мектептерин сапаттуу адистер менен камсыз кылып келаткан окуу жайды он үч жылдан ашык КР Билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер Саламат Молдосанов жетектеп келатат. Ушул жылдар ичинде иш билги жетекчинин аракети менен башка мекемелерге өтүп кеткен окуу жайдын экинчи корпусу кайтарылып, студенттердин окуусуна, мугалимдердин иштөөсүнө бардык шарттар түзүлгөн.

Студенттерге жатакана уюштурулуп, окуу жайдын ичинде мугалимдер менен балалуу студенттердин балдары үчүн “Эне жана бала бөлмөсү” бала бакча сыяктуу бекер иштеп жатат. Ошондой эле педагогикалык окуу жайды бүтүргөн белгилүү инсандардын, Ысык-Көлдөн чыккан баатырлардын, окумуштуулардын, согуш ардагерлеринин баалуу документтери, тиешелүү маалыматтарды камтыган музей, ошондой эле 100 кишилик заманбап конференц-зал ачылган.

Жакында эле окуу жайдын короосунда Кыргызстандын залкар инсандары, окуу жайда билим алган Кусейин Карасаевдин, Жусуп Абдрахмановдун, Касым Тыныстановдун, Жумагул Алышбаевдин, Бүбүйна Орузбаеванын, Калыйнур Усенбековдун мемориалдык тактасынын ачылышы болду.

– Мемориалдык тактаны ачуунун себеби, окуу жайыбызды бүткөн залкар инсандар тууралуу кеңири маалымат алып, сыймыктануу менен эстеп жүрсүн деген максатты көздөдүк, — дейт колледждин директору С.Молдосанов.

Илим, билимдин устаканасы – Ысык-Көл

С.Молдосанов менен кандай жолукпайлы окуу жайдын тарыхы тууралуу кенен айтып бергенди жакшы көрөт. Көрсө, колледждин эки корпусу тарыхый эстеликтердин тизмесине кирген. Имараттар 1871-жылы салынып, анда орустун көпөстөрү жашаптыр. Кийин бирөөсүндө кыздар, экинчисинде эркектер гимназиясы уюштурулуптур. Кийин 1930-жылы Бубнова атындагы педагогикалык техникум болуп ачылган экен. Репрессиядан кийин ал М.Горький атындагы болуп өзгөртүлүптүр. 1939-жылы окуу жайды академик Жумагул Алышбаев,1940-жылы белгилүү тилчи эжебиз Бүбүйна
Орусбаева бүтүрүшкөн.

– Бул тарыхый окуу жай. “Илим, билимдин устаканасы – Ысык-Көл” деп белгилүү адамдар бекеринен айтпаса керек. Көлдөн окумуштуулар көп чыгышкан. Бийлик сабатсыздыкты жоюу үчүн ал кездеги педучилищага 100 баланы алып келген экен. 100 жашка чыгып калган Тенти Тамашаев деген атанын айтуусу боюнча, аларга үч маал тамак берип, мыкты окугандарга костюм, шым, ботинкеси менен берген экен. Аны бир гана Советтер Союзунун баатыры К.Үсөнбеков кийген дейт. Бүбүйна эже менен сүйлөшкөндө, анын айтуусу боюнча, ал орус-тузем мектебинде окуптур, кийин чоң атасы келип, «бул кыз орус болуп баратыптыр, уйгурча, өзбекче сүйлөп атат» деп педучилищанын директору Бекжанов Абдразакка табыштаптыр. Москвадан келген эжей-агайлар орусча сабак өтсө, ал 15 мүнөттө кыргызча которуп койчу экен. Зияш Бекташев агай: «Ушул кыздын эмгегин баалагыла» деп стипендия төлөтүп бердирген экен, — дейт Саламат агай.

Окуу жайдын директорунун айтымында, корпустун экинчи кабатын студенттерге жатакана кылып уюштуруп, ал корпуска ириде ичине дараткана, душ, кир жуучу жайды салдырыптыр. Андан соң студенттерге эс алуучу бөлмө, тамак жасачу ашкананы ачып берген экен.

