ТАРЫХТАН САБАК, КЕЛЕЧЕККЕ БАГЫТ: ЛИЦЕЙДЕ ТАРЫХ ЖАНА ГЕОГРАФИЯ ЖУМАЛЫГЫ
- 08.04.2026
- 0
«Сапат» эл аралык билим берүү мекемесинин филиалдарында 6–10-апрель күндөрү Тарых жана география жумалыгы өткөрүлүүдө. Бул жумалык окуучулардын тарых жана география сабактарына болгон кызыгуусун арттырууга, алган билимдерин турмуш менен байланыштырууга, ошондой эле изилдөөчүлүк жана талдоо көндүмдөрүн өнүктүрүүгө багытталган.
Жумалыктын алкагында ар кыл билим берүүчү жана тарбиялык мааниси бар иш-чаралар уюштурулуп жатат. Анын ачылышында лицей аймагын жашылдандыруу жана көрктөндүрүү максатында көчөттөр отургузулуп, айлана-чөйрөнү тазалоо, актоо иштер жүргүзүлдү.

Мындан тышкары мугалимдер жамааты үчүн интерактивдүү оюндар уюштурулуп, «Мурас» ийриминин окуучулары менен биргеликте тарыхый жайларга таанып-билүүчү саякаттар өткөрүлүүдө. Окуучулар арасында да бир катар кызыктуу жана пайдалуу сынактар уюштурулду. Алардын катарында 9-класстар арасында «1916-жылдагы улуттук боштондук көтөрүлүшкө — 110 жыл» темасындагы иш-чара, 8-класстар арасында «Кыргызстан — менин мекеним» аттуу сүрөт сынагы, «Акыл таймаш» интеллектуалдык мелдеши, «Улуу Жибек жолу» көчмө көргөзмөсү жана Кыргызстан тарыхы боюнча көргөзмөлөр бар.
Мындан тышкары 7–10-класстардын окуучулары арасында «Сен мыктысың» аттуу сынак жана улуттук оюндар да өткөрүлүп, окуучулар өз билимдерин, чыгармачылыгын жана активдүүлүгүн көрсөтүүдө. Жумалыктын соңунда бардык сынактардын жыйынтыгы чыгарылып, жеңүүчүлөргө сыйлыктар тапшырылары белгиленди.
Бул тууралуу «Муратбек Субакожоев атындагы лицей» филиалынын тарых жана география кафедрасынын башчысы Самара Мадиева билдирип, мындай иш-чаралар окуучулардын билимге болгон кызыгуусун арттырып, тарыхый аң-сезимин жана мекенчилдик сезимин бекемдөөгө чоң салым кошорун белгиледи.
Ошондой эле 7-апрель — Элдик революция күнүнө карата Нарын шаарында эскерүү иш-чарасы өткөрүлдү. Анда революцияда курман болгондордун жаркын элесине арналып тургузулган эстеликке гүлчамбар коюлуп, куран окулду.

Эскерүү иш-чарасына Президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурбек Сатаров, Нарын шаарынын мэринин орун басары Элнура Асангазы кызы, Апрель революциясынын катышуучулары, мекеме-ишкана кызматкерлери жана «Сапат» эл аралык билим берүү мекемесинин «Муратбек Субакожоев атындагы лицей» филиалынын «Мурас» ийриминин 9–10-класстарынын окуучулары катышты.
Алардын катарында Жаңыбаев Нурислам, Жеңишов Эмир, Мамбетакунов Айдар, Турсунбаев Бексултан, Зарылбеков Нурэл, Асылбеков Атай, тарых мугалими Тойчубек Сагындыков жана «Мурас» ийриминин жетекчиси Адинай Баатырбекова да бар.

Иш-чарага катышкан окуучулар тарыхый окуяларды эскерип, өлкөнүн демократиялык өнүгүүсүнө салым кошкон баатырлардын эрдигин урматтоо ар бир муундун парзы экенин белгилешти.
Курманбек Хайдаров
«Сапат» эл аралык билим берүү мекемесинин
социалдык илимдер боюнча координатору







Комментарийлер