Эл аралык уюмдар педколледжди тандашат

Окуу жайдын эң жакын өнөктөшү Германия мамлекетинин GIZ (азыр жиайзед) уюму. Жыл сайын педколледждин базасында эл аралык семинарларды, мастер-класстарды өткөрүшөт.

– Биз булар менен үч багытта иштейбиз: окутуунун активдүү формасы, технология жана компьютердик сабатсыздыкты жоюу жана жашоо көндүмдөрү боюнча. Технология багыты боюнча бардык керектүү токардык станокторду, жабдыктарды алып беришкен. Башталгыч класстын мугалими өз колу менен дидактикалык материалдарды, көрсөтмө куралдарды темирден, жыгачтан, пластмассадан жасаганды үйрөнүшөт. Мындан сырткары, тигүү машинкалары алынган, — дейт директор.

Эне жана бала бөлмөсү

Саламат Молдосанов иш сапары менен Латвияга барганда ал жерде студенттер үчүн «Эне жана бала бөлмөсү» бар экенин көрүп, өзүнүн окуу жайында да ачууну пландаштырган. Келгенден кийин өнөктөштөрү менен сүйлөшүп, жаш балалуу мугалимдер менен студенттер үчүн «Эне жана бала бөлмөсүн» ачкан. Эми жаш адистер менен студенттер сарсанаа болбой иштеп, окушат. Ага акча төлөшпөйт.

– Мен биздин партнерлорго кайрылып, өзүбүз бөлмөнү ремонттоп берели, сиздер балдарга керектүү эмеректер, оюнчуктар менен камсыз кылып бериңиздер деп сурангам. Бактыбызга бардык максаттарыбыз ишке ашкан. Ошондой эле балдарга бир маал нан, чайын берейин деп жатам. Боюнда бар студенттерге дагы бир маал бекер чай канты менен берейин деген планым бар. Мындай бөлмө Кыргызстандагы бир дагы окуу жайда жок, — дейт Саламат Молдосанов.

Бөлмөнүн тарбиячыларынын айтуусу боюнча, балдарды өнүктүрүү, кеп өстүрүү боюнча сабактар өтүлөт. Уйкусу келген учурда балдар эс алышат.

Сапаттуу адистерди даярдоо

Окуу жайга Саламат Молдосанов директор болуп 2010-жылы келген. Ушул аралыкта 200 студенттен 700 жеткирген.

– Менин жасап жаткан иштерим тууралуу эл айтышы керек. Мен кыйратып салдым дегенден алысмын. Бирок жетекчилик кызматка келгенден кийин жөн эле кирди-чыкты айлык алган менен чектелбестен, из калтырыш керек, келечек үчүн иштеш керек деп ойлойм. Биздин биринчи миссиябыз – мектептерге сапаттуу, жогорку квалификациядагы мугалимдерди даярдоо, — дейт сыймыктануу менен жетекчи.

Бүтүрүүчүлөрдүн көбүнчөсү мыкты мугалимдер, завуч, спорт мектепке директорлук кызматка чейин көтөрүлгөндөр бар экенин кубануу менен айтып берди.

Педколледж 2016-жылы “Мугалим” илимий-педагогикалык журналынын тандоосу боюнча “Аймактык эң мыкты колледж” наамына ээ болушса, 2017-жылы Ысык-Көл облусу боюнча орто окуу жайлар арасында “Эң мыкты окуу жай” деген наамды утуп алышкан. Аталган окуу жайда Кыргызстанга эле эмес, Советтер Союзуна эмгеги сиңген адамдар окушкан, т.а. Советтер Союзунун баатырлары, академиктер, жүздөгөн илимдин кандидаттары менен докторлору бүтүрүшкөн.

Жаш келсе ишке

Заман талабына ылайык, колледждин жетекчиси ишке отуздан ашык жаштарды алган. Окуу жайдын, директордун бактысына алар дагы жакшы болуп чыга келишти.

– Окуу жайдын жетекчиси кыйын болуп, жамаат начар болсо ийгилик болбойт, эгерде жамаат күчтүү болсо жетекчини көтөрүп кетет. Кудайга шүгүр, жамаатыбыз менен бир кишидей иштеп келатабыз. Абдан ынтымактуубуз, — дейт директор.

Студенттерди практикага жөнөтүү үчүн педколледж облустун бардык мектептери менен келишим түзөт. 1-курста студенттер тарбия практикасын класс жетекчи менен бирдикте класстык сааттарды өтүшөт. Экинчиси – пассивдүү практика. Бир жумалык практикада студенттер байкоо жүргүзүшөт. Биринчи класска келген баланын биринчи күнү, экинчи күнү кандай өттү, ал эмнеге кызыгат экен деп күндөлүк жазышат. Анан мамлекеттик практика январь айынан башталат. Анда мыкты окугандарга райондун, шаардын мектептеринен өтүнмө келет. Ал практиканы өткөндөн кийин, албетте, жумуш орду менен камсыз кылынат. Окуу жайдын бүтүрүүчүлөрүнүн 86%ы иш менен камсыздалат.

Ата-эне менен тыгыз иштөө

Ата-энелер менен келишим түзүлгөндө баласы себепсиз 30 саат калтырса, окуудан чыгат деген пункт бар экен. Ошондуктан педколледждин студенттери бир күн да сабакты себепсиз калтырбайт. Тартип жана талап катуу экен.

– Мыкты мугалим болуш үчүн сабакты калтырбаш керек. Бизде мектептегидей эле система. Кураторлор ар бир сабакты текшерип турат. Эгерде студент сабакка келбей калса, түз эле ата-энесине телефон чалышат. Эгерде болбой эле калтыра берсе, буйрук менен окуудан чыгарылат, анын фамилиясы окуудан чыкты деп линейкада айтылат, — дейт С.Молдосанов.

Учур талабы — технология

Саламат Молдосанов Каракол педагогикалык колледжин он үч жыл ичинде кирешелүү окуу жайга айлантты. Ал колледжге директор болуп дайындалгандан бери контракт бөлүмдөрү ачылып, окуу жайдын атайын эсебине сегиз миллион сом топтогон. Жетекчинин демилгеси менен окутуучулардын эмгек акылары атайын эсептен бир топ жогорулатылган.

Жетекчи Венгрия мамлекетинин элчилиги менен түздөн-түз иштешип келет. Окуу жай жылына эки бүтүрүүчүнү Венгриянын мамлекеттик жогорку окуу жайларына билим алуу үчүн жиберүүгө сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө.

Тажрыйбалуу директордун жетекчилиги алдында билим сапатын жогорулатуу үчүн окутуучуларга, студенттерге бардык шарттар түзүлгөн.

– Он үч жылдын ичинде көп иш жасаганга жетиштим. Бардык кабинеттер интернет менен байланышкан. 40тан ашык ноутбук бар. Бул ноутбуктар дагы долбоордун негизинде келген, — дейт директор.

Мындар сырткары окуу жай «Р.Отунбаеванын демилгеси» фонду менен дагы тыгыз иштешет. Фонд бардык семинарларды, форумду окуу жайдын базасында өткөрөт. Жайында «Жайлоо бала бакчаларына» студенттер барып иштеп келишет.

– Дагы бир сыймыктанчу нерсебиз – 100 кишилик конференц-залыбыз микрофондор менен жабдылган. Жогорку Кеңештен кем эмес. Анан дагы белгилүү адамдардын өмүр таржымалы, биздин окуу жайды бүтүргөн мугалимдердин балдарынын бурчтары, Улуу Ата мекендик согуштун ардагерлери тууралуу берилген маалыматтарды камтыган музейибиз менен сыймыктанабыз. Ал жыл сайын толукталып турат, — дейт Саламат агай.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